Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

“Бишкек Паркта” бомба бар деген айым кармалды


“Бишкек Парк” соода борборунда бомба коюлуп, террордук акт пландалып жатканын айткан айым бүгүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Коопсуздук комитетинин билдиришинче, 1969-жылы төрөлгөн Н.Конокбаева “Бишкек Паркта” иштеген жолдошу айлыгын алалбай жатканын айткан. Соода борборунун коопсуздук кызматынын жетекчилигине ушундай жол менен таасир этүүнү көздөгөн. Анын жолдошу коопсуздук кызматкери болуп иштейт.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине (Террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Кечээ түштөн кийин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөө телефондон аталган соода борборунда жардыруучу зат коюлганын айткан. Күч органдарынын кызматкерлери ал жерден эч нерсе тапкан жок. (AKu)

XS
SM
MD
LG