Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Оштогу коогалаңдан кийин Кыргызстандын түштүгүнөн Орусияга кеткендердин саны көбөйгөн. Москвада жайгашкан Борбор Азиялык саясий эмигранттар коомунун жетекчиси Бахром Хамроевдин билдиришинче, алардын саны 300 миңге жетет.

Укук коргоочунун пикиринде, коогалаңдан кийин Орусияга келгендерге качкын макамы берилиши керек.

- Оштогу жана Жалал-Абаддагы окуялардан кийин Орусияга канча адам келгендиги тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Июнь окуяларынын соң Орусиянын аймагына негизинен Кыргызстандын түштүгүнөн келип жатышты. Канча адам келгендиги тууралуу так сандар жок. Биздин божомол боюнча 300 миңдин тегереги.

- Бул былтыркы окуялардан кийин алынган санбы?

- Ооба. Алардын көбү мурда деле Орусияда иштеп жүрүшкөн. Көбү Орусиянын жарандыгын алышкан, бирок үй-жайы, туугандары Ошто болчу. Ош окуяларынын кийин картаң адамдар да балдарына келип атышты. Кээ бир үй-бүлөлөр Орусиянын ар кыл региондорунда чачырап жүрүшөт.

- Оштон келгендердин агымы Орусиянын кайсы аймагында айрыкча байкалды? Бул Москва шаары болсо керек?

- Жок, Москва эмес. Бул Сибирь жана Санкт-Петербург. Санкт-Петербургда оштуктар аябай көп.

- Сиз алар менен жолугуп, маектешип жүрөсүз, аларда Ошко, Жалал-Абадга кайтайын деген ниет байкалабы?

- Жок, жакынкы арада алар Ошко барышпайт. Былтыр жай ичи Ошту таштап кетип аткан кыргызстандыктар Орусияга уюшпай, чачыранды түрдө, ар ким өзүнүн жолу менен келген. Качкын макамын сурамак түгүл басымдуу бөлүгү миграциялык кызматка кайрылбай, Орусияда мыйзамсыз да жүрүшөт.

Биз азыр ушул суроонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ош окуяларынан жабыркап, Орусияга келгендерге качкын макамы берилиши керек. Анын үстүнө кимдер келди, алар кантип жашап жатышат деген суроолорго жооп алыш керек. Ушул маалыматтарды тактоо зарыл. Алар өзбекпи же кыргызбы айырмасы жок, алар – кыргызстандыктар.

- Ош окуяларынан улам Орусияга келгендердин арасында кыргыздар барбы?

- Албетте бар. Биз алар менен да иштешебиз. Бул жакта кыргыз-өзбек мамилелери аябай жакшы. Тескерисинче, мен тааныган ондогон кыргыздар Ош окуяларынын кийин өзбектер менен чогуу элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Өзбектерге барышат, кыргыздарга барышат – бул алардын жеке жарандык демилгелери.

- Бул кандай жолугушуулар, алар кайсы жерлерде өтөт?

- Негизи мусулмандарды бириктирген жер бул – мечит. Андан тышкары кыргыз-өзбектер чогуу иштеген курулуштар, жөн эле чогулуштар болот. Бирок дагы деле бизди жараштыра ала турган күч – ислам дини. Ошто каргашалуу окуялар башталганда жалаң кыргыздар дароо Москвадагы борбордук мечитте жолугушуп, Ошко баралы, токтотолу деген демилге менен чыгышкан.

Негизи бул активдүү жигиттер аябай жакшы иштешти. Өкмөттүк структуралар жасай турган жумушту, кыйынчылыктарга карабай өздөрү жасашты. Себеби Оштон келген адамдарды Орусия кучак жайып тосуп алган жок. Тескерисинче, юридикалык, саясий басым жасоо күчөдү.

Мисалы кечээ эле Ржев шаарында Оштук студенттерди жатакандан кууп чыгышты. Расмий себеп – жатаканада өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталган эмес, балдарды сурай келсең аларга прокурор “Кыргызстандан кайсы себептерден улам кеттиңер”, “окуу үчүн акчаны кайдан алдыңар” деген суроолорду берген. Бул суроолорго алынган жоопторду колдонуп, бийликтегилер оңой эле кылмыш ишин ачып, же балдарды өлкөдөн чыгарып ийиши мүмкүн. Бул жаш балдарды Ржевге жөнөтүүгө депутаттар, улутуна карбай бардык айылдаштар жардам беришкен.

- Диндин ролун алсак, эмнеге ислам дини Оштогу окуялардын болуп кетишине жол берди? Жарашуу жараянында да активдүү ролду ойнобой жатат. Азыр диний лидерлер ошол оор күндөрү каякта эле деген суроону көптөр берип жатпайбы?

- Эмнеге ушул проблема чыкты? Мусулмандар тарабынан чынында эле демилгелер өтө аз көтөрүлдү. Алар элге кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүгү бар эле, керек болсо токтотуп да калышмак. Учурунда реакция да бере алышкан жок. Адамдар менен сүйлөшүп, бир себепти таптым: ошол күндөрү кайсы бир диний лидер элдин алдына сөз сүйлөп чыкса, кийин алар күч структуралары тарабынан “экстремизм”, “террорчулук” деген айыптар боюнча оңой куугунтукталышмак. Адамдар ушудан корккон.

- Качкын макамынын берилиши боюнча тактап өтсөм, Оштон качкандардын кимдир-бирөөсүнө ушундай макам берилдиби? Бул макам кандай учурларда берилет?

- Жок, алар азыр Орусияда эмгек мигранттары катары эле жүрүшөт. Баса белгилей кетчү жагдай, бул адамдарга кыргыз-орус бийлиги чогуу көңүл бурушу керек эле. Тескерисинче, Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан кийин Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны азайган. Орус Федерациясы, тескерисинче, тоскоолдуктарды күчөттү. Орусия укпаган, билбеген болуп келет.

- Дагы бир олуттуу жагдай: Орусияга келгендердин арасында Оштон, Жалал-Абаддан кылмышкерлер да чыгып кеткен деген ой көп айтылат, сизде бул боюнча кандай фактылар бар?

- Екатеринбургда бир нече адамга издөө салынган. Орус бийлиги кармалган өзбектерди чукул арада көп мыйзам бузуулар менен Кыргызстанга өткөрүп берген учурлар да болду. Жалпысынын 5-6 адам Новосибирск, Екатеринбург жана Санкт-Петербургдан Кыргызстанга экстрадицияланды. Мыйзам бузуулар мына ушул жаатта болуп жатат. Себеби алардын күнөөсү далилдене электе өлкөдөн чыгарып салышты. Кээ бир адамдар Ош окуялары учурунда Орусияда жүргөнүнө карабай, адам өлтүрүүгө катышкан деген күнөө менен Кыргызстанга кайтарылды.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG