Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кар көчкү Бишкек-Ош каттамынын 249, 252, 255-чакырымдарына түшкөн. Жол тазалоо иштери жүрүүдө.
Көчкүгө байланыштуу жолдун "Сосновка" жана "Арал" постторунда автоунаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилди.
ӨКМ айдоочуларга бул каттам аркылуу сапарга чыкпай турууну эскертет. (NT)