Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

ИИМ тизгини Жунушалиевге тийди


Кашкар Жунушалиев
Кашкар Жунушалиев

Жогорку Кеңеш 1-июнда ички иштер министри кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду.

Мындан эки күн мурун Мелис Турганбаев күтүүсүз отставкага кеткенден кийин анын ордуна президент Алмазбек Атамбаев Жунушалиевди дароо көрсөткөн эле.

Коомчулукка көп деле таанымал эмес Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

Ички иштер министри кызматына Кашкар Жунушалиевди президент Алмазбек Атамбаев жарлыгы менен өзү көрсөтүп, ошол эле күнү аны өздүк курамга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тааныштыргандан кийин анын дайындаларынан эч ким деле күмөн санаган эмес. Мындан улам Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги каралып жатканда курч суроо берилген жок, депутаттардын дээрлик баары макул деп добуш берди.

Анын алдында Жунушалиевдин талапкерлиги “Ата Мекен” фракциясында талкууланганда фракция төрагасы Өмүрбек Текебаев анын ыкчам иликтөө жана тергөө боюнча тажрыйбасы дээрлик жоктугун, юридикалык жогорку билимди кийин гана алганын айтып өткөн:

- 1984-86-жылдары Бишкек шаарында милициянын орто мектебин бүтүргөн экенсиз. Ошондон 16 жыл өткөндөн кийин жогорку окуу жайда юридикалык билим алды деп айтылып жатат. Университетти сырттан окуп бүтүргөн экенсиз. Анан аймактык тескөөчү болуп иштептирсиз, көптөгөн райондордо дагы аймактык тескөөчүлөрдүн ишин карап келиптирсиз. Жада калса министрликке келгенде да коомдук коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы болуптурсуз. Министрдин орун басары болгондо да аймактык тескөөчүлөрдү карагансыз. Анан негизи оперативдүү иш, тергөө иш деген бар.

Кашкар Жунушалиев болсо орун басарлары менен чогуу-чаран иштээрин, мыкты министр болоорун убада кылды:

- Кесиптик деңгээли жогору болгон, бардык нерсени түшүнө билген, өз башынан өткөргөн адам жетекчи болушу керек. Жетекчинин төрт орун басары бар. Төрт орун басарды бириктирип, ошолордун ишин көзөмөлдөп иштеген жетекчи мыкты жетекчи болуп эсептелет.

Чуулгандуу иштер

Жунушалиев иш жолун 1986-жылы борбор шаарда райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуудан баштаган. 2000-жылдарга чейин шаардык жана райондук милицияда бөлүм башчы, жетекчи орун басар болуп иштеген.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Баткенде облустук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициянын коомдук коопсуздукка жооп берген жетекчи орун басары өңдүү кызматтарда турган. Кыска мөөнөткө Ички иштер министрлигинде коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыкты жетектеген.

2010-жылы бийлик алмашары менен ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган жана муну ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин жердеши болгондугу менен байланыштырышкан. Жунушалиев бул иш ордунан эки жылдан кийин ызы-чуу менен кеткен.

Тактап айтканда, 2012-жылдын башында Башкы прокуратура Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгогон. Анда өзүнүн карачечекей кызына курал сатуу боюнча лицензияны мыйзамсыз берген деген айып тагылган. Кызына катталганы менен бул Жунушалиевдин өзүнүн эле фирмасы деген сөз чыккан.

Көзөмөлдөөчү орган 2011-жылы 10-февралда Жунушалиевдин кызынын “Эл аралык Логик борбору” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом “жарандык жана кызматтык курал-жарактарды жана ок-дарыларды” жана “пиротехникалык каражаттарды жана буюмдарды алып келүү, сатууга” лицензияны бир катар мыйзам бузуу менен алган деп айыптаган. Уруксат документ тиешелүү арызы жок берилген, мамлекеттик алым төлөнгөн эмес жана курал сатканы жаткан ишкана тууралуу эксперттик тыянак жок деген доомат коюлган. Мындан сырткары “Чин Ган” жана “Адис Агро” фирмалары да ушундай эле ыкма менен лицензия алганы белгилүү болгон.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Кашкар Жунушалиевге бул факт боюнча суроо берилди. Ал кылмыш иш токтотулганын, курал сатуу менен шугулданганы жаткан кызынын фирмасына лицензия берип жатканын билбей калганын айтты:

- Ал кылмыш иштин ичинде ошол кездеги министр Зарылбек Рысалиев, мен жана мага чейин министрдин орун басары болгон. Бул факт ошол кездеги мыйзамдын жер-жерлерде туура эмес аткарылышынан улам болгон. Мага чейинки жетекчилер жана мен дагы ошентип кол коюп койгом. Менин кызым лицензияны февраль айында алган экен. Чолпон-Ата шаарында жашап жаткандыктан, ишкананы иштете албасына көзү жеткенден кийин лицензияны кайра тапшырган экен. Ошол иш боюнча министрдин жана менден башка орун басарлардын иши кыскартылган, меники болсо сотко чейин жеткен. Жогорку Сотко чейин барып кылмыштын курамы болбогону үчүн кыскартылган. Менин кызым, аны менен кошо айыпталган дагы бир жаран мамлекетке, элге, ИИМге бир дагы зыяны тийген эмес. Мен болсо кызматкерлерим алып келген кагазга эле кол коюп койгон экем.

Сыноо көп, талап жогору

Таасирлүү, саясий салмагы бар делген Мелис Турганбаевден кийин алгач Бишкек шаардык милициянын башчысы, эми минтип министр болгон Кашкар Жунушалиевден олуттуу реформа күткөндөр деле жок өңдөнөт. Анан калса оперативдүү кызматта, тергөөдө дээрлик иштебегендиктен өздүк курамда аны тоготпогондор, тилин албагандар чыгат, уюшма кылмыш топтор кайра баш көтөрө башташы мүмкүн деген чочулоо да айтыла баштады.

Күч органдары боюнча талдоочу Кайрат Осмоналиевдин баамында, Кашкар Жунушалиев аты-жыты коомчулуктун эсинде калбаган министрлердин катарын толукташы мүмкүн:

- Милицияда оперативдүү кызматта жана тергөөдө иштегендер элита деп эсептелет. Аймактык тескөөчү, жол-кайгуул кызматында иштегендерге караганда алардын кадыр-баркы жогору болот. Чынында Мелис Турганбаевдин авторитети жогору болуп, чекти көтөрүп койду. Кашкар Жунушалиев ошол чекке жетпесе, анда, кийин кызматтан кеткенден кийин унутулуп эле калат. Бизде өлкөнүн эгемен тарыхында 20дан ашык ички иштер министри алмашты. Көбүнүн эле иши билинбей, коомчулуктун эсинде деле калган жок. Мелис Турганбаевден кийин келген Кашкар Жунушалиевге бул сыноо, ага талап да жогору болот.

Ички иштер министрлигиндеги көшөгө артындагы оюн-жагдайы жакшы билгендердин айтымында, Кашкар Жунушалиевдин министр болуп дайындалышына бир канча себеп түрткү болду. Эң негизгиси, аны өз ара “Чүй кланы” деп тергелген, милициядагы негизги кадр маселелерин чечкен, сөздөрү өтүмдүү Чүй облусунан чыккан генералдар сүрөдү дегендер бар.

Жунушалиев 55 жашта, ал милициянын генерал-майору деген наамды 2011-жылы алган.

XS
SM
MD
LG