Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Жергиликтүү сейсмологдор бир топ убактан бери эле Кыргызстанда күчү 5-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымалдыгын кулак кагыш кылып келет. Мындай шартта айылдардагы, айрыкча Бишкектин жака-белиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей, кулап калышы мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө.

Ушул жылдын апрель айынын башында Нарында күчү 6 баллдык жер титирөө катталып, ондогон үйлөр жашаганга жараксыз абалга келди. 2008-жылда 8 баллдык жер титрөөдөн Нура айылы тып-тыйпыл кыйрап, 75 адам о дүйнө салганы элдин эсинен дале кете элек. Кыргызстан дагы бир ушундай жер титирөөнү көтөрө алабы?Даярдыгыбыз кандай?

Санааркаткан саман үйлөр

Бишкектен көп алыс эмес Калыс-Ордо жаңы конушу 2004-жылы жер басып алуудан кийин пайда болгон. Шаардагы чоң конуштардын бири. Калыс-Ордодо жашоочулардын саны болжол менен миң түтүндөн ашат. Жайында жумушка келгендер болуп 3000 миңге жетип барат дешет жашоочулар.

Көз чаптырып караганда үйлөрдүн көбү көп чоң эмес, орто анан чакан үйлөр. Көбү ылайдан курулган. Курулуш иштери жарымына келип, токтоп тургандары да арбын. Алардын көбү жаандан эзилип калган. Айрымдары ээлеп алган жерине курулуш иштерин 1-2 жылда баштабаса, жерди кайра тарттырып жиберебиз деп коркушкан. Ошентип колдо болгон курулуш материалдар менен салынып калган тамдар арбын экенин жаңы конуштуктар өздөрү деле белгилешет.

Калыс-Ордонун Улан Исаев деген тургуну өзү жашаган конуштун көбү 5-6 баллдык жер силкинүүгө чыдабай турганын белгилөөдө.





Калыс-Ордодо чоң жолго жакын үйлөр бир топ. Арасында жер силкингенде эмес, жолду таптоо маалында да жарака кетип калган үйлөр болуптур. Чоң жолдон үч метрдей алыс курулган үйдүн кожоюну Алтын Алиевди кепке тарттым.





Кыргызстандагы соңку жер титирөөлөрдү калысордолук окуучулар, наристелер да байкаптыр. Борбор калаанын айланасында 46 жаңы конуш бар. Конуштардагы кырдаал дээрилик окшош. Курулуштардын көпчүлүгүнүн сапаты начар. Алардын 80 пайызы сокмо үйлөр. Эгерде жер силкине турган болсо, ошол жаңы конуштагы тамдар кулап калбайт деген кепилдик жок. Адистер болсо Бишкектин тегерегиндеги үйлөрдүн 60-70% 5-8 баллдык жер титирөөнү көтөрө албай турганын айтышууда.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Төлөбай Кеңешов жер титирөөгө чыдамдуу үйлөрдү кантип куруш керек экенине токтолду:
Төлөбай Кеңешов

- Зилзала кесепетинен сактаныш үчүн бир кабат болобу, көп кабат болобу бардык имараттар атайын долбоор менен курулуш керек. Топурак, чийки кыш менен, эч кандай сейсмикалык стойка, каллонна же ригель жасабай жөн эле дубалды көтөрүп, устундарды, шыптарды койсо ал эч кандай күчкө туруштук бере албайт.

- Сиз жаңы конуштардагы, айылдардагы үйлөрдүн көбү жер титирөөгө туруштук бере албайт деп айтылып жатат. Эми аларды сактап калыш үчүн, жер титиреген шартта кулап, адам өмүрүнө кооптуу болбош үчүн эмне иштерди жасаш керек? Эл эмне кылыш керек?

- Мындай пикирлерге толугу менен кошулам. Көпчүлүгүнүн долбоору жок. Самандан салынган. Анан туруштук бере алат деп кепилдигин ала албайбыз. Аларды бузуп кайрадан куруш керек. Чындыкты айткандан баарыбыз коркуп атабыз. Бул жерде кесиптин ээлери эмес, ошол үйдө жашап аткандар жооп бериш керек. Ошондуктан үйдү долбоорго карап куруп, анда эмне көрсөтүлсө ошого жараша материал тандоо зарыл.

Сейсмология институтунун директору Канат Абдракматов Бишкектин жогору тарабы менен Чүйдүн айрым аймактарынан өткөн жарака да учурда коркунучтуу болуп турганын айтып келет. Мен Канат мырзадан ошол жарака турган аймакты көрсөтүп берүүсүн өтүндүм. Абдракматов бул жерлер толук иликтенип, ошого жараша жумуш жасалышы керектигин белгилөөдө.





Март айынын башында миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен Жапониядагы зилзала, аны менен кошо келген цунаминин кесепеттерин кыргызстандыктар теледен гана көрүп, кайгырып турушат. Ошондон улам да болсо керек, Кыргызстандагы сейсмикалык кырдаал кандай болот деп кооптонгондор арбын болууда. Анын үстүнө соңку убактарда Кыргызстанда жер титирөөнүн көбүрөөк болуп атышы да жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырып жаткан шекилдүү. Алсак, март айында эле күчү 3-5 баллга жеткен төрт жер сикинүү катталыптыр (14-18-24-25-март күндөрү). Ал эми апрель айында Нарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн ондогон үйлөр жашаганга жараксыз акыбалга келди.
Канат Абдрахматов

Абдракматовдун айтымында, Кыргызстан үчүн 2008-жыл менен 2025-жылдар аралыгы жер силкинүү ыктымалдыгы жогору деп эсептелет.

- Биздин божомол боюнча, ушул жылдар аралыгында биздин жерге, Кыргызстанга төртүнчү толкун келди. Эгерде мурдагы маалыматтарга таянсак, жер силкинүү 5 баллдан 8 баллга чейин болушу мүмкүн.

Жергиликтүү жана Германия, Италия сейсмологдору биригип ушул жылдын январь айында өздөрүнүн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялашкан. Анда Бишкек шаарында он баллдык жер титирөө болсо, кесепеттери кандай болушу мүмкүн экени иликтенген. Ошондой шартта 93 миң 400дөн ашуун адам ар кандай жаракат алып, 16,5 миң адам каза болушу ыктымалдыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле 22 миңден ашуун имараттар толугу менен урап калышы мүмкүн экени айтылган. Биз сөз кылган иликтөөчү топтун катарында кыргызстандык сейсмологдордон Абдракматов да кирген.
Калыс-Ордо конушу

Окумуштуулардын божомолунда, Бишкек шаарында, деги эле Кыргызстанда 10 баллдык зилзала болот деген алдын ала маалыматтар жок. Анткен менен тарых ар бир 200-300 жылда ири жер титирөө болоорун көрсөтүүдө. Буга чейин Кыргызстанда ири жер титирөө 1475-жылы Токмокто 9-10 баллдык жер силкинип, Баласагын шаары кыйрап калган. Ошондо Бурана тарыхый эстелиги гана калган дешет. Андан кийин 1770-жылы Чүйдө, 1885-жылы Сокулуктун Белогорка аймагында жер титиреп, 500гө чукул адам каза болгон.

Жер титирөө болорун так аныкташ үчүн бир канча статистикалар керек экен. Бирок андай маалымат кыргызстандык сейсмологдордо жок.

Кыргызстан картасын алып караганда, зилзала көп катталган аймак делип Баткен менен Ош облусу эсептелет. Мисалы, Кыргызстанда бир жылда үч миңден ашуун жер титирөө катталса анын 80% ушул аймактарда болот. Сейсмологдор белгилеп аткан 2008-жыл менен 2025-жылдар арасындагы зилзала болуу ыктымалдыгы жогору аймактарга Алай менен Чүй өрөөнү, Кемин кошулган.

7-8 баллдык жер титирөө эмнеге алып келиши мүмкүн?

Жакынкы эле жылдарды алалы. Маселен 2006-жылы декабрдын соңунда Кочкордо күчү 7 баллга жеткен жер титиреп, 458 үй жашоого таптакыр жараксыз болуп, жүздөгөн үйлөрдөн жарака кеткен. Бактыга жараша, кырсык адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.
Калыс-Ордо конушу

Ал эми 2007-жылы Баткенде дал ушундай эле зилзала болуп, аймак жашоочулары андан анчейин жабыркашкан эмес. 1977-жылы Баткенде катуу жер титирөө болуп, ошондо сынч үйлөр гана калып, көбүнчө урма, сокмо дубалдар менен салынган үйлөр урап калган экен. Ошондон кийин элдер жыгач каркас, же сынч үйлөрдү кура баштаган.

2008-жылы 5-октябрда Алайдын Нура айлында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл тыптыйпыл кулап калган.

- Тилекке каршы, жер титирөө качан, кайсы убакта болоорун биз билбейбиз. Биздин божомолдор боюнча Чүйдө 9 балл, Ошто жана Алайда 9 балл болушу мүмкүн. Биз болот деп айтып аткан жокпуз, болушу мүмкүн деп айтып атабыз. - дейт Абдракматов.

Көп кабаттуу үйлөрдүн акыбалы кандай?

Бишкек шаардык мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын жетекчи орун басары Эсенжан Бекбоев шаардагы көп кабаттуу үйлөр толук көзөмөл алдында куруларын айтат.

- Долбоордо кандай чийилсе, кандай эсептелсе ошого көзөмөл кылабыз. Андан ары же бери жылып кетиш деген жок. Маселен долбоордо кандай мык, кандай арматура белгиленсе ошол колдонулуш керек. Негизи шаардагы үйлөр 7-8 баллга эсептелет.

- Сиз Бишкектеги үйлөр жер титирөөгө туруштук бере алат деп кепилдик бере аласызбы?

- Ай сайын эле жер титиреп атпайбы. Бир жерде бир нерсе болуптур дегенди уктуңуздарбы. Кепилдик бар да.

Анктен менен Бекбоев шаардагы бир топ көп кабатуу тамдардын эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү эбак бүткөндүгүн белгилөөдө.

- Эски үйлөр деле туруп атат. Бирок чынын айтканда курулуштун материалдарына жараша. Шаардагы көп тамдар убактысынан өтүп кеткен. Турмуш-шартка карап эле жашап келатабыз да. Ошолор коркунуч алып келет. “Сталинка” деп коёт аларды капкачан эле бузуп ташташ керек эле.



Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сейсмолог, окумуштуулардын божомолдорунан улам азыр мектептерде, айрым айылдарда окууларды өткөрүүдө. Анда жер титирөөдөн кантип сактануу жолдору окутулуп атыптыр. Министрликтин окуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткарып аткан Чынара Жумакадырова эгер жер титирөө уктап жаткан учурда болсо,ызы-чуу (паника) түшпөй, адам психологиялык жактан өзүн кармоо керектигин айтат.



- Эгер машинада кетип баратканда жер силкинсе ачык жерде туруп, машинанын эшигин ачып коюш керек. Машинадан түшпөш керек. Тунель, көпүрөлөрдөн алысыраак туруу сунушталат. Көп жер титирөөлөр түндө же таңга жуук болот. Ошондо деле уктоочу бөлмөнү пландаган жакшы. Мисалы кулап кете турган эмеректен, терезеден алыс жатыш керек. Ошондой эле терезелерге сөзсүз парда илүү сунушталат. Жер титирөөнүн биринчи толкуну башталгандан 15-20 секкундун ичинде сыртка, электр зымдары түшпөй, дарактар кулабай турган ачык жерге чуркап чыгыш керек. Эгер көп кабаттуу үйдө жашагандар болсо, негизги жана балкондун эшигинин алдына, негизги бурчтарга туруш керек. Жер титиреп аткан маалда балконго, тепкичке чыгуу жана лифтке түшкөнгө болбойт.
Чынара Жумакадырова

- Ушундай шартта үстөлдөрдүн астына кирип кетүү сунушталчу эле?

- Мурдагы учурда үстөлдөрдун материалын карап ошого жараша айтылчу. Азыр андай бышык материалдан үстөлдөр жокко эсе. Ошондуктан биз бул сунушту айтпай калдык. Анктени өзү сынайын деп, араң турган үстөл адамга кайра зыян алып келиши ыктымал.

Сейсмолог-окумуштуулардын алдын ала божомолунда, жер титирөө Кыргызстандын ушул аймагында, ушул саатта, ушунча балл болот деген маалыматтар жок. Канткен менен коопсуздук үчүн бекем үй, курулуш куруу ашык баш болбой турганын өткөн окуялар далилдеди көрүнөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG