Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда арабдар жашаган Сары-Сыя деген айыл бар. Ал жерге өткөн кылымдын башында 7 үй-бүлө көчүп келип, отурукташып калган. Азыр алардын саны 362 түтүнгө жетти. Сарысыялыктарда тууганчылык күчтүү, эң эле алысы кудалашып алышкан.

Сары-Сыя айылына, же болбосо ноокендиктердин тили менен айтканда араб маалеге барып калсаныз, колунузда таяк болгону дурус. Анткени ар бир үйдө аз дегенде эки ит бар. Сарысыялыктар мал-жандуу келип, ага жараша итти жан жолдош, жардамчы кылып алышкан.

Бу айылдын эли тыштан келген бейтааныштарга, айрыкча журналисттерге ачылып-чечилип сүйлөгөндү жактыра беришпейт экен. Бирок башка айылдардын элине окшоп короолорун такыр тосушпайт, дээрлик дарбаза орнотушпайт. Ал тургай эки күндөп айылчылап кетсе деле үйү кулпуланбаган бойдон ачык кала берет экен.

Сарысыялык келиндер.

Сарысыялык келиндер.


Айыл башчы Рахманжан Боронбаевдин айтымында, бул бири-бирине болгон ишеничтин белгиси:

- Айылдаштар бири-бирибизге ишенебез. Бир жака кете турган болсок, үйүмдү карап тур, мал-келимдин жемин берип тур, деп кошунабызга дайындап кете беребиз.

Сарысыялык арабдар бир канча кылым мурда Борбор Азияга дин жайылтуу максатында Сауд Арабиясынан келген арабдардын урпактары. Өздөрүн курайш уруусунанбыз дешет. Кыргызстанга келгенге чейин Өзбекстандын Анжиян облусундагы аймактарда жашашкан. Өткөн кылымдын башында дыйканчылык кылуу учун Ноокенге келишип, жери берекелүү болгондуктан 7 үй-бүлө калып калган.

Дин жайылтабыз деп келип, Анжиянда отурукташып калган арабдар дээрлик жергиликтүү калктын каада-салтын, тилин өзүнө сиңирип алышкан. Алардан бөлүнүп Кыргызстанга ооп келгендери болсо кыргыз-өзбек тилдеринде аралаш сүйлөшөт. Өздөрүнүн түпкү тилин билгендер жокко эсе. Тилин унутуп баратканы менен алар араб тукумунан экенине сыймыктанышат. Ар бир үй-бүлөдө ушундай маанай бар. Төрүндө теспе менен Меке шаарындагы Каабанын сүрөтү илинбеген үйдү көрбөйсүз.

Сарысыялык кыз

Сарысыялык кыз


Жергиликтүүлөр көбүнчө балдарын мектепте окутуп эле тим болушат экен. Айылдагы мектепте өздөрүнөн чыккан мугалимдердин аздыгы да ошондон болсо керек. Он бир жылдык Сары-Сыя мектеби кыргыз тилдүү. Андагы балдарды мугалимдер кошуна айылдардан келип окутушат.

Ноокендик арабдар негизинен дыйканчылык, соодагерчилик менен күн көрүшөт. Ар бир үйдөн бирден эркек сөзсүз соодагерчилик менен алектенет, Орусияга иштеп кеткендер да аз эмес.

Ашканасы дээрлик өзбек тамак-ашынан турса, салт-санаасы кыргыздыкына окшош. Мисалы, тойдо сөзсүз чоң бодо мал союп, келгендерди аз дегенде 5 үйгө конокко бөлөт.

Бул айылдагы дагы бир өзгөчөлүк – бойго жеткен кыздар кыска көйнөк кийишпейт, жоолук салынышат. Айылдан тышкары жакка жалгыз чыгууга жол берилбейт. Акыркы он жылга чейин бул эл башка жактан куда да күткөн эмес. Акыркы жылдары башка жактан келин алып, башка элге кыз узата башташыптыр.

Анткен менен жаңы төрөлгөн балдарга арабча ысым коюу сээлдеп бараткандай туюлат. Көбүнчө ата-эне баласына өзбекче, же кыргызча ысым ыйгарат. Паспортуна болсо кыргыз,же өзбек деп жаздырышат.

Мунун жөн-жайын айыл башчы Рахманжан Боронбаев минтип түшүндүрдү:

- Биз каалайбыз, паспортто улуту араб деп жазылып турушун. Бирок Совет доорунда динге болгон көз караш терс болгондуктан, документтерге өзбек же кыргыз деп жазылган. Биз бул боюнча Жогорку Кенешке да кат жолдодук, тийиштүү адистерге кайрылдык, паспортко улуту араб деп жаздырып бергиле деп...

Сары-Сыя деген аталыштын да тарыхы бар. Уламыштарга караганда, дин таратабыз деп келген арабдар өздөрү жөнүндө териге сары сыя менен жазышчу экен. Мындай терилердин бирин айыл аксакалардарынын биринин үйүнөн көрдүк.


Сүрөтбаян: ноокендик арабдардын турмушунан сүртүмдөр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG