Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Миграция кызматы: ЕАЭБ өлкөлөрү биримдиктин нормаларын бузууда


Биримдикке мүчө өлкөлөрдө медициналык камсыздоосу жок иштеп жүргөн кыргызстандыктарга жаза айып салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы маалымдап, муну менен айрым өлкөлөр биримдиктин орток нормаларын бузуп жатканын эскертүүдө. Маалыматта айтылгандай, орток мыйзамдарга ылайык, биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келген мигранттарга социалдык жана медициналык камсыздоо аларды кабыл алуучу өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей шартта жүргүзүлүүгө тийиш.

Бирок айрым бир өлкөлөрдө кыргызстандык мигранттар медициналык камсыздоого ээ болбогону үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, жаза айып салынган учурлар бар деп белгилейт миграция кызматы.

Ошол эле учурда кайсы өлкөдө экени так айтылган эмес. Мамлекеттик миграция кызматы мындай укугу бузулган мекендештерди жазуу түрүндө арыз берип кайрылууга чакырган. Бул өз кезегинде жаза айып салуу жана депортациялоо тууралуу мыйзамсыз чыгарылган чечимдерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деп маалымдайт миграция кызматы.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашуун, ал эми Казакстанда 100 миң чамалуу кыргызстандык иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG