Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Кыргызстанда “карын эненин” жардамы менен балалуу болуу кадыресе көрүнүшкө айланууда.

Баланы курсакта чоңойтуп, тогуз ай көтөрүп, толгоо тартканы үчүн “суррогат энеге” оңой эмес акча төлөнөт. Демек ушул жол менен акча таап, турмушун оңдоону көздөгөн кыз-келиндер да жок эмес.

Дүйнөдө балалуу боло албаган үй-бүлөлөр бул кызматты кеңири колдонушат. Кыргызстанда да башка аялды жалдап балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Бирок кыргыз коому муну ачык-айкын чыгарууга азыр даяр эмес. Учурда “карын эне” менен үй-бүлөнүн ортосунда келишпестиктер болбошу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда аялдар арасында да, эркектер арасында да тукумсуздук проблемасы күч. Мисалы, бир жылдын тогуз айында эле балалуу боло албай жүргөн миңге жакын аял Репродукция борборуна кайрылган. Ал эми бала төрөө курагындагы ар бир 25-аялга тукумсуздук деген диагноз коюлган. Адистер соңку 5-7 жылда бул көрсөткүч жогорулаганын белгилеп жатышат. Андыктан көп жылдар балалуу боло албаган үй-бүлөлөр “карын эненин” кызматын пайдаланууга барышат.

Интернетте болсун, гезитте же телеканалдардан болсун “карын эне керек” же “бала төрөп берем” деген жарнамалык саптарды көрүп эле жүрөбүз. Алардын катарында Максат менен Элмира да бар. Алардын өзүнчө түтүн булатып, үй-бүлө курганына он жылдан ашыптыр. Балалуу болуш үчүн алар дарыгерине да, бүбү-бакшы, табыптарга да барып көргөн. Балалуу боло албаганына көзү жеткен Элмира “карын эненин” кызматын пайдаланууга макул болуп, ушул тапта ылайыктуусун издеп жатышкан экен.

- 20дан 35 жашка чейинки аял болушу керек. Буга чейин төрөгөн, баласы барларга артыкчылык берилет. Медициналык жактан текшерүүдөн өтөт. Алардын бардыгында чогуу жүрүп, чыгымдарын биз төлөйбүз. Талаптарга жооп берсе эле келишим түзөбүз. Биз 4-5 миң доллар төлөйбүз деп жатабыз.

Арзан эмес бул кызматты азыр колунда барлар гана пайдалана алышат. Баланы курсакта чоңойтуп, тогуз ай көтөрүп, толгоо тартканы үчүн жалданма энеге 4 миңден 10 миң долларга чейин акча төлөнөт. Андан сырткары ай сайын акча бөлүп, дарыгерге барып текшерилгени, тамак-ашы да заказ кылган үй-бүлөнүн мойнунда болот.

Көпчүлүк ата-энелер Орусия же Казакстандын клиникаларынын кызматын колдонушат. Ал эми Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандыруу кызматын бир гана Асымбекованын клиникасы көрсөтөт. Кызматтын баасы 2,5 миңден 4,5 миң долларга чейин. Аталган клиниканын жетекчиси Гүлнара Асымбекованын айтымында, жыл сайын онго жакын үй-бүлө ушул кызматты пайдаланышат.

- Алматыдан көп жасатып келишет, бизден да жасаткандар болот. Анын бир топ жол-жобосу бар, мыйзамга ылайык иш алып барабыз. Негизинен бул жумуш арзан эмес. Ошондуктан бул кызматты колдонгондор да аз, жылына онго да жетпейт. Биз “суррогат энени” таап бербейбиз. Болгон ызы-чуунун бардыгын, акчасын, калган төлөмдөрүн нотариустан чечип келгенде гана биз алар менен иштешебиз. Анткени дүйнө жүзүндө бул жаатта көп ызы-чуу чыгат эмеспи, аны угуп жүрөбүз. Мага анын кереги жок.

Жасалма уруктандыруу динге жакпайт

Дүйнөдө балалуу боло албаган үй-бүлөлөр бул кызматты кеңири колдонушат. Кыргызстанда да башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. “Карын эне” болуу да оңой-олтоң жол эмес. Бала төрөгөн аялдын ден соолугуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Экинчиден, 9 ай толгонуп көтөргөн баланы төрөп туруп бирөөнүн колуна карматып коюу оңой эмес. Бул төрөгөн энеге психологиялык сокку болушу ыктымал. Ошентсе да социалдык турмушун ушундай жол менен жакшыртууну көздөгөн кыз-келиндер жок эмес. Алар менен алдын ала психологдор иштешет. Жалданма эне болууну каалаган аялдын өзүнүн экиден кем эмес баласы болуусу шарт. Психикалык абалына, ден соолугуна, генетикасына көңүл бурулат.

Талаптарга жооп берсе эле келишим түзөбүз. Биз 4-5 миң доллар төлөйбүз деп жатабыз.
“Бала төрөп берем” деген жарыя берген аялдарга чалып кененирээк жооп ала алган жокпуз. Болгону бул жолго социалдык муктаждыктан улам аргасыз барып жатышканын айтышты. Деги эле кыргыз коому муну ачык-айкын чыгарууга азыр даяр эместей. Буга адегенде менталитет таасирин тийгизсе, экинчиден, дин адамдары муну шариятка туура келбейт деп сындап келишет. Бул багытта муфтияттын фатфа бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиевдин пикири төмөндөгүдөй:

- Бул ачык маселе. Негизинен буга фатфанын деле кереги жок. Анткени бул зынанын, ойноштуктун бир жолу болуп жатат. Никеси жок эркектин уругу никеси жок аялдын жатынына барып жаткандан кийин бул шариятка таптакыр туура келбейт.

Дүйнөдө ушул маселеден чыр чыккан учурлар көп эле айтылып, жазылып да жүрөт. Төрөгөн баласын берүүдөн баш тартып, келишимди бузган окуялар да бар. Ошондуктан “Репродуктивдүү укук” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги да муну колдой турганын министрликтин башкы адиси Айгүл Бообекова билдирди:

- Ар кандай чырлар болбошу үчүн эки тараптан келишим сөзсүз болсун дегенди коштук. Андан сырткары мурда “карын эне” 35 жашка чейинки кыз-келиндер боло алат десек, азыр ден соолугу жакшы болсо 40 жашка чейин деле боло берсин деп атабыз. Ошондой эле эгер бала ден соолугу начар төрөлүп калса анда эмне болот, анын тагдыры эмне болот деген нерселер кошулган.

Кыргызстанда жалпысынан канча үй-бүлө жалданма эненин жардамы менен балалуу болору белгисиз. Чет жактагыдай башкага бала төрөп бере турган аялдардын маалыматтар базасы да жок. Көп учурда бул маалыматтар купуя сыр катары сакталат. Коомчулукта бул багытта пикирлер да бир кылка эмес. Бир даары буга карманча каршы болсо, балалуу болуунун бир жолу катары бул көрүнүштү жактагандар да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG