Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Көп аялга үйлөнүү көйгөйдү чечпейт


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев көп аял алуу жобосун Конституцияда тактоону сунуш кылды.

Депутаттын сунушу коомдо кызуу талкуу жаратып, айрымдар 25 жылдан бери коомдо талкууланып келаткан маселени кайра жандантуу Конституцияга киргизилип жаткан негизги жоболордон коомду алаксытуу үчүн айтылды дешсе, айрымдар бул демилге адам укугун басмырлоого жол ачат деп депутатты күнөөлөшүүдө.

Эмне себептен Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси улам көтөрүлөт? Буга материалдык жагдай түрткү берип жатабы же моралдык абалбы? Көп аял алуу социалдык жетимдердин санын азайтып, ата-эне жоопкерчилигин көтөрүшү мүмкүнбү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Таалайгүл Исакунова, “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун кызматкери Сүйүн Курманова жана Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын бөлүм башчысы Замир Ракиев катышты.

Орто жерде эки аял тең талкууга түшүп, моралдык жактан жабыркайт, ал эми аларга моралдык, материалдык мамиле, камкордук мырзанын гана каалоосуна жараша болуп калат.
Таалайгүл Исакунова

“Азаттык”: Таалайгүл айым, мен кечээ ушул программага даярданып жатып, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев менен баарлашканда көп аял алууга өзү каршы экендигин, бирок экинчи-үчүнчү аялдан төрөлүп жаткан балдардын жана аларды төрөгөн аялдардын укугун коргоо үчүн турмуштагы көрүнүштү мыйзам нугуна салып коюу керектигин билдирди. Кыргызстанда ушундай зарылдык бышып жетилдиби?

Таалайгүл Исакунова: Албетте, үй-бүлөдөгү зомбулук менен басмырлоодон улам укук коргоо бийликтерине кайрылган аялдарды карап көрө турган болсок, биринчи аялы да, экинчи аялы да кайрылышат экен. Анткени, алардын коомдогу социалдык-моралдык абалы өтө кыйын болуп калып жатат.

Коомчулук биринчи аялын “күйөөсүн кармап кала алган жок" деп кинелесе, экинчи аялдарын “бирөөнүн күйөөсүн тартып кетти” деп айыпташат. Орто жерде эки аял тең талкууга түшүп, моралдык жактан жабыркайт, ал эми аларга моралдык, материалдык мамиле, камкордук мырзанын гана каалоосуна жараша болуп калат. Кааласа фамилиясын берет, каражат жагынан каралашат, каалабаса бербейт, такыр карабайт. Демек ушул жагдайдан алып караганда эркекти аталык, күйөөлүк милдетин аткарууга мыйзам менен милдеттендирип коюу зарылдыгы бар, бирок анын дагы коомго тийгизер кесепети күчтүү.

“Азаттык”: Сүйүн айым, көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси алгач 1998-жылы, андан кийин 2007-жылы көтөрүлгөндө коомчулукта каршылык катуу болгон. Азыр да бул маселе кайра козголуп жатат. Буга эмне себеп? Же көп аял алуу мыйзамдаштырылса социалдык жетимдердин, таштанды балдардын санын азайтып, ата-эне жоопкерчилигин көтөрүшү мүмкүнбү?

Эки-үч аялы бар дегендердин саны эркектердин 70 пайызын түзүп калды деген маалыматтар бар. Демек, бул чечпейт, тескерисинче социалдык чыр-чатакты, социалдык теңсиздикти, социалдык чыңалууну жана адилетсиздикти жаратат.
Сүйүн Курманова

Сүйүн Курманова: Чындап эле бул маселе маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Аны кээ бир учурда мыйзам чыгаруунун башында турган адамдардан баштап жогорку мамлекеттик кызмат ээлегендер деле көтөрүп калат. Бирок коомдо ага карата каршылык күчтүү. Бул маселенин материалдык кызыкчылыгынан мурун башка кызыкчылык күчтүү болуш керек.

Ал эми социалдык көйгөйлөр чечилет деген суу кечпей турган иш. Социалдык маселе ушуну менен эле чечиле турган болсо мурда эле өзүнөн-өзү чечиле бербейт беле? Анткени, азыркы күндө иш жүзүндө эки-үч аялы бар дегендердин саны эркектердин 70 пайызын түзүп калды деген маалыматтар бар. Демек, бул чечпейт, тескерисинче социалдык чыр-чатакты, социалдык теңсиздикти, социалдык чыңалууну жана адилетсиздикти жаратат.

“Азаттык”: Замир мырза, көп аял алуу жөнүндө сөз болгондо эле сөзсүз түрдө буга төрт аял алууга чейин уруксат берген шарияты түрткү берип жатат деген ой пайда болот. Ислам дининде көп аял алууга негиз бере турган кандай талаптар бар? Көп аял алган эркектин аял, үй-бүлө, бала алдындагы жоопкерчилиги кандай?

Замир Ракиев: Дин сүйбөгөн же динге каршы адамдар ушул маселе чыкса эле дароо исламга шылтаган учурлар көп. Ислам дини ар бир кишини эле чуркап барып көп аял ал деген жери жок. Кыргызстанда калктын 90 пайызы мусулман, демек анын талаптарын туура тутушубуз керек.

Бирок шарият жол берет деп эле түшүнүп-түшүнбөй көп нерсени айта бербей, адегенде так түшүнүп туруп, анан маалымат берүү керек. Ислам дининде көп аял алууга уруксат берилет, бирок анын да өз негиздери бар. Андай чечимге баруудан мурун шарттарын толук түшүнүп, акыл-эс менен чечимге баруу зарыл. Анткени, эки башка аялдын өз ара мамилеси, алар төрөгөн балдардын ортосундагы мамиле жана аларды камсыздандыруу кандай болот деген маселе эң ириде чечилиши керек.

Эки аялдын жашоо шарты бирдей, балдарына мамиле бирдей адилеттүүлүктүн негизинде болуш керек. Эгер эки аялдын абалы эки башка болуп калса ошол адам Кудай алдында жооп берип калат. Бир же эки үй-бүлө куруудан мурун аны камсыздоо маселесин чечүү керек деп аалымдарыбыз талапты катуу коюшат жана аны бардык мусулмандарга жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG