Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Путиндин Бишкек сапары шайлоого байланганбы?


16-сентябрь, 2016-жыл
16-сентябрь, 2016-жыл

Орус президенти Владимир Путин ушул айдын сонунда Борбор Азияга турне жасап, Кыргызстанга келет. Бул сапарды айрым талдоочулар Кыргызстанда президенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары февралдын аягына белгиленген. Мындай маалыматты орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да тастыктаганын орусиялык сайттар жазып чыкты. Песков Владимир Путин Бишкек менен катар Тажикстанга да барууну мерчемдеп жатканын билдирген.

Кыргызстандын ири өнөктөшү болгон Орусиянын президенти буга чейин Бишкекке бир нече жолу келген. Бирок бул жолку сапарга жергиликтүү эксперттер, саясатчылар өзгөчө маани берип, айрым маалымат каражаттары өлкөдө күзүндө өтчү президенттик шайлоого байланыштырууда. Атүгүл кээ бир сайттар кыргыз бийлиги президенттикке аттанчу талапкер боюнча Путин менен кеңешерин да жазып жиберди.

Тактыга талпынгандар көп

Тактыга талпынгандар көп

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Саясий серепчи Марс Сариев мындай кептер жүйөлүү деген пикирде. Анын айтымында, Владимир Путиндин сапары учурунда сүйлөшүүлөрдүн бир багыты күзүндөгү президенттик шайлоо болушу мүмкүн:

- Албетте, бийлик өзү тандаган талапкер боюнча Кремль менен кеңешүүлөрдү өткөрөт. Анткени келечектеги президенттин Орусияга лоялдуу болушу маанилүү. Эгер Орусия ушундай адам чыгарына көзү жетсе гана көмөгүн көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми учурда шайлоодо жеңишке жетиш үчүн бийликке кошумча ресурс керек экени түшүнүктүү.

Марс Сариев учурдагы бийлик бир нече талапкерди карап жатканын, алардын ичинен бирин тандоодо орус президентинин пикири маанилүү экенин кошумчалады.

Мурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев да Орусия Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салып турганын жашырбайт:

- Албетте, сүйлөшүүлөрдө бул тема тууралуу сөз болушу мүмкүн. Анткени, биз Орусия менен ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, КМШ сыяктуу ири биримдиктерде өнөктөшбүз. Ушул көз караштан алганда бийлик кимге өтөт, ким менен сүйлөшөбүз деген маселе шериктеш болгон мамлекеттерге, Орусияга маанилүү. Алар буга аябай кызыгып жатышат. Бул алар кийлигишип жатат дегендик эмес. Бирок биздин массалык психологияда, айрыкча саясатчылар арасында “аганы” табуу деген туура эмес түшүнүк кеңири тарап кеткен.

Ошол эле учурда серепчилер мындай кептердин тарашын бийликтеги Социал-демократтар партиясы өз талапкерин аныктабаганы күчөтүп жатканын айтышууда.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партия президенттикке талапкерди убагы келгенде аныктарын билдирди. Анын айтымында, талапкерди аныктоодо партия башка күчтөрдүн кеңешине муктаж эмес:

- Биз ири партиябыз. Талапкерибизди убагы келгенде эч кимдин жардамы, көмөгү жок эле аныктайбыз. Буга кудуретибиз, дараметибиз да жетет.

Негизи парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, алардын колдоосуна ээ экенин шардана кылуу бир катар кыргыз саясатчыларына мүнөздүү көрүнүш. Жада калса, айрым талапкерлер башка өлкөлөрдүн президенттери менен сүрөткө түшүп, көрнөк-жарнакка илүү да кеңири жайылган.

Эксперт Алмазбек Акматалиев президенттикке талапкерди аныктоодо башка өлкө жетекчилери катышышы терс көрүнүш экенин айтууда:

- Азыр социалдык тармактарда, айрым гезиттерде “февралда Путин келет экен. Ошол кимди көрсөтсө ал адам президент болот экен. Баланча деген саясатчы Москвага барып, баланчанын батасын алып келиптир” деген кептер күчөп жатат. Чынын айтканда, мен Кыргызстандын жараны ушул сөздөрдү укканда мен жаран катары өзүмдү аябай жаман сезем, намыстанам. Себеби, Путин чоң фигура. Бирок ал башка мамлекеттин президенти. Эмне үчүн башка мамлекеттин президенти тандаган адамды шайлашыбыз керек? Мындай пикирлерди өзүн чоң сезген партиялардын мүчөлөрү, жетекчилери айтканда намыстанып кетем.

Конституция боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоо ноябрь айында өтөт. Учурда шайлоо өнөктүгү расмий башталбаса да, өлкө башчылыгына өзүн көрсөткөндөр четтен чыга баштады.

Өткөн жумада мурдагы премьер-министр Темир Сариев президенттик шайлоого катышарын жарыяласа, 10-февралда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке барарын билдирди. Мындан сырткары келечектеги өлкө башчысынын жарышына катышууну каалаган бир нече саясатчынын аты аталып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG