Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Бекер көмүрдүн көйгөйү


Коогадан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн бири. Ош, 23-ноябрь, 2011.
Коогадан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн бири. Ош, 23-ноябрь, 2011.

Былтыркы капсалаңда жабыр тарткандар кыйраган үйүн тикелөө менен алек болуп, кышка отун камдоого чамасы жетпей калганын айтууда. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынан жапа чеккен тургундар гуманитардык жардамга жаман үйрөнүп алгандыгын айтып, быйыл аларга бекер көмүр берүү каралбаганын билдиришти.

Оштогу Черемушки кичи районунун тургуну Барно Касымова биз барганда үйүндөгү мешке от жагып жатыптыр. Бирок жыгач отун үйдү жакшы жылытканы менен тез эле өчүп, кайра муздап калып жаткан экен.

- Колго илинген кардон кагаз, жыгач-пыгачты жагып атабыз.Үйдөгү талдардын баарын кыйып бүттүк. Бирок эми алар тез эле күйүп бүтүп калат экен да. Ошого эртели кеч 2-3 жолу гана от жагабыз. Калган мезгилде төшөктү жылуулап эле лтурабыз. Дирекция болсо көмүр берейин деген ою жок. Өзүбүз сатып алалы десек акча жок. 70 жаштагы энебиздин пенсиясына сатып алат окшойбуз эми...

Былтыркы коогадан жабыркаган бул үй-бүлөдө 7-8 киши жашайт. Алар кандуу капсалаңда күйүп кеткен үйүн тикелеп жатып, кышка отун сатып алганга чамалары жетпей калган.

- Үйдө кичиней 4 неберем бар эле. Бул жер суук болуп аткандыктан экөөнү кызымдын үйүнө жөнөтүп жибердим. Үйдө калган бир небереме болсо суук өтүп, сарык болуп калыптыр. Көмүр жок болгондон кийин бышык кыштан курулган үй тез эле муздай берет экен да. Эми кыштан кантип чыгабыз билбейм, - деп кейийт бул үйдүн карысы Мукарам Касымова.

Шаардын Фуркат кичирайонунун жашоочусу Баатыр Хусанов болсо көмүр жоктугу аз келгенсип электр энергиясынын тынбай өчүп жатканына нааразы. Анын да үйү коогалаңда жараксыз абалга келип, азыр кайра калыбына келтирип жаткан экен:

- Суукта айрыкча жаңы төрөгөн аялым, кичинекей балам абдан кыйналып жатат. Көмүр бербесе койсун, жок дегенде электр энергиясын өчүрбөй турушса жакшы болот эле. 4-5 саат күйүп, кайра өчө берип жүдөтүп жиберди. Көгүлтүр отунду болсо бизге али туташтырып берише элек.

Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы болсо жапа чеккен тургундар гуманитардык жардамга жаман үйрөнүп алгандыгын айтып, быйыл аларга бекер көмүр берүү каралбаганын билдирүүдө. Дирекциянын маалымат катчысы Мелис Эржигитовду угалы:

- Былтыркы жылдын тажрыйбасы бизге жаңы чечимди кабыл алууга аргасыз кылууда. Жабыр тарткандар гуманитардык жардамдарды алып коюп, курсактарын тойгозуп жата бергенге көнүп алышты. Иштегилери да келбей калгандай. Эми ошол «ооруну» жок кылуу үчүн быйыл кышта аларга көмүр берилбейт.

Деген менен серепчилер муну бир жактуу карабоого чакырууда. Оштогу «Мыйзам жана тартип» коомдук уюмунун жетекчиси Изаттулла Рахматуллаев жабыр тарткандар текинкорлуктан эмес, иш жоктугунан иштей албай турганын айтууда:

- Пенсионерлер пенсия алып, пособие алгандар пособиеси менен жашап атышат. Бирок эмгекке жарамдуу катмарга иш жоктуганан эч жакка чыга албай отурушат. Аларды айыптагандан мурун иш таап бериш керек. Алар жылдын башынан баштап гуманитардык жардам алыша элек. Ошондуктан айрымдарында көмүр турмак, тамак-аш, кийим-кечек дагы жок.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы этникалык кагылышта турак жайынан айрылган эки миңдей үй-бүлөнүн ар бирине өткөн кышта 2 тоннадан көмүр түшүрүп берген эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG