Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Сириядагы согушка деп кеткен кыргызстандык жарандар учурда Түркиянын аймагынан изделүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев билдирди.

Түркиянын ички иштер, чек ара жана коопсуздук органдарына “жихадга” аттанган кыргызстандык жигиттер тууралуу маалыматтар берилген. Учурда Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактары акмаланууда.

Талдоочулар согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга кыргызстандык жарандар жөнөтүлгөн фактыны жалпы көзөмөлдүн начардыгы менен байланыштырууда.

Изин суутпай издөө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу Түркиянын тиешелүү бийлик органдарына ушул жылы март айында ал жакка учуп кеткен кыргызстандык жарандарды издеп табууга көмөктөшүү тууралуу кайрылуу жөнөтүлгөн.

Буга чейин Орусияга иштейм деп кетип, “Сирияга согушка баратабыз” деп Түркиядан телефон чалган маалымат боюнча Кызыл-Кыя шаарынан кеткен жети уландын ата-энеси бийлик органдарына даттанышкан.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев аталган кыргызстандык жарандар Түркиянын аймагынан изделип жатканына токтолду:

- Бул боюнча тиешелүү жумуштарды тез арада жасадык. Түркиянын тиешелүү бийлик органдары менен тыгыз байланыштабыз. Ал жактан бизге Сирия менен чектешкен чек ара тилкелеринде мына ошол кыргызстандык жарандарды издөө иштери жүрүп жатканын айтышты. Бул окуя эл аралык чоң чатакка айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселеде эки тарап тең катуу иш алып барып жатабыз. Издөөнүн жыйынтыктары боюнча Түркия тарап бизге саат сайын кабар берип турат.

Үгүтчүлөрдүн үнү чыга элек

Сириядагы согушка барууга аталган кыргыз жарандарын кимдер үгүттөгөн жана
алар кимдин жетегинде чет өлкөгө чыгып кеткендиги азырынча белгисиз. Болгону аталган кызылкыялык уландардын диний билим алуу менен шугулданып жүргөнү гана маалым.

Талкаланган көчөлөрдүн бири, Сирия

Талкаланган көчөлөрдүн бири, Сирия

Ошол эле кезде Кыргызстанда жихадга чакырык таштаган же газаватчыларды идеялык жактан тымызын даярдаган көмүскө уюмдардын бар экени буга чейин аныкталган эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул тууралуу азырынча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелди.

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 10-башкы башкармалыктын башчысы Таалайбек Акбаев шектүү жагдайлардын башы ачыла баштаганын белгиледи:

- Ким, каяктан, кантип, эмне үчүн жана кандайча ал жакка кеткендигин аныктоо боюнча оперативдүү иштер жүрүп жатат. Бул жагдайдын үстүнөн иштеп жаткан мезгилде ал ишти уюштурууга катышы болушу мүмкүн деген шектүү тарап боюнча маалыматтар пайда болду. Учурда мына ошолорду тастыктоо иштери жүрүүдө.

Сирия сыяктуу согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактарга Кыргызстандын жарандары барууга ниеттенген бул окуя биринчи жолу коомчулукка белгилүү болуп отурат. Бирок талдоочулар билинбей калган фактылар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн деп шек санашат.

Анткени мусулмандардын биримдиги үчүн деген чакырыктар менен уландарды өздөрүнө тарткысы келген экстремисттик күчтөрдүн аракеттери мурда да катталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов мындай тенденциянын күчөп жатышын көзөмөлдүн начардыгы менен түшүндүрдү:

- Интернет аркылуу уландарды үгүттөп эле калбай, аларды жихадды кантип жүргүзүүнү үйрөткөн учурлар да бар. Мен иштеп турганда Кыргызстан аркылуу Ооганстандагы жоочулар менен бирге согушууга бараткан жеринен Казакстандын жарандары кармалган. Алар Тажикстанга чектешкен аймактан кармалып, Казакстанга кайтарылган болчу. Мындай адамдар негизинен экстремисттик идеяга сугарылган уландар болушат. Аларды мына ошол жолдон артка кайтаруу кыйын. Мындай тенденцияны учурунда байкап, көзөмөлдөп туруу керек. Көзөмөлдүн начардыгынан биздин жарандарды башка максаттарга үгүттөгөн уюмдар тымызын ишмердигин жанданткан учурлар бар.

Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары эл аралык мүнөздөгү диний-террорчул уюмдардын катарына кирген фактылар ондоп саналат. Алардын бири - Өзбекстандын Ислам кыймылынын мүчөсү, теги кыргызстандык Шералы Акботоевди 2000-жылы атайын кызмат колго түшүргөн. Ал тергөөдө аталган уюмда он эки кыргыз жараны бар экенин белгилеген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG