Караколдогу митинг
Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын кире беришинде милициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери турат. Акимиат алдында Кумтөр боюнча нааразылык акциясына келген үч жүздөй, алардын арасында 50-60 атчан киши бар. Кабарчыбыздын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев ошол эле жерде машинанын ичинде отурат. Аны митингчилер өкмөткө телефон чалдырып, буга чейин айткандардын аткарылышын талап кылууда. Бүгүн Караколдун борбордук аянтында Кумтөр боюнча инвестор менен жаңы меморандумга каршылар митинг өткөрүп жатышат. (Мария Колесникова)
Чыгарылыштар
-
Апрель 28, 2024
700дөн ашуун үйдү суу каптады. Жалал-Абаддагы селдин кесепети
-
Апрель 27, 2024
Жалал-Абад: Гүл өстүрүп, көйгөй чечкен "Даанакер"
-
Апрель 09, 2024
Сокулуктагы кылмыш: 13 жаштагы кызга кысым күчөдү