Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:37

Жаштарды террордук топторго социалдык тармактар аркылуу азгыруу уланып жатканы айтылууда. ИИМдин 10-бөлүмү мындай азгырууларга каршы атайын кибер кылмыштар менен күрөшүүчү топ иштеп жатканын белгилөөдө.

Кыргызстандыктар көп кирген Фейсбук, Одноклассники сайттарында экстремисттик деп таанылган "Хизб-ут Тахрир", "Ислам мамлекети" топторунун катарына азгырып, алардын ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырган баракчалар тынымсыз иштеп жатканын адистер белгилешүүдө. ​

Ачык үгүт жүргүзгөн баракчалар

Фейсбук баракчасындагы “Хизб-ут Тахрир Түркистан” деген баракча маалыматтарын жалаң кыргыз тилинде таркатат. Баракча күнүмдүк окуялар тууралуу кабарларды уюмдун максатына ылайыктап даярдайт. Алсак, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына электр жарыгы жок отурган жаңы конуштун тургундары нааразылык акциясын уюштуруп, электр энергиясына туташтыруу талабын коюшту. Бул маалыматты аталган баракча "ислам дини өкүм сүргөн убакта электр энергиясы ар бир жарандын үйүнө жеткирилип, өз баасында гана сатылат" деген үгүт сөздөрү менен кошо берди.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Адистердин пикиринде, социалдык тармактар жаштарды террордук топторго азгыруунун эң ыңгайлуу жолу. Ал жакка мурдатан даярдалып, көп тилдерге которулган постторду жайгаштырылат жана террорчулар талкууга катышкандардын арасынан өздөрүнө ылайыктуу адамдарды издешет.

Диний радикалдашуу жаатында изилдөө жүргүзүп келген Орусия ИИМ академиясынын докторанты Бакыт Дубанаевдин айтуусунда, террорчуларга катардагы сабатсыз согушкерлерден тартып, кесипкөй адистерге чейин керек:

- Ал жакта аябай дасыккан психологдор отурушат. Алар өздөрүнө керектүү адамдарды социалдык тармактардан иликтеп, табышат да, түрдүү жолдор менен аларды азгырышат. Террорчуларга курал кармап согушууга жарай алган сабатсыз согушкерлерден башка, сабаттуу, динди да, демократияны да жакшы билген адамдар да керек. Мисалы, аларга 2013-14-жылдары мунайды казып, кайра иштетүүнү өздөштүргөн адистер зарыл болуп, аларды да оңой эле таап алышты.

Соцтармактагы маалымат террорчулар үчүн олжо

Социалдык тармактарда отурган жаштар ал жакка өздөрү тууралуу маалыматтарды толугу менен коюшат. Бул дагы азгыруучулардын ишин бир топ жеңилдетет:

- Бүгүнкү күнү жаштарыбыз соц тармактарга өздөрү тууралуу бардык маалыматын, окуган мектебинен тартып, жашаган жери, чөйрөсү, атүгүл минген машинесине чейин жүктөп жатышат. Экстремисттерге бул чоң олжо.

"Ислам мамлекети" террордук тобуна киргендер балдарын кошо ала кетүүдө

"Ислам мамлекети" террордук тобуна киргендер балдарын кошо ала кетүүдө

Террордук жана тыюу салынган экстремисттик топторго жаштарды тартуу социалдык тармактарда ачык эле жүрүп жатканын Орусияга тиешелүү Вконтакте жана Одноклассники сайттарынан да көрүүгө болот. Мисалы, Одноклассники сайтында түрдүү тилдерде мусулмандарды жихадга чакырган баракчалар өкүм сүрүп келет.

Тыюу салынган экстремисттик топтордун интернеттеги, социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу ИИМдин 10-башкармалыгынын иши. Аталган башкармалыкта атайын киберкылмыштар менен күрөшүүчү бөлүм бар.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул бөлүм аркылуу тыюу салынган топтордун ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп, алардын ачкан сайттары, баракчалары жабылып, жок кылынып турат. Бирок көбүнчө кайра эле сайт түзүп, Кыргызстандан тыш жактан туруп алып, ишмердүүлүгүн уланткан учурлары көп болууда:

- Бул багытта көп эле иш-чаралар жүргүзүлөт. Кыргызстандагы жана башка сайттар атайын программанын негизинде көзөмөлдөнүп турат. Ал программа боюнча шектүү маалыматтардын баары биздин адистерге түшүп турат. Ошонун негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Эгер ал Кыргызстанда болсо, анын турган жерин аныктап, таап, чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок көп учурда биздеги сайттар чет өлкөлөрдө жашаган адамдар тарабынан башкарылгандыктан, аларды жабууга мүмкүн эмес. Бирок андагы маалыматтардын кыргызстандыктарга жетпеси үчүн аракеттер көрүлөт.

Балдардын башын айланткан тармактык оюндар

Байкоочулардын белгилөөсүндө, бүгүнкү күнү интернетте жаштарды агрессияга, согушка үндөгөн, алардын психикасын бузуучу түрдүү виртуалдык онлайн оюндар пайда болууда. Алсак, “Большая игра” деген оюндун катышуучуларына ар кандай тапшырмалар берилет, арасында радикалдык мүнөздөгүлөрү да бар.

Бул жаатта иликтөө жүргүзгөн эксперт Бакыт Дубанаевдин айтымында, мындай оюндарды ойноп, ага аралашкан жаштардын психикасы бузулат:

- “Большая игра” деген оюн кыйратуучу, фашисттик уюмдар тарабынан негизделген. Анда ойногон адамдарга түрдүү тапшырмалар берилип турат. Мисалы, кайсы бир шаардагы стратегиялык мекемелерди камерага түшүрүү, аэропорт, темир жол вокзалы, мунай база сыяктуу стратегиялык объекттерди тартып кел деген тапшырмалар да болуусу толук ыктымал. Теңтуштарынын үстүнөн шылдыңдап, аларды кыйноо сыяктуу тапшырмалар берилет. Мындай виртуалдык оюндардын реалдуу жашоого коркунучу чоң болууда. Жаштарга жардыргыч заттардын муляждарын жасоону үйрөтүшөт. Тажикстанда ошондой оюндардын негизинде балдар ар кайсы жерлерге "Ислам мамлекети" террордук тобунун желектерин илип чыгышкан.

Сирия, Алеппо

Сирия, Алеппо

Айрым маалыматтар боюнча, мындай мүнөздөгү онлайн оюндарды жаштар көбүнчө шаардагы интернет клубдарда ойношот. Ушундан улам, ИИМ рейддерди жүргүзүп, мындай клубдарды, андагы балдар ойноп жаткан оюндарды көзөмөлдөп турушат.

"Жашы жетелек балдар менен иштөөчү инспекциянын кызматкерлери менен кошо мындай клубдарды текшерип турабыз. Ал жердеги тармактык жана онлайн оюндар, алардын мазмуну да текшерилет", -деди Бакыт Сеитов.

Жаштарды экстремисттик топтордун катарына тартуу иштери ар кайсы өлкөдө ар кандай жолдор менен жасалат. Мурунку мезгилде азгыруучулар бир киши менен бир айга чейин иштесе, азыркы убакта кыска убакытта азгырып, алып кетүү аракети күчөөдө. Ушундан улам акыркы кездерде Түркияга жумушка деп алдап, ал жакка чакырып алган соң, андан ары Сирияга алып кетишүүдө дешет адистер.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандан Сирияга кеткендердин саны 600дүн тегерегинде. Булардын дээрлик бардыгы интернет аркылуу азгырылып кеткендер. КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук борборунун маалымдоосуна таянсак, өткөн жылдары Кыргызстанда ондон ашуун террордук мүнөздөгү кылмыштар жасалган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG