Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстандагы пенсиялык система заман талабына жооп береби?

"Арай көз чарай" талкуусуна көз карандысыз экономист Азамат Акелеев, Социалдык фонддун тышкы байланыштар, мамлекеттик органдар, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов жана киреше башкармалыгынын башчысынын орун басары Марс Байгончоков катышты.

“Азаттык”: 1996-жылга чейин пенсияга чыккан жарандардыкы, андан кийинкилер жана азыр иштеп жаткан биздин пенсиялар кантип эсептелет?

Муканбетов: Пенсия 1997-жылы кабыл алынган “КР Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу тууралуу” мыйзамына ылайык эсептелет. Эсептөө үч бөлүк менен болот: базалык бөлүк, бул - мамлекет тарабынан кепилдикке алынган. Мында пенсия алуучунун жагдайы мыйзамда талап кылынган шарттарга жооп берген учурда базалык бөлүк толугу менен төлөнөт, ал эми камсыздандыруу стажы толук эмес болгон учурда пропорционалдык түрдө азайтылган көлөмдө төлөнөт. Азыркы күндө базалык бөлүктүн өлчөмү -1500 сом. Мыйзам боюнча мурунку жылдагы орточо айлыктын 12% кем эмес өлчөмдө кармалыш керек.

1996-жылы 1-январдан тартып жарандарга жеке эсеп киргизилген, муну эл ИНН же ОМС деп жөнөкөйлөтүп атап алышкан. Ошол эсеп берилгенге чейинки эмгек стажына жараша ар бир жыл үчүн 1% каалаган 60 айлыктын орточо айлык чыгарылып, андан пайыз эсептелет. Бул биринчи камсыздандыруу. Бул негизинен жеке эсепке киргенге чейин Союздун тушунда иштегендердин эмгек стажын пенсиянын өлчөмүнө кошуу максатында жасалган.

Ал эми 1996-жылдан тартып камсыздандыруу принциптеринин негизинде, жарандын жеке эсебине канча акча которулса, ошого жараша эсептелет. Экөөнүн айырмасы – эмгек стажы жалпы камсыздандыруу стажына эсептеле берет, бирок топтолгон төлөмдөрдүн суммасы он эки айга бөлүнүп, ай сайын төлөнөт.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстандагы пенсия системасы учурдун талабына жооп бере алабы?

Акелеев: Бул советтик системадан чыккан. Дүйнөлүк практикада социалдык жагы төмөнүрөөк, негизинен өзүн-өзү камсыздандыруу же аманаттык принцип басымдуулук кылат. Мисалы, Чилиде пенсия системасы жакшы деп эсептелет, ал жерде бардыгына бирдей 10% милдеттүү төлөмү бар, ошол эле учурда эмгекчилер кийинки пенсиясына төлөмдү башка, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго салышат.

Эми ал жерде шарт бир аз башкачараак, анткени эмгекчилер акчасын баалуу кагаздарга инвестиция кыла алышат. Бизде болсо башкача, социалдык төлөмдөр бир топ эле салмактуу, бүгүнкү күнү эмгекчилер тапкан айлыгынан 17% социалдык фондго төлөшөт, бул көбүрөөк. Ошондуктан бара-бара бизде да “чогултуу” же “топтоо” дейбизби, ушул системага өтүү керек. Бара-бара адамдар өздөрү келечеги үчүн канча акча жасап, канча төлөмдөрдү “пенсиялык чогултууга” топтой алса, ошончо пенсия алуусу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG