Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Экс-депутат куралдуу топту уюштурганбы?


Максат Кунакунов
Максат Кунакунов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп кармалды.

Атайын кызмат ал “Ак-жол” партиясынан депутат болгонун гана маалымдап, атын ачык атай элек. Күч түзүмдөрдөгү ишенимдүү булактар кармалган адам экс-депутат Максат Кунакунов экенин тастыктады.

Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген экс-депутат бүгүн таңкы саат төрттө “Манас” аба майданынан кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлүнүн билдиришинче, ал куралдуу топту каржылап турганы аныкталды:

- Эл аралык террорчул “Ислам мамлекети” уюмунун 16-июлда жок кылынган жашыруун тобунун согушкерлери кармалган адам менен тыгыз байланышта болуп жүргөнү аныкталды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү Тариэл Жумагулов аркылуу террорчул топту акча жана курал-жарак менен камсыздап турган. Тактап айтканда “Калашников” үлгүсүндөгү эки автомат берген.

Оперативдүү маалымат боюнча, кармалган мурдагы депутат куралдуу топту банктарды жана айрым бир адамдарды карактоого шыкактап жаткан. Атайын кызмат Жогорку Кеңештин экс-депутатынын кармалышы тууралуу мындан башка маалымат бере элек. Кунакуновдун жакындары жана жактоочулары да азырынча үн катпай турат. Бул окуя коомчулукта талкууну, түрдүү суроолорду, күдүк ойлорду жаратты.

16-июлдагы атайын операциядан кийин
16-июлдагы атайын операциядан кийин

Кармалды делген Максат Кунакунов колунда бар, аты элге таанымал үй-бүлөдөн чыккан. Ал 2007-2010-жылдары “Ак-жол” партиясынан эң жаш депутат болгон. Ага чейин, 2005-жылы “Либералдуу-прогрессивдүү жаштар” партиясын түптөгөн.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин эки-үч жылдай көмүскөдө жүргөн. Анын аты 2014-жылы “Жаштар өкмөтү” кыймылын түзүп, Бишкекте курултай өткөрүп, бийликти кескин айыптап чыкканда угулган.

Аталган кыймылдын лидерлеринин бири, журналист Дайыр Орунбеков Кунакуновдун камалганына таң калып турганын айтты:

- Максат Кунакуновдун кармалышы тууралуу тааныштардан уктум. Шектүү бирөөлөр менен байланышып, радикалдашып кеткени тууралуу маалыматым жок. Мурдатан бери эле намаз окучу. Жума намазга баргандардын баары эле террорчул дегенден алысмын. Максат тууралуу угарым менен аны тааныгандарга чалсам кармалганын тастыкташты.

"Куралдуу күчтү бекемдейбиз"

Ушул тушта Бишкекте атайын операцияларда жок кылынган куралдуу топ боюнча талкуулар токтой элек. Эксперт Кайрат Осмоналиев уюшма кылмыш топтор менен эл аралык террорчул уюмдардын бириге башташын опурталдуу көрүнүш деп сыпаттады.

- Мисалы, ошол топтун ана башы Амиров абактан качып кеткенде, уюшма кылмыш топтор аны калкалап, кылмыштуу иш-аракеттерди жасаганга шыкактаган. Кармалган депутат Максат Кунакунов да аларды калкалаганга жардам берсе керек. Мындан улам бизде криминалды, тероррчуларды калкалаган азыркы жана мурунку саясатчылар бар экен деп тыянак чыгарууга болот. Алардын башкы максаты өлкөнү олку-солку кылуу болгон. Эл аралык террорчул уюмдардын Кыргызстанда айрым бир азыркы жана мурунку саясатчылар тарабынан колдоого ээ экени анык болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу топко каршы атайын операция тууралуу 20-июлда "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун ордуна ачылган Улуттук гвардиянын атайын бөлүгүнө барганда сөз кылды. Кыргызстанга чакан, бирок шамдагай аскерлер керек экенин эскертти:

- Биздин армия чакан болсо да күчтүү, ар бир жоонун мизин кайтара турган, тумшугун талкалай турган куралдуу күчтөр болуш керек. Бир канча күн мурун террорчул топту талкалап, төрт жигитибиз жарадар болду. Куралчан экенин билишсе да коркпостон кирип барышкан. Ошол террористтерди жок кылбасак эртеси Ала-Тоо аянтында айт намазда жүздөгөн киши өлмөк. Булар өздөрүн мусулманбыз деген менен булар исламдын, мусулмандардын душмандары.

Атайын бөлүктө өткөн азем
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, террорчул топко тиешеси бар деп шектелгендери аныктап, кармоо операциясы дагы деле уланып жатат.

16-июлда Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Окко учкандардын арасында ошол топтун ана башы делген, Казакстанда жана Кыргызстанда казак жараны Жанбулат Амиров, “Тоха” деген каймана ат менен таанымал уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү Тариэл Жумагулов бар. Атайын операция маалында колго түшкөн жети адамдын тек-жайы тууралуу атайын кызмат азырынча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG