Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Алайда жашап туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп жүргөн Шамурат Матиев “Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн коногу болду.

Шамурат Матиевди достору менен лыжа тээп жүргөн жеринен Ысык-Көлдө жолуктурдук.

22 жаштагы жигит Оштун Алай районундагы Сары-Таш деген тоолуу айылдын тургуну. Аймактагы аба ырайын аныктоочу станцияда метеоролог болуп иштейт. Жумушу менен катар чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөтүп, өзү да тоо туризмин өнүктүрүүгө жигердүү аралашып келүүдө:

- Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинин техникалык факультетин 2016-жылы аяктадым. Аба ырайын аныктоо боюнча адисмин. Өз кесибимди сүйөм. Ал эми туризм тармагы менин жашоом. Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү - негизги максатым. Студент кезимде эле бул багытта иш-чараларга катышып, тажрыйба арттырып жүргөм.

Шамурат эне тилинен тышкары, англис, орус, испан тилдеринде сүйлөйт. Чет тилдерин өз аракети менен үйрөнгөн. Тил билгендигине байланыштуу алыскы тоолуу аймакта отуруп, интернеттен чет элдиктерди Кыргызстанга эс алып кетүүгө чакырат. Туристтерге гид болот жана конок үй кызматын сунуштайт:

Чет элдик туристтердин бири менен аэропортто.

Чет элдик туристтердин бири менен аэропортто.

- Австрия, Германия, Швейцариядан туристтерди чакырып, алар менен чогуу өзүм да тоо кезем. Лыжаны эркин тебүү боюнча адистер көп келишет. Алар менен деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийик тоолорубузга чыгып, лыжа тээп түшөбүз.

Шамурат лыжаны эркин тебүү жагынан азырынча Ош аймагындагы жалгыз адис. Кышкы спортко бала чагынан эле кызыгуусу артып, чана, лыжа же коньки көрсө, сатып алууну самай берчү экен:

- Азыр айылда балдарды лыжа тебүүгө үйрөтүп жатам. Буйруса, жакынкы жылдары эл аралык жеткинчектер сынактарына алып чыгайын деп турам.

"Туристтер шпион эмес"

Каарманыбыз азырынча бойдок. Кыргызстандагы айрым теңтуштарынын, кээде чоң эле кишилердин туристтерге болгон терс мамилесине зээни кейийт. Адамдардын чет элдиктерге жасаган жосунсуз жоруктары туризмдин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатканын айтат:

- Айрым жарандарыбыз туристтерди “шпион, агент” деп күнөөлөшөт. “Булар атайын биздин тоолорду изилдеп кетишет да, анан келип фирма ачып, кен байлыктарыбызды казып кетишет” деп ойлошот. Туристтер – агент эмес. Алар биздин өлкөнүн таанылышына салым кошо турган кишилер. Андыктан, аларга дос бололу. Туристтер мотоцикл же велосипедде жүрүшөт эмеспи. Алар эс алууга токтогон кезде кээ бир тентек балдар карталарын, компастарын алып качып кетишет. Же дагы башка буюмдарын жашырып коюшат. Айрым учурда чоң кишилер да ушундай жоруктарды жасашат, тоношот. Бул туура эмес. Кээ бир туристтерден нааразылык да укканмын. Ата-энелер бала тарбиясында ушул маселени да унутта калтырышпаса, чет элден келгендерге урмат менен мамиле кылуу – өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү экенин үйрөтүшсө жакшы болор эле.

Шамурат Матиев лыжаны эркин тебүү (Фрирайт) боюнча адис.

Шамурат Матиев лыжаны эркин тебүү (Фрирайт) боюнча адис.

Шамурат Матиев туристтер отуздан ашуун тармакка пайда алып келерин белгилейт. Алардын айрымдарын бизге санап да берди:

- Келген туристтен өкмөткө да, жеке адамдарга киреше түшөт. Мисалы, бир эле турист 3-4 тонна көмүрдүн акчасын таштап кетет. Бензин же солярка сатып алат. Учак менен келгенде эле билетке төлөгөн акчасынын кайсы бир бөлүгү биздин мамлекетке түшөт. Аэропорттон чыгып, таксиге отурат. Андан айдоочу пайда көрөт. Конок үйүндө жатат. Ал жерге да төлөйт. Магазинден кофе, нан же жумуртка сатып алса деле пайда болуп жатпайбы.

Шамурат туристтерге кызмат көрсөтүп эле киреше таап, өзүнүн материалдык муктаждыктарын чечип келүүдө. Ал адамдар менен мамиле кылууну да, ишкерликти да үйрөнүп жатканын айтат. Азыркы заман өкмөткө сын тагып отурууну эмес, өз аракети менен ийгиликке жетүүнүн мезгили экенин белгилейт:

- Мен өкмөткө көз каранды эмесмин. Жаштардын ар бири билимине, күчүнө таянып аракет кылышы зарыл. Өкмөткө карап отуруу бизди артка түртөт. Биз өз эмгегибиз менен өкмөткө жардам берсек, бийликтен да бизге камкордук болот. Менде ошондой көз караш.

"Тоолор өзүнө тартып турат"

Жаш ишкер башка теңтуштары сыяктуу шаарда жашап, жылуу офисте иштеп жан багууну көздөгөн эмес. Ал өз ийгилин тоолордон тапкысы келет. Алыскы аймакта да жакшы шартта жашаса болорун айтат:

- Тоодо иштеп эле шаардагыдан көбүрөөк каражат тапсаң болот. Мен окууну бүткөндө Бишкектеги, Оштогу аэропортторго чакырышып, адистигим боюнча жакшы жумуштарды сунушташты. Бирок мен макул болбодум. Башкаларга да айтат элем, шаарда окугула, бирок кайра келип өз айылыңарды, өз аймагыңарды өнүктүрүүгө салым кошкула. Баарыбыз шаарга кете берсек, элетти ким карайт? Айылды ким өнүктүрөт?

Шамурат Матиев Кыргызстанда туристтерге кызмат көрсөткөн саналуу гиддердин бири катары USAID уюмунун ишкерликти өнүктүрүү программасына катышууда. Метеоролог кесиби менен туристтик ишкерликти тең алып кетүүнү, чет элге барып тажрыйба алмашып, үйрөнгөндөрүн өз мекенинде жайылтууну максат кылат:

- Метеоролог кесибимди жакшы көрөм жана сыймыктанам. Ал жакка күнүгө барбайм. Себеби, кезектешип иштейбиз. Ошондуктан, экөөнүн бирин тандоо пикири болгон эмес, болбойт дагы. Алдыда жакшы пландарым бар. Кышкы спорт боюнча сынактарга катышып, лыжаны эркин тебүү боюнча чет элдик адистер менен саякат кылууну пландап жатам. Буйруса бир-эки жылдын ичинде Европанын тоолорун кыдырам.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG