Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Кыргыз самбочуларынын ийгилиги


Дүйнө чемпиондугунун күжүрмөн самбо боюнча 90 кг. салмак чениндеги байге ээлери. Сүрөттө оң тараптан биринчи Жаныбек Аматов.
Дүйнө чемпиондугунун күжүрмөн самбо боюнча 90 кг. салмак чениндеги байге ээлери. Сүрөттө оң тараптан биринчи Жаныбек Аматов.

Кыргызстандын самбо чеберлери Жапонияда өткөн дүйнө чемпиондугунда үч коло байге тагынышты. Дүйнө биринчилиги күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.

Жаныбек Аматов самбо боюнча дүйнө биринчилигиндеги таймаштарга чыгып, күжүрмөн самбо (боевое самбо) боюнча 90 кг. салмакта коло байге утуп келди. Ал мелдеш күчтүү атаандаштыкта өткөнүн, тажрыйбанын жетишсиздигинен алтын байге үчүн күч сынаша албай калганын билдирди.

- Мелдештер күчтүү атаандаштыкта өттү. Дүйнө биринчилигин бир нече жолу уткан күчтүү спортчулар арасында таймаш оңой болгон жок. Тажрыйбанын жетишсиздигинен бир беттеште утулуп, алтын байге үчүн күч сынаша албай, коло байгеге болгон таймашта жеңишти камсыздадым. Дүйнө чемпиондугуна быйылкы мелдешти кошкондо төртүнчү жолу катыштым. Буга чейин да коло байгени тагынгам. Кийинки жылы болгон дүйнө биринчилигинде чемпион болууга болгон күч-аракетимди жумшайм.

Күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээлери. Сүрөттө: (солдон оңго) Мухамметали Эргешов, Жаныбек Аматов жана Айбек Разыков. Бишкек. 1-декабрь, 2014-ж.
Күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээлери. Сүрөттө: (солдон оңго) Мухамметали Эргешов, Жаныбек Аматов жана Айбек Разыков. Бишкек. 1-декабрь, 2014-ж.

Жапониянын Нарита шаарында ноябрь айынын 21инен 23үнө чейин өткөн дүйнө чемпиондугу күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн спортчулар катышкан. Кыргызстандан бул мелдеште 14 спортчу таймашып, күжүрмөн самбо боюнча мелдештерде 52 кг. салмак ченинде Мухаметали Эргешев, 57 кг. салмак ченинде Айбек Разыков жана 90 кг. салмак ченинде Жаныбек Аматов коло байгени тагынышкан.

Ошондой эле спорттук самбодон Жаркынбай уулу Элдияр 68 кг. салмак ченинде жана 100 кг. салмакта күжүрмөн самбодон Рашид Аманкулов бешинчи орунга ээ болушкан. Мелдеш жыйынтыгында үч коло жана эки бешинчи орун менен кыргыз курамасы 82 өлкөнүн арасынан командалык эсепте алдыңкы 10 мыкты кураманын катарына кошула алышкан.

Кыргызстандын Самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев каражаттын тартыштыгынан дүйнө биринчилигине кыргыз курамасы толук курамда катыша албай калгандыгын айтты. Анын билдиришинче, эгер спорттук самбодон тогуз, күжүрмөн самбодон тогуз жана кыз-келиндер самбосунан тогуз спортчу өлкө намысын коргоого чыкса, мелдеш жыйынтыгында кыргыз самбочулары арбын байге утмак.

- Каражаттын тартыштыгынан улуттук курамага кирген спортчулардын бардыгы дүйнө чемпиондугуна катыша алган жок. Бул мелдешке алар демөөрчүлөрдүн, бир туугандарынын жардамы менен барып келишти. Мамлекет тараптан да колдоо болсо жакшы болот эле. Анткени самбо дүйнөдө өсүп бараткан спорттун түрү. Олимпиада оюндарынын катарына кошуларына аз эле калды. Бул спорттон мыкты спортчуларыбыз абдан көп. Мамлекеттик колдоо болсо, бул спорт дагы биздин мамлекетте өнүгүп, өлкө намысын коргой турган мыкты спортчуларды тарбиялоого өбөлгө түзүлмөк.

Нурлан Токоноев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине дүйнө биринчиликтеринде, Азия оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларга мамлекет тараптан стипендия чегерип берүү, Кыргызстанда өткөн спартакиадаларга кум үстүндөгү самбону мелдештердин программасына киргизүү сунушталганын кошумчалады.

Ошондой эле Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында самбо боюнча адистерди окутуу зарылдыгы айтылганы менен, бул көп жылдардан бери ишке ашпай жатканын белгиледи.

Күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугундагы таймаштардын бири. 23-ноябрь, 2014-ж. Япония. Нарита шаары. Сүрөт: sambo-fias.org
Күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугундагы таймаштардын бири. 23-ноябрь, 2014-ж. Япония. Нарита шаары. Сүрөт: sambo-fias.org

Самбо – 1930-жылдары СССРде негизделген. Мааниси - өзүн өзү коргоо. Бул бир нече жеке кармаштын түрлөрүн, салттык күрөштөрдүн ыкмаларын өзүнө камтыган спорт. Ал спорттук самбо жана күжүрмөн самбо болуп экиге бөлүнөт. Эрежелеринде да бир топ айырма бар. Күжүрмөн самбодо спорттук самбого салыштырмалуу уруп (чаап), тебүү ыкмаларынын колдонсо болот.

Күжүрмөн самбо боюнча быйылкы дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынган Айбек Разыков самбонун эки түрүндөгү айырмачылыктар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Күжүрмөн самбонун спорттук самбодон айырмасы чаап, тебүү ыкмаларынын бар болгондугунда. Мелдеш убактысы беш мүнөт. Күрөшүү ыкмалары экөөндө тең окшош эле. Бир гана күжүрмөн самбодо шлем, тишкап (капа), колкап (накладка), бутка фута кийип тизе, чыканак, кол менен чаап, бут менен тээп толук мушташса болот. Жерге жыгылып калса, уруп-согууга уруксат. Чаап, тебүүгө упай берилбейт. Ур-соккуга алып же тепкенде атаандаш кулап нокаутка түшсө төрт упай, нокдаунга түшкөн учурда эки упай берилет. Негизинен күрөшүү ыкмаларын колдонуу менен упай топтосо болот. Колун тартып же бууп койсо мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш ыйгарылат. Ошондой эле атаандашынан 12 упайга чейин арбын упай топтой алган спортчу мөөнөтүнөн мурда жеңиш ээси болсо болот. Ал эми спорттук самбодо сокку жасалбагандыгы үчүн жеңил деп айтышат. Бирок экөө тең кыйын спорт. Мен спорттук самбо менен машыгам. Мелдештерде күжүрмөн самбо менен таймашка чыгам. Анткени күжүрмөн самбо менен машыксаң жаракатты көп аласың.

IV кум үстүндөгү Азия оюндарынын самбо боюнча 68 кг.салмактагы байге ээлери. Артур Те сол тараптан биринчи. 12-ноябрь, 2014-ж. Пхукет. Таиланд.
IV кум үстүндөгү Азия оюндарынын самбо боюнча 68 кг.салмактагы байге ээлери. Артур Те сол тараптан биринчи. 12-ноябрь, 2014-ж. Пхукет. Таиланд.

Кыргызстандык самбо чеберлери үчүн быйылкы 2014-жыл ийгиликтүү болду. Бул дүйнө чемпиондугуна чейин эле Таиланддын Пхукет шаарында өткөн IV кум үстүндөгү Азия оюндарында (12-ноябрь) кум үстүндөгү самбодон Артур Те 68 кг. салмакта күмүш байгени тагынган.

Ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде (27-октябрь) 35 жаштан 39 жашка чейинкилер арасында Мидин Арыкпаев 82 кг. салмакта таймашып, алтын байгени жеңип алган эле.

Октябрь айында Сеулда өткөн уландар арасындагы дүйнө биринчилигинде Дөөлөт Садыркулов менен Жамалбек Асылбек уулу коло байгени тагынса, жаштар арасында Тилек Аманкулов 48 кг. салмакта дүйнө чемпиону болду.

Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда (24-28-июнь) Орозбек Автандил уулу менен Максат Мусабеков күжүрмөн самбодон алтын байге тагынышкан. Андан сырткары Азия биринчилигинде ар кандай жаш куракта кыргыз спортчулары 28 медал утуп кайтышкан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG