Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Татарстандагы кыргызстандыктардын шайлоо алдындагы маанайы, жалпы эле алардын ал-абалы тууралуу Казандагы кыргыздын ишкер жигиттеринин бири, “Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү” фондунун жетекчиси жана “Трудовой мигрант” гезитинин редактору Закир Сариев кеп салат.

Маекти толугу менен бул жерден уксаңыз болот.




-Татарстанда азыр болжол менен канча кыргызстандык бар жана алар көбүнчөсү кайсы жумушта?


- 2009-жылы Казанда Кыргызстандын 4 миңдей жараны бар эле. 2010-жылы болсо бул сан эки эседей көбөйдү. Себеби Ош окуясына байланыштуу Кыргызстандан сыртка чыккандардын саны өспөдүбү. Кыргызстандан чыккандардын бир тобу Казанга да барды. Ошентип азыр Татарстандын миграция комитетинин маалыматы боюнча, 7500дөй кыргыз жарандары бар. Казандагы кыргызстандыктар негизинен 3 тармакта иштейт. Биринчиси, курулуш, экинчиси соода-сатык, үчүнчү – тейлөө кызматтарында.

- Былтыр Кыргызстандан Татарстанга болгон миграция агымы кескин көбөйдү деп атасыз, быйыл кандай?

- Салыштармалуу азайды. Себеби Кыргызстанда стабилдүүлүк сезиле баштабадыбы. Баргандарды көбү кайта баштады. Эми миграция агымы өзгөрүп турган процесс да. Жайында күч алып, кышка жакын сээлдейт.

- Казанга барган кыргыздарга жумуш табуу жагы кандай?

- Эми барган адам бир кесиптин ээси болсо жумуш табуу оңой эле болот. Айрыкча курулушка иштегени баргандар бул жактан сөзсүз тиешелүү кесипке окуп барыш керек. Бизде болсо “Баланчанын баласы барып, жакшы иштеп келиптир, машине алып келиптир, мен да барам” деп эле тура калып кете беришет. Же акчасы, же кесиби жок барып аткандар да бар. Мындайлар албетте кыйынчылыкка тушугат. Башына кыйынчылык түшкөндө бизге, ошол жактагы кыргыз диаспораларына кайрылышат. Анан кыргыз болгондон кийин таштап коё албайсың да көз алдыңда турса...

- Эми алдыдагы шайлоо тууралуу кеп кылсак. Казандагы кыргыздардын шайлоо алдындагы маанайы кандай? Анын үстүнө бул жолку шайлоодо Кыргызстан тараптан Татарстанда эч кандай добуш берүү жайлары ачылбай калбадыбы...

- Туура, буга чейинки шайлоолордо добуш берүү жайлары бизде да ачылып, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болгон эле. Быйыл ачылган жок. Балким бул нерсе көп каражатты талап кылып, өзүн актабагандыктан БШК ушундай чечимге келгендир. Бул боюнча эми Казандагы кыргыздарда эки ой бар. Бирлери биз талаалап жүрсөк да барар жерибиз Кыргызстан, ошондуктан конституциялык укугубузду колдонушубуз керек эле дешсе, дагы бирлери добушканалар ачылса дагы элдин көбү барбай, өзүн актамак эмес, туура эле кылды деген ойдо. Биз өзүбүздү өзүбүз багып келатабыз, бизге шайлоонун кереги жок дегендер да бар.

- Ишеним жокпу?

- Ооба, бийликке элдин ишеними болбой жатат. Эми биздин да өз өлкөбүз, мамлекет берген конституциялык укугубуз бар. Ошол укугубузду пайдаланып шайлоого катышканга аракет кылыш керек. Өз өлкөбүздүн келечеги үчүн ар бир жаран салымын кошуу керек. Бул ар бир жарандын мамлекет алдындагы, балдарынын алдындагы милдети деп эсептейм.

- Буга чейинки уюштурулган шайлоолордо Казанда катышуу жандуу болгон эмеспи?

- Мурдагы шайлоолорду өткөрүп, элдин көп катышуусу үчүн жан үрөп жүрдүк. Бирок чынында кайдыгер болгондор да көп болду. “Акча берсеңер барабыз, болбосо мага шайлоо-пайлоонун кереги жок, мага мамлекет эмне кылып берди, мен өзүмдү өзүм багып келатам”, -дегендер да болду. Бул эмне деген сөз?

Биздин элдин психологиясы акыркы жылдары аябай өзгөрдү. Кыргызстандын бийлигине эч кандай ишеним жок. Ошондуктан бийлик биринчи кезекте өзүнө болгон ишенимди кайтаруу керек. Эл бийликке ишениш керек. Айрыкча сыртта жүргөн жарандарда бизди ойлой турган, келечегибизди камсыз кыла турган мамлекетибиз, бийлигибиз бар деген сезим болуш керек.

- Эми добуш бере албаса дагы Казандагы кыргыздарда Кыргызстандагы президенттик шайлоого кызыгуу, маалымат барбы?

- Кызыгуу албетте бар, маалыматтар менен интернеттен кабардар болуп турабыз. Анан калса күн алыс Кыргызстандагы туугандар менен телефондон байланышып, жаңылыктарды сурап турушат. Анан “Трудовой мигрант” деген гезитибиз бар. Ошол гезитке Москвадагы элчиликтен алган маалыматты бастык, анда шайлоого катышууга кайсы жерлерде мүмкүн экени, добуш берүү үчүн эмне кылуу керектиги көрсөтүлгөн.

- Орусиядагы кыргыз мигранттары укуктук жагынан, коопсуздук жагынан көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып жатканын биз жазып, айтып келатабыз. Татарстанда бул жагы кандай, мигранттарды тооруган кандай кыйынчылыктар бар?

- Орусиянын башка шаарларына караганда абал жакшыраак, аймак тынч. Башка чоң шаарлардагыдай “тазбаштар” жок (скинхед). Андайларга жергиликтүү бийликтер да жол бербейт. Мурда-кийин бирин-серин ошондой окуялар болсо керек, бирок азыр жок.

- Сиз жетектеген уюм мигранттарга кандай көмөк көрсөтөт?

-Укуктук-маалыматтык жактан көмөк көрсөтүп, бекер кеп-кеңештерди берип турабыз. Мен изилдеп көрсөм, сырттан келген мигранттардын негизинен эки эле проблемасы болот экен. Биринчиси тил билбестик, экинчиси Орусиянын мыйзамдарын билбегендик. Тил билбегенден кийин Орусиянын мыйзамдарын да окуп, түшүнө албайт да. Мыйзмды билбегендиктен айрым жарандарыбыз депортацияга да тушугуп жатат.

Татарстандын миграция кызматына мени тез-тез чакырып турат. Себеби Орусиянын мыйзамы боюнча чет элдик жаранды кармадыбы, ал тил билбесе сөзсүз тилмеч чакырышат. Ошондуктан мен котормочу катары сотторго да катышып турам. Биз ушул жагынан да жардам беребиз. Татарстанга жаңыдан келген кыргыздарга укуктук, маалыматтык жактан жардам берип, мыйзамдарды билип алуусуна көмөктөшөбүз. Жогоруда айткандай “Трудовой мигрант” деген гезитибиз бар, сайтыбыз бар (www.888999.ru). Ошол жакка мигранттар кантип каттоого турушу керектиги, эмнелерди билүүсү зарылдыгы тууралуу маалыматтарды берип турабыз.

Биздин “Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү” фонду бир гана кыргызстандык мигранттар эмес, башка өлкөлөрдөн келген мигранттар менен да иштешет. Мисалы Татарстанда Өзбекстандын 35 миңдей, Азербайжандын 16 миңдей, Тажикстандын 13-14 миңдей жараны бар. Ошолор да бизге кайрылып турушат. Бирок кыргызстандыктарга өзгөчө мамиле жасайбыз. Себеби эртең алар сотко түшүп калса, же депортация боло турган болсо дагы эле биз чуркайбыз. Ошондуктан кийин чуркагандан көрө жарандарыбызга алдын-ала жардам берүү бизге жеңилирээк болот.

- Жергиликтүү калктын кыргыз мигранттарына жасаган мамилеси кандай, кантсе да татарлар менен кыргыздар тили жакын, дини бир эл эмеспи, Орусиянын башка шаарларындагыдай басмырлоого кабылбайбы?

- Мамиле жакшы. Татарлар менен кыргыздар түбү бир эл экени сезилип турат. Тилибиз да жакын эмеспи. Айылдан келип, орус тилин билбеген кыргыз балдар деле бул жакта тил табышып, иштеп кетип жатат. Анан калса татарлар менен биздин байланышыбыз да бир топ жыл тереңде, эки кылым мурда кыргыздын алгачкы окумуштуулары да Татарстанда окушкан. XX кылымдын башында кыргыздын бир топ чыгаан инсандары да татар кыздарына үйлөнүп, куда-сөөктүк мамилебиз да бар. Бул салтты азыр да улантып, Казанда билим алып, татар кыздарына үйлөнүп, ушул жакта агарып-көгөрүп жаткан жигиттерибиз да бар.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG