Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Чоң кишилердин көкүтүүсү менен бири-бирин канжалата мушташып жаткан балдардын интернетке жайылган видеосу коомду сестентти.

Бул окуя коомдо "балдардын мушташын оюн-зоокко айланткан кимдер? Эмне үчүн тартип коргоо органдары менен коомчулук көз жумду? Ата-энелер балдарын зөөкүр кылып тарбиялоо жолуна түштүбү?" деген суроолорду жаратып, көпчүлүктү бейпайга салууда.

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл салуу башкармалыгынын прокурору Бакыт Өмүрканов, Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жана психолог Самат Алканов катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, баарыбыздын жүрөк үшүн алган бул окуя Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында болгондугу, балдардын аталары кечээ кармалып, бүгүн соту өтөөрү белгилүү болду. Бирок, коомчулукту кооптондурган бир нерсе - эми алар балдарынын тагдырына терс таасир берген тарбия берип жатышкандыгын сезе тургандай жаза алышабы? Анан тартип коргоо органдары, анын ичинде прокуратура алардын бул аракети өтө кооптуу экендигин коом сезип, мындай жосундарга барбай тургандай таасир бере ала тургандай чечимдерди кабыл алабы?

Бакыт Өмүрканов: Бул окуядан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("балдарды кылмышка түртүү"), 161-беренеси ("балдарга толук тарбия бербөө жана жалпыга тиешелүү коомдук жүрүм-турум ченемдерди бузуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Даутбек менен Солжандын аталары камалды. Өзгөн райондук соту алардын баш коргоо чараларын караганы жатат. Андан кийин да алардын жүрүм-турумуна юридикалык баа берилип, тергөөнүн жыйынтыгында жазасын алышат.

Алардын аталары да бала кезинен эле эркек деген кыйын, күчтүү болуп, мушташа билиш керек деген көз карашта болуп, балдарына ушундай түшүнүктү айтып келген болуш керек.

Алар тергөө убагында бошоп кетиши мүмкүн эмес, себеби алардын аракети оор кылмыштардын курамына кирет жана 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы мыйзамда каралган. Бул иш Башкы прокуратура менен Ош облустук прокуратуранын катуу көзөмөлүнө алынды.

“Азаттык”: Назгүл айым, бул окуя ата-энелер өз балдарынын укугун тебелеп, балалыгын коргой албай жаткандыгын далилдеген окуя болду го. Демек, балдардын укугун коргоо уюмдары менен тартип коргоо органдары кандай аракет көрүшү зарыл деген ойдосуз?

Назгул Турдубекова: Бул окуя балдардын алсыздыгынан пайдаланып жана аң-сезими жетпейт деген негизде чоң адамдардын балдардын укугу менен кызыкчылыгын тебелей тургандыгын көрсөттү.

Көп учурда мындай окуяларга коомчулук көз жуумп коет деген көз караш бар эле. Аны бул окуя жокко чыгарды, унчукпай кое албай тургандыгын коомчулукта болуп жаткан талкуулар көрсөттү. Демек, ата-эненин баланын укугун коргоп, анын кызыкчылыгына жараша шарт түзүп берүү үчүн ата-энелерди атайын окуудан өткөрүү зарыл болуп калды.

Жаштарга мындай билимди университеттерде, мектептин жогорку класстарында окутуу керек. Мындай аракеттер үй-бүлөнү коргоо жана баланы гармониялуу өнүктүрүү боюнча өкмөт азыр даярдап жаткан атайын программага киргизилип жатат. Ал программанын долбоорун даярдоо боюнча жазында жумушчу топ түзүлгөн, аны ишке ашыруу 10 жылга деп белгиленип жатат. Ошол программанын алкагында ата-энелердин балдарды тарбиялоо багыттары белгиленип жатат. Анткени, бардык эле ата-эне баланын алдында жоопкерчилиги бар экендигин сезишпейт.

“Азаттык”: Самат мырза, видеодо 5-6 жаштагы балдар мушташып жатпайбы. Психологиялык жактан алар балдардын ошол кездеги жана андан кийинки абалына кандай баа бере аласыз? Алар өз аталары айдактап жаткандан кийин мушташууну эрдик кылуу деп эсептешеби же чоңдорго теңелүү деп эсептешип, дагы эрдемсип калышы мүмкүнбү?

Самат Алканов: Бул жерде так кесе баа берүү мүмкүн эмес, ошон үчүн эки жактуу карап баа берүү керек. Себеби, балдар өздөрү мушташпай аталарынын айдактоосунун айынан мушташып жатат. Демек, басым менен урушкан балдар катуу стресс алып, мажбур болуу кысымына кабылып атышат.

Стресс алган балдар кийинки өз тагдыры, жашоосу боюнча ар кандай жаман жыйынтыктарды чыгарып коюшу мүмкүн. Мисалы, чоң адамдар жаман, андай адамдар менен мамиле түзүү да жаман, дүйнө катаал деген жаман жыйынтыктарды чыгарып, башка адамдар менен сүйлөшүүдөн качып, коомдон бөлүнүүгө барат. Бул бир жыйынтык.

Алар тергөө убагында бошоп кетиши мүмкүн эмес, себеби алардын аракети оор кылмыштардын курамына кирет.

Экинчи жыйынтык – аталарынын мындай ишке барышына түрткү берген себептин тамыры терең деген жыйынтык чыгарсак болот. Анткени, алардын аталары кичинекей кезинен эле эркек деген кыйын, күчтүү болуп, мушташа билиш керек деген көз карашта болуп, балдарына ушундай түшүнүктү айтып келген болуш керек. Андай ойлорду айткан сайын балдарда социалдык, башкача айтканда коомдо жашоо үчүн коомдун бардык мүчөлөрүнө бирдей жүрүм-турум эрежелер алардын көз карашында калыптанбай калган. Андай чектөөлөрдү аталары да билген эмес болуш керек. Алар өз жүрүм-турумдары менен каалаганыңды жасап, каалаган нерсени күч менен тартып алып жетсе болот, зөөкүрдүк менен сыймыктанса болот деген сезимди тарбиялап коюшкан. Аны мушташкан баланын атасы баласына жеңгени үчүн 20 сом берип, маашырлантканы да айгинелеп турат. Демек, мындай көрүнүш жосунсуз жорук экендигин ата-энелерге, коомго түшүндүрүү керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG