Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” коопсуздук жагдайларына байланыштуу кеп салып берди.

Июнь окуясынан кийин террорчулар, экстремисттер, уюшкан кылмышкерлер жандана баштады

“Азаттык”:
Оболу соңку жардыруулар, жардыруу аракеттери тууралуу сүйлөшсөк. Айрым талдоочулар муну чоң экстремисттик-террористтик күчтөр уюштурбайт эле, алар Спорт сарайынын жанындагыга окшоп чуңкурга салып кетпейт эле деп жатышат. Сиз буга кандай баа бересиз?
Спорт сарайынын жанындагы жардыруу болгон жер. Бишкек, 2010-жылдын 30-ноябры.

Мелис Турганбаев: Апрель, июнь окуяларынан кийин күч органдары деморализация болду, алсызданды дешип көп күчтөр, мисалы террористтер, диний экстремисттер, улутчул экстремисттер, андан сырткары уюшкан кылмышкерлердин баардыгы активдеше баштады. Учурдан пайдаланып баш аламандык кылып, өздөрүнүн максаттарына жетели деп көп иштерди жасай башташты. Кечээки Спорт сарайдын капталына, андан кийин шаардык милициянын жанына койгон себеби - милиция кызматкерлерин коркутуп-үркүткүлөрү келишти. "Анча-мынча башаламандык уюштурсак, күтүүсүз нерселерди кылсак, өзүбүздүн ишибизди жасайбыз”, деген негизде кыймылдашты.
...жумушсуз жүргөн айрым жаш балдарды Пакистанга, же Сауд Арапстанга алып кетишип, ошол жерден бөлөк жакка жиберишип, балдарды даярдап, топ-топ кылып жиберип жатышат...

“Азаттык”: Сиз муну эмне менен тастыктай аласыз?

Мелис Турганбаев: Жай айларында эле бизде, атайын кызматта ушундай даярдалып жатат деген оперативдик маалыматтар көп болчу. 1999-2000-2001-жылдардан бери эле Өзбекстанда көп террористтик уюмдар, мисалы Өзбекстан ислам кыймылы пайда болуп, бизде жумушсуз жүргөн айрым жаш балдарды Пакистанга, же Сауд Арапстанга алып кетишип, ошол жерден бөлөк жакка жиберишип, балдарды даярдап топ-топ кылып жиберип жатышат.
Оштун Мажүрүм-Тал аймагындагы жардыруу болгон жер, 2010-жылдын 29-ноябры.

Жайында түштүктө болгон окуяларга ушулардын да тиешеси бар. Араң турган элди булар да келип түрткүлөштү. Өзүңүздөр билесиздер, мына жакында эле биздин жана УКМКнын кызматкерлери Ошто мечиттин имамын кармарда өзүн-өзү жардырып жиберди. Ошол жердеги борбордук мечиттердин биринин имамы террорист болуп чыгып атат. Мунун баары ушул убакка чейин бул жакка жакшы көңүл бурбаганыбыздан улам болуп жатат. Мына түштүктө ондон ашуун мечиттин кызматкерин бошотту. Ошолордун баары сиңишип кеткен. Алардын баары мезгилден пайдаланып, жаныгындай иштерди жасай баштады.

Спорт сарайындагы жардырууну көптөрү бөлөк күчтөр жасаган деп айтып жатышат. Ошол жерде Кыргызстандагы эң чоң саясий жараян болуп жаткан эле. Ал жерде апрель окуясына күнөөлөнгөндөр отурушат. Жабыркагандардын туугандары бар. Ошол жерден баштайбыз деп максаттуу түрдө жасашкан. Себеби ал жерге көп эл чогулуп атат. Ал жер катуу кайтарууга алынган. Эми карабайсыздарбы, убактысынан бери коюшкан. Кудайдын парманы менен сот ары жылдырылып калган үчүн курмандык болгон жок.
Жаныш Бакиев Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араларда жашырынып жүргөнү, Ошко, Жалал-Абадга, Бишкекке чейин келип кеткени тууралуу маалыматтар бизде бар.

Жаныш Бакиев Бишкекке чейин келип кеткенби?

“Азаттык”: Сиз бул жардырууга мурунку бийликтин тиешеси бар дегендей айтып жатасыз. Сизде муну тастыктаган фактылар барбы?

Мелис Турганбаев: Мурунку президенттин инилери, туугандары укук коргоо органдарында иштешкен. Жаныш Бакиев Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араларда жашырынып жүргөнү жөнүндө атайын кызматта да, бизде дагы маалыматтар көп. Жай айында, күзүндө, мына акыркы күнгө чейинки маалымат бар. Ачык айтканда, Ошко, Жалал-Абадга, Бишкекке чейин келип кеткен деген маалыматтар бизде бар. Биз баарын ыкчам түрдө артынан түшүп көзөмөлгө алып жатабыз. Бирок кармаганга бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгүбүз кичине болбой жатат.
Жаныш Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 12-апрели.

“Азаттык”: Мүмкүнчүлүктүн болбой жатышы эмнеден көз каранды болуп жатат? Кандай тоскоолдуктар бар, же сиздерге жолтоо болбо, тийбе деп айтып жаткандар болуп жатабы? Жаныш Бакиевди колдоп, коргогондор Ак үйдө да отурат деп да атышат.

Мелис Турганбаев: Мен эми бул күнөөлүү болуп жатат деп колунан кармап албагандан кийин айта албайм. Ал жөнүндө да ар кандай маалыматтарыбыз бар. Бул жаатта деле иштеп жатабыз. Бирок буларды кармаш үчүн аябай чоң күч керек. Каражат керек. Булар укук коргоо органдарында тажрыйбалуу кызматкерлерден болуп жүргөн да. Биздин кандай ыкмаларыбыз бар экенин билет. Анан өзүңүздөр билесиздер каражат маселеси. Буларда акча көп. Акча менен каалаган нерсени сатып алса, каалаган иштерди жасаса болот. Ар кандай маалыматтарды алып, кишилерди жөнөтүп билдирип коюп жатат. Ар кандай ушул сыяктуу себептер менен биз бүгүнкү күнгө жакыныраак барганга да мүмкүнчүлүк болбой жатат. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Бирок булардын артынан издөө аябай катуу жүрүп жатат. Себеби 7-апрелде жанагынча адам каза болгондон кийин мыйзам чегинде, эл алдында, мамлекетибиздин алдында жазага тартканга биз кызыкдарбыз. Антпесек болбойт. Мен бир нерсени айтып кетейин: биз буларды кармап келип, жоопко тартып баарын орду-ордуна коймоюнча мамлекетибизде тынчылык деле болушунан кээде күмөн санайм. Анткени булар азыр деле саясий жактан деле, башка жактан деле тоскоол кылып жатышат.

Азыр жаңы парламент, жаңы өкмөт келди. Алар жакшы отуруп, жакшы иштейм десе деле тоскоолдук кыла беришет.

“Азаттык”: Сиз Жаныш Бакиев тууралуу ИИМде да, атайын кызматта да маалымат бер дедиңиз. Аны кармоодо атайын кызмат менен бирге иштеп жатасыздарбы, же өз-өзүнчөбү?

Мелис Турганбаев: Башынан эле бирге иштеп келгенбиз. Мына акыркы Ошто кармалган, анан Бишкекте кармалган кишилер боюнча, акыркы жардыруулар боюнча биздин кызматкерлер менен УКМКнын кызматкерлери биригип, күнү-түнү иш жүргүзүп жатабыз.

Июнь тополоңу алдын ала даярдалган

“Азаттык”: Эми июнь коогасы тууралуу маектешсек. Мына жарым жылдан ашып калды. Ал кезде чынында көп нерсени айтуу мүмкүн эмес эле. Жакында эле укук коргоочулар, канча адам өлгөнүн, улутунан бери айтып салышты. Ушул окуялар тууралуу азыр эмне айта аласыз?

Мелис Турганбаев: 10-июнда, тактап айтканда 9-июнда кечинде иш сапар менен Ошко баргам. ИИМдин өздүк курамын чогултуп, жыйын өткөрүп ошол түнү кечинде, болжол менен саат 11лерде мага чалышты, мен мейманканада элем. Эртеси Жалал-Абадга кетмек элем. Мына ошол түнү биз чыктык. Өзүм ошол жерде эң биринчилерден болуп Ош облусунун өздүк курамы, шаардын өздүк курамы менен күнү-түнү жаатташкан эки тарапты бири-бирине жакындатпай турдук.
Оштогу коогалуу күндөр, 12-июнь, 2010.

Бул окуянын башталышы мындай болгон: бир кичинекей эле нерседен башталган, казино ойногон жерден акчасын уттуруп койгондор балдар менен келип уруша кетишкен. Ошол жердеги күбөлөрдүн айтымында, жарым сааттын ичинде бир жарым, эки миңге чукул киши чогулган, колдорунда куралдары болгон. Ош шаарынын милиция башчысы өздүк курамы менен ошол жерде турду. Мылтыктар менен асманды аткылап ошол жерде турушту. Биздин “балдар койгула, куралыңарды таштагыла, тарагыла”, деген буйруктардын бирөөсүнө да баш беришкен жок.

Ошол жерден үч машинаны, бир май куючу жайды, анын бир кафе, же дүкөндү өрттөп жиберишти. Мында да биз ошол жерден бир да ок аткан жокпуз. Тескерисинче бизге таш ыргытып аттышты. Ошондо облустук ички иштер башкармалгынын жетекчисинин орун басарына таш тийди. Чогулгандардын арасынан бирөө чыга калып, бычак менен коркутуп саям дегенде, ал бала шамдагайлык кылып буйтап, колун бурап ал жерден чыгып кетти.
Ош окуясы мурдатан атайын даярдалып жасалган нерсе. Карапайым эл, өзбек туугандар да, кыргыздар да билген эмес. Муну бирөөлөр мурунтан даярдап, баштап, карапайым элди кошуп кеткен.

Биз анан түн ичинде аскердик БТРлерди чакырганбыз. Себеби ошол жерде Ош университетинин жатаканасы бар экен. Бизге ал жерде 800дөн ашык жаш улан-кыздар жатат, азыр барып ал жерди курчап алып балдардын баарын барымтага алып, өлтүрөт, же дагы башка жаман иштерди жасаганы жатышат деген маалымат келди. Эгерде биз, милиция кызматкерлери ал иштердин болушуна жол бергенибизде, менимче бүгүнкү күнгө чейин ал тополоңду токтото алмак эмеспиз. Мындан да чоң жаман иш болмок.

Ошол жерден командир “холостой” огу бар эки БТР менен келди. Асманды көздөй атып чогулгандарды ары, “Алай” мейманканасынан ары көздөй сүрүп барып, атайын күзөттүн балдары кирип, ошол жерден 800дөн ашык улан-кызды бошотуп чыкты, шаардык мэриянын короосундагы клубга таң атканча коюп, эртеси үй-үйлөрүнө кетирдик.
Оштун бир көчөсүндөгү SOS деген жазуу, 20-июль, 2010

Мен ачык эле айткам, бая күнү комиссияда да айттым: бул мурдатан атайын даярдалып жасалган нерсе. Карапайым эл, өзбек туугандар да, кыргыздар да билген эмес. Муну бирөөлөр мурунтан даярдап, баштап, карапайым элди кошуп кеткен. Булардын артында диний экстремисттик агымдар, улутчул экстермисттер да турушат.

Мен өзүм Жалал-Абатта болдум. Ал жакта өзбек жарандары жашаган ар бир жерге, жолдорго “SOS” деп мурдатан жазып коюшкан. Менимче, мындай аскердик көз караштан алып караганда, абадан да сокку болмок. Мен дагы тактап айтайын, бул атайын даярдалып жасалган нерсе болуп жатат. Мен Жалал-Абатта кийин 40 күндөй болуп, эки карапайым элди тең аралап жүрдүм. Алардын баары урушуп, бири-бирин куугунтукка алуунун кажети деле жок деп айтып жатат. Эл кылымдар бою бирге жашап, куда-сөөк болуп калган.

Кылмышкерлердин улуту жок

“Азаттык”: Азыр айрым укук коргоочулар түштүк тополоңу боюнча кармалгандардын көбү өзбек тектүүлөр деп айтып жатышат. Мындай дооматтарга негиз барбы?

Кылмышкерлерди биз өзбек-кыргыз деп бөлгөн жокпуз, бөлгөнгө акыбыз да жок. Алар Кыргызстандын жарандары.

Мелис Турганбаев: Ар бир нерсени айткандан кийин анын далили болушу керек. Бизге, укук коргоо кызматкерлерине кылмышкердин улутунун айырмасы жок. Мына укук коргоочулар кыргыздар азыраак кармалды деп айтып жатышпайбы. Биз кылмышкерлерди бөлбөйбүз да. Мисалы Жалал-Абадда бүт оор кылмыштар, анын ичинде Санпа, айланпада болгон оор кылмыштар боюнча адамдар кармалды. Аларды биз өзбек-кыргыз деп бөлгөн жокпуз, бөлгөнгө акыбыз да жок. Алар Кыргызстандын жарандары.

Тескерисинче, азыр укук коргоочуларга эки элдин арасында нааразы болгондор бар. Мен эл аралап жүргөндө кыргыз-өзбек аксакалдары “биз жаңы эле кан жутуп, эми жакшы ымалага келип атсак, булар чыга калып эле элди экиге бөлгөн маалыматтарды таратышып, маалымат каражаттардын баарына айтып, тынчып калган элди козгоп атат”, деген пикирлерди уктум.

“Азаттык”: Азыр “каралар” деген түшүнүк бар экен. Сиз 2006-жылдары “караларды” жоём дегендей айттыңыз эле. Эмне себептен азыр Кыргызстанда уюшкан кылмышкерлерге бөгөт коюулбай жатат. Алар алтүгүл саясатка чейин аралашып кеткен деп айтылып жатат.
Июнь окуясы боюнча айыпталгандар сот залында. Ош, 2010-жылдын 15-декабры.

Мелис Турганбаев: 2006-жыл эмес, мурдатан бери эле оперативдик кылмыш кызматында иштегендиктен булар менен күрөшүп келдим. 2005-жылы марттагы ыңкылаптан кийин буйрутма кылмыштар көп болду. Биз уюшкан кылмышкерлерди ооздуктоо боюнча 2008-жылы мыйзам жазганбыз. Көп мамлекеттер менен, мисалы Орусия менен, Балтика өлкөлөрү менен тажрыйба алмашуулар болгон. Балтика мамлекеттеринде жасалган иштер бизге жагып, биздин балдар ал жакка барып келишкен.

Ошол кезде 2006-жылдын аягы, 2007-жылдын башында мен ИИМдин уюшулган кылмышка каршы башкы башкармалыктын жетекчиси элем. Ал жактан да эксперттер келишип, биз жакшы мыйзам жазганбыз. Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев баш болгон, ИИМден биз, сот системасынан, Башкы прокуратурадан катышкан. Баарыбыз отуруп алып талкуулап, жакшы мыйзам жазганбыз. Балтика өлкөлөрүндө бир кездерде сиз айткандай “каралар” баш бербей, буйрутма кылмыштарды жасап, ишкерлер, саясатчылар депутаттарды барымтага алып, өлтүргөн учурлар көбөйүп кеткен экен. Анан ушундай мыйзам кабыл алынгандан кийин жанагы “авторитеттер” деп коюшат, 40тан ашык авторитеттин кээ бирлери качып чет өлкөгө кетишти, айрымдары расмий түрдө келишип, иштеринен баш тартышкан. Мына алар бүгүнкү күндө уюшулган кылмышкерлерди түп-тамырынан бери жоготушту.
Биз “караларды” мыйзам аркылуу ооздуктайбыз

Биз да бир жарым жылдын ичинде мыйзам жазып, Жогорку Кеңештен өткөрүп анан кол койдурганы президентке жибергенбиз. Өзүңүз билесиз, ал кезде уюшкан кылмышкерлердин “саясий крышалары” бар болчу. Мына Медет Садыркуловдун, Санжарбек Кадыралиевдин өлүмү, Руслан Шаботоевдин өлүмү жана башкалар болду. Андан сырткары оппозициялык ишмерлерди уурдап барышып, коркутушуп сабаган күндөр болгон. Баш көтөрүп келаткан чоң-чоң ишкерлерди кубалап, бизнесин тартып алып, талап-тоногон сыяктуу көп нерселер болду. Булардын артында мурунку бийликтин адамдары турган. Анан ошол бийлик биз жазган мыйзамды окуп көрүп, Курманбек Бакиев кандайдыр бир себептер менен мыйзамды жаратпай вето коюп, кайра артты көздөй тээп салган.

Билесиздер, 2008-жылы менин артымдан да көп иштерди козгошту. Мен азыр бул кокустукпу, же атайлап жасалганбы түшүнбөйм, мени 2008-жылы август айында жумуштан кеттим, ошол эле маалда, августта тиги мен түрткөн мыйзамга вето коюлуп артка кетти.

Убактылуу өкмөт түзүлгөндө эле алар бул мыйзамды окуп чыгып жактырышып, декрет менен кабыл алалы деп чечишкен. Бирок кийин мыйзамдуу болушу үчүн жаңы парламент кабыл алсын дешкен. Мына азыр даярдап жатабыз, буюрса январь айында биринчилерден болуп ушул мыйзамды киргизели деп жатабыз. Бул мыйзам бүгүнкү күндө бизге өтө керектүү. Ушул мыйзам менен “караларды” мыйзам аркылуу ооздуктайбыз.

“Азаттык”: Грузияда "караларды" тартип коргоо органдары тизгиндеп, натыйжа чыга баштаганы айтылууда. Кыргызстанда аларга мыйзам эле жетиштүүбү же саясий эрк керекпи? Парламенттен өтпөй калышы мүмкүн деген күдүк ойлор жокпу? Анткени алардын өлкөдө таасири чоңоюп кетти дешет.

Мелис Турганбаев: Мен алардын таасиринин чоңойгонун деле байкай элекмин. Бирок араларында бар. Бирок парламентте отурган биздин кыргыздын чыгаан, тагдырды чечели деген жигиттердин көбү эле уюшкан кылмышкерлерден запкы жегендер. Эгер ушул жагын карап, мыйзамдуулукту жогору коюп, Кыргызстанды мурункудай криминалдашкан, кудай урган бир мамлекет дедиртпей, келечекти ойлошсо антпесе керек. Мына мектептерде, биздин өсүп келаткан муун, өзүңүз билесиз, баардыгы орусча айтканда “по понятиям” сүйлөп калышкан. Мына ушулардын баарын жок кылып , жакшынакай илимдүү-билимдүү мамлекет кылабыз деген үмүттө болсо мыйзамды кабыл алат го.

Камаздап ташылган маңзат

“Азаттык”:
Мелис мырза, эми баңгибарондор тууралуу сүйлөшсөк. Сиздеги оперативдүү маалымат боюнча Кыргызстанда канча баңгибарон бар. Алар кимдер? Бул жакта жагдай кандай? Аларды эмнеге кармай албай жатасыңар?

Мелис Турганбаев: Дагы эле 2008-2009-жылдары жакшынакай агенттик иштеп жаткан. Ал жерде тажрыйбалуу биздин бир генерал жакшы жумуш алып барып жаткан. Дээрлик баардыгын ооздуктап калган. Анан аны да жоюп жиберишип, ИИМдин системасына кошуп, анын ортосунда 6 ай эч ким иштеген жок. Бул аябай кызык жагдай. Мурунку бийликтин убагында алты айда тонналап камаздаган баңги зат өттү. Бул системаны сындырышып, баңги барондорду акчага отургузушуп, ушул абалга алып келишти. Мына азыр биз ошол системаны башкаргандардын баарын апрелден кийин бошотуп, таза жигиттерди койдук. Бүгүнкү күндө быйыл мурдагы жылга караганда жасаган иштерин карап көрсөк, жайында болгон окуяларга карабастан чоң иштерди жасашты.
Ооганстанда даярдалган маң заттары Кыргызстан аркылуу да ташылаары көптөн бери айтылып келет.

Мына жакында эле баягы агенттикти кайрадан мамлекеттик кызмат кылып кайра ордуна алып келишти. Бул да чоң нерсе. Эгерде бул кызматта мурункудай жакшы, таза, кесипкөй кызматкерлер отуруп иштесе Кыргызстанда жанакындай баңгибарондордун баарын ооздуктап, башчыларын жазалап, түрмөгө отургузуп коюуга биздин күчүбүз да жетет жана баардык жактан даярбыз.

“Азаттык”: Жаңы жылды утурлап коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Тартип коргоо органдары, атайын кызмат тарсылдактарды, салюттарды атпагыла, жардырбагыла деп чектөө салып жатышат. Сиздердин кызматкерлер биздин кеңсеге да келип, шектүү нерселер болуп калса дароо кабарлагыла деп кетишти. Мунун баары чынында бир чети кооптондурат экен. Бул эмнени билгизет?

Мелис Турганбаев: Эң чоң Орусия мамлекетинде бир жылдары өзүңүз билесиз, килейген үйлөрдү жардыруу болгон. Алар дагы ошол учурда буга анча-мынча даяр эмес болуп келген. Мына биздин да башыбызга да ошол нерсе келип атат. Ошондуктан элди кичине сак болууга үндөп, шектүү нерселер болсо айткыла, петардаларды жардырбагыла деп кайрылып жатабыз. Бул элдин коопсуздугу үчүн гана жасалган нерсе. Бишкек шаарында мен билбейт экем, бирок Ош шаарында толугу менен тыюу салынды. Менимче, бул туура эле болсо керек. Себеби илгери майрамды анысы жок деле тосчу эмес белек. Коопсуздуктан улам эми ушундай шарттарды колдонуп жатабыз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG