Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Улуттук баалуулуктарга сый кандай?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын бардык аймагында Туунун, аны улай эл демилгелеп алган Калпак күнү көп эл катышкан жүрүштөр менен коштолуп өткөрүлдү.

Өлкөдө мамлекеттик символдорго болгон мамиле кандай өзгөрүүдө? Алардын маани-маңызын жалпы журт, анын ичинде жаштар кандай түшүнөт? Бир күндүк акция менен символдорду даңазалоо жетиштүүбү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын тургуну, ардагер Токторбай Бектурганов жана студент Талгат Мураталиев катышты.

"Азаттык": Каныбек мырза, кечээ мамлекеттик туунун жана Калпак күнүн белгилөө элдин, өзгөчө жаштардын демилгеси менен эле өтүп, мамлекеттик органдардын айрымдары катышуучу, калгандары байкоочу эле болушту. Эмне үчүн бийлик үстүртөдөн мамиле жасап жатат? Элдин демилгесин жогорку деңгээлде колдосо болот эле деген пикирлер бар?

Каныбек Иманалиев: Биз мамлекеттик институту анчалык күчтүү эмес, жарандык коому, эл арасындагы активисттери күчтүү мамлекетпиз. Мисалы, көк бөрү оюну, аны жандандыруу демилгесин мамлекет көтөргөн эмес. Мындан сырткары айтыш, “манасчылыкты”, ошондой эле Калпак күнүн алалы. Мындан беш жыл илгери жигиттер көтөрүп чыкты эле, бүгүн жалпы улуттук майрамга айланып калды.

Мамлекеттик символдорду массалык түрдө чыгарган боюнча АКШ биринчи орунда, экинчи орунда Англия турат.

Мамлекеттик символдордон сырткары улутту улут кылып турган баалуулуктары бар. Мисалы, комуз фестивалы, боз үй майрамы ж.б. Ал үчүн өкмөт сөзсүз эле токтом чыгарып, календарда кызыл дата катары белгилөөнүн кажети жок. Айталы, Индияда 365 күндүн 300ү майрам күндөр, анын баарында эле жумушка барбай коюп майрамдашпайт. Эң негизгиси адамдарга жакшы маанай тартуулаганга умтулушат.

"Азаттык": Каныбек мырза, жаштардын демилгелүү тобу жалаң мыктар жана 20 километрден ашык жип менен Кыргызстандын желегин жасап аукцион кылып, бардык депутаттарды чакырса бирөө да басып келбептир, муну кандай түшүнсөк болот?

Каныбек Иманалиев: Мисалы, мени чакырышкан жок, уккан жокмун. Ойлоп көрсөңүз аким апппараты менен барып алып майрамдаган жакшыбы, же эл өзү каалагандай болгону жакшыбы? Бийлик таңуулаган майрам - майрам эмес. Майрам деген жүрөктө болуш керек. Демилге коомдон чыгып жаткандан кийин коом өзү аткара берсин, өткөрө берсин. Бийлик ага кошулса жакшы, кошулбаса трагедия эмес.

"Азаттык": Токторбай аба, Кыргызстандын жалпы эли мамлекеттик символдорго анча мамиле кылышпайт, алардын ыйыктыгын али толук тушүнбөйт дегендер аз эмес. Аларга болгон урматтоону жогорулатуу үчүн эмне жетишпей жатат? Ишти кайдан, эмнеден башташыбыз керек?

Токторбай Бектурганов: Негизинен өзгөчө жаштар жакшы түшүнүп жатышат. Бирок арабызда мамлекеттик символдорго маани бербеген, анын маңызын аңдабагандар да бар. Мисалы, мен Бишкек шаарында 4-лицейде тарых сабагынан берем, мамлекеттик символдордун баарын илип койгом. Кээде жаштардан гимнди жатка айтып берчи деп калам, айтып бере албагандар көп. Мунун себеби кайда? Мамлекеттик символдор боюнча бала бакчаларда, мектептерде жетиштүү маани берип, татыктуу окутулбай, жаштардын сезимине жетпей жаткандай.

Талгат Мураталиев: Мен мамлекеттик символдор менен улуттук баалуулуктарды эки бөлөк карайт элем. Мамлекеттик символдорго анча көңүл бурулбай жатышы Кыргызстан эгемендүүбү же жокпу деген суроого барып такалат. Кыргызстан расмий түрдө эгемен болгону менен саясий жагынан башка бирөөгө, экономикалык жактан экинчи бир мамлекетке көз каранды болгонубуз символдого болгон мамилени да солгундатып жаткандай. Эгер мамлекеттин кубаты көрүнсө, өз алдынчалуулугу артса символдорго да көз карашы башкача болот деп ойлойм.

... Мектеп окуучуларга, жаштарга мамлекеттик символдорго кызыктыруу тажрыйбасы, салты жок. Мисалы, Кыргызстандагы кыргыз-түрк лицейлеринде дүйшөмбү жана жума күндөрү мамлекеттик гимн жаңырып, жалпы окуучулар жандуу үн менен ырдашат, андай салт кыргыз мектептеринде жок.

Токторбай Бектурганов: Кыргызстан эгемендүү эле мамлекет, жаштар эмне шек саноо менен карап жатасыңар го. Башка маселе, мамлекеттик символдорго кайдыгер мамилелерибиз көп. Мисалы, кээ бир мекемелерде тууларды тескери илип койгон, же өңү өчүп, саргайып, айрылып калганча турганын көрөбүз. Ага ошол мекеменин жетекчиси күнөөлүү, ал жооп бериш керек.

"Азаттык": Талгат, мамлекеттик туу күнүнө, эртеси силердин “Манас” университетинде үч метрлик калпактын бет ачары болду. Аларды уюштурууга ким демилгечи болду, ким каржылады, жогору жактан көрсөтмө болдубу, кантип ишке ашырдыңар?

Талгат Мураталиев: Бул демилге “Манас” университетинин студенттик кеңешинин планын талкуулап, бекитип жатканда Залкар Аманов деген студентибиз тарабынан көтөрүлгөн. Биз аны колдоп бергенбиз. Каражат студенттер тарабынан уюштурулган концерттерден түштү, андан кийин биз уз чеберлерге кайрылганбыз, алар менен иштештик. Калпак күнүн демилгелеген Рысбек Жабиров агайыбыз менен да иштештик. 5-март Калпак күнүнө бүтүрүп, жалпы коомчулукка алып чыктык.

XS
SM
MD
LG