Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Жумабаева: эрте никеге тургандар азайбады


Бишкекте Эл аралык кыздар күнү белгиленүүдө. Ага карата бүгүн БУУ өкүлчүлүгүндө активист, спортчу, милицияда иштегендер жана мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар парламенттин бир катар депутаттары менен жолугушуп, укук жана башка олуттуу маселелерди сүйлөшөт.

Ушул темада БУУнун гендер боюнча эксперти Гүлбарчын Жумабаева "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Быйыл Кыргызстанда Эл аралык кыздар күнү кайсы ураан менен белгиленип жатат?

Гүлбарчын Жумабаева: 11-октябрда Эл аралык Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Бул аракет дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда өспүрүм кыздар баштан кечирип жаткан социалдык маселелерге бийликтин жана башка органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Төрт жыл мурда бул күндү белгилөө чечими кабыл алынганда эле эрте никеге турган кыздардын маселеси курч экени ачыкка чыккан. Буга байланыштуу жашы жете электердин турмушка чыгуусуна тыюу салуу маселеси көтөрүлүп, иш-чара ошого арналган.

Ал эми бүгүнкү күндүн темасы “Кыздардын максаты – өлкөнүн максаты” деп аталат. Бүгүн биздин активист кыздарыбыз бул маселени парламент депутаттары менен талкуулаганы жатышат.

"Азаттык": Укук коргоочулар Кыргызстанда кыздар көп учурда үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, зордуктоолорго, сексуалдык кулчулукка дуушар болорун айтып келишет. Кыздар азыркы кезде кандай жардамга муктаж?

Гүлбарчын Жумабаева: Мыйзамдын чегинде алардын укуктарын коргоого муктаж. Алардын көйгөйлөрү кайсылар? Биринчиден, билим алуунун чектелип калганы. Көптөгөн кыздардын билим алышына толук мүмкүнчүлүк жок. Анткени, дүйнөлүк жана Кыргызстандагы изилдөөлөргө таянсак, өспүрүм курагында турмушка чыккандар жылдан-жылга өсүп жатат.

Учурда Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Мунун алдын алуу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү маанилүү. Кыздарды эрте күйөөгө берип койгондун кесепетинен алар билим алуу, инсан катары толук калыптануу, ден соолугун чыңдоо үчүн мамлекеттик кызматтардан толук пайдалануу, жеткиликтүү турмушта жашоо, өмүрлүк түгөйүн эркин тандоо укуктарынан ажыроодо.

"Азаттык": Кыздарды коргоо боюнча укуктук аракеттер жетиштүүбү?

Гүлбарчын Жумабаева: Жакында эле, 5-октябрда Жогорку Кеңеш эрте никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоп берди. Муну жакшы жышаан, позитивдүү кадам десек болот. Эми анын жүзөгө ашуусуна үмүт артып турабыз.

XS
SM
MD
LG