Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Сузак: мигранттын тапканы той-ашка эмес...


Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр. Сузак району, Жалал-Абад облусу.
Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр. Сузак району, Жалал-Абад облусу.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Винсовхоз айылында сыртта иштеген мигранттардын эсебинен көз жоосун алган заманбап үйлөр түшө баштады.

Бул айылда ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде 2-3төн адам Орусияда иштейт. Бүт бүлөсү менен барып, иштегендер да жок эмес. Алар жиберген каражатка айылдын Ала-Тоо көчөсүндө заманбап курулуштар түштү, курулган жүз үйдүн чейреги эки кабаттуу.

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
​Бул көчөнү үлгүлүү деп атаса да болот. Анткени, он-он беш жыл аралыгында жайдак жерде өзүнчө эле көрктүү шаарча пайда болду. Төрт үйдүн бири эки кабаттуу, дагы көтөрүлүп жатканы канча.

Төрт тарабы дубал менен тосулган темир дарбазалуу, чатыры кызыл тунуке менен жабылган эки кабаттуу үйдө Наргиза үч баласы менен турат. Жашоого зарыл шарттары бар үйдү Орусияда он жылдай иштеген күйөөсү эки жылда курдуруптур:

-Үйүбүз эки кабат, алты бөлмөлүү. Бардык ыңгайлуулуктары бар. Күйөөм Орусияда иштеп тапкан акчасына курдук.

Жаңы конуш тургуну Гүлнара Касымова күйөөсү менен Орусияда беш жыл иштеп тапкан акчага былтыр айыл четине беш бөлмөлүү үй тургузган. Курулуштан арткан акчага кайнатасынын ашын берип, жылкы күтүшүүдө. Мигрант жубайлар эми Орусияга барбайбыз деп чечишиптир. Анткени, ал жакта баралына жеткен эки уулу иштеп жүрөт.

Эми Гүлнаранын медициналык айым ишине кайтсамбы деген ою бар:

- Орусияда беш адам иштеп келдик, мурда батирде турат элек. Бул жакка беш бөлмөлүү үй жана убактылуу жашоочу кааналарды тургуздук. А биз Орусияга барып иштебесек, ага кетчү акчаларды каяктан табат элек? Баягы Союз жоюлгандан кийин жумушу жок эле олтуруп калганбыз. Сууну эми киргизебиз. Электр жарыгы бар. Кабаттуу үйлөрдү балдар ошо Орусиядан иштеп таап келген акчаларга куруп атат да. Ар бир үйдө бирден машина бар. Союз таркагандан кийин айлык бербей, зарыктырганда иштен чыгып кеткем...

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.

Чана сүйрөп бараткан анын күйөөсү Максат Орозов быйылкы кыш катуу сыноого кириптер кылганын айтууда. Ал Орусияда айдоочу болуп иштептир:

- Эми жаз келсе үйүмдүн коргонун тосом. Отун алалбай калган элек. Отунду кечээ алдым, келип калган экен. Көмүр кымбат болуп атат, бир кабы 300 сомдон.

Айыл карыясы Жумаш Тойчубековдун үч баласы дале Орусияда. Бирөөсүнүн эки кабат үйү азырынча бүтө элек. Алар пенсиясы оокат-ашка өп-чап жеткен ата-энесине да акча салып турушат. Жумаш аксакал заңгыраган сонун үйлөр курулган айылга таза суу маалы-маалы менен берилип, электр мамычалары коюлбагандыктан жашоочулар электр зымдарын бири-биринен тартып алууга аргасыз экенин, башка да социалдык көйгөйлөр калып жатканын эске салууда:

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
- Мурда кыйналганынан Орусиянын жарандыгын эки балам алды да. Бирөө троллейбус айдайт, бирөөсү дүкөндө иштейт, дагы бири барып-келип эле жүрөт. Аякта деле кыйынчылык, бул жердегидей эмес да. Бардыгы өздөрүнө там куруп алышты. Бизге жардам берип турушат. Ошентип бала-чака, неберелерибизди багып атабыз да. Ошо Орусияда иштегендер салып атат да эки кабаттуу үйлөрдү, Орусиянын жарандыгын алгандар... Бул жакта калгандар аткана деле кура албайбыз...

Кезегинде Винсовхоз айылынан Орусияга барган мигрант жаштар биригип, өз каражаттарынын эсебинен айылга спорт аянтчасын куруп, ооруканага, мектепке, мечитке жардам беришкен эле. Эл мигранттардын тапкан-ташыганын мурда аш-тойго чачып келишсе, эми минтип турмушун оңдоого, билим алууга буруп жатканы байкалат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG