Эндзиньш: Баш мыйзам тагдырын президент чечет
"Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Алманбет Шыкмаматовдун кайрылуусу боюнча Венеция комиссиясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча корутундусун 30-августта жарыялаган. Документтин урунттуу жерлери жөнүндө айтып берүүнү өтүнүп, биз комиссиянын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Айвар Эндзиньшке кайрылдык.