29-мартта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышы болот. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга ылайык, бул жыйынга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышат.
Жыйналышта «2013-2017-жылдардын мезгилинде өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары каралмакчы. Мындан тышкары өлкөнү 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө маселе талкууга алынат.
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Аталган кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министр-жетекчилер мүчө. (SDz)