Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Карасуулук аялдардын жүрүшү


Аялдардын жүрүшүнөн. Кара-Суу шаары,15-октябрь, 2012.
Аялдардын жүрүшүнөн. Кара-Суу шаары,15-октябрь, 2012.

15-октябрда Оштун Кара-Суу районунда Айылдык аялдардын эл аралык күнүнө арналган тынчтык акциясы өттү.

Акциянын алкагында беш жүздөй аял райондук бийликтин имаратынан маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасады. Ортодогу аралык - бир чакырымдай жол. Жүрүшкө чыккан айымдар Совет доорунда талааларда ырдалган “Колхозчу аялдын маршы” аттуу ырды ырдап басышты.

Баяндын аудиоверсиясын бул жерден угуңуз.





65 жаштагы Тахмила Гулова Савай айылынан келип, тынчтык жөө жүрүшүнө катышты. 40 жыл мурун Орусиядан Кыргызстанга келин болгон бул айым ошондон бери талаачылык менен алек болоорун айтып, өлкөнүн жүгүн учурда негизинен айылдык аялдар тартып жатканына токтолду:

- Мындай майрам мурда болчу эмес. Уюштуруучуларга рахмат. Ушундай майрам болот экен деп угуп, тиричилигибизди таштап келип, параддан өтүп жатабыз. Азыр Кыргызстандын турмуш-тиричилигин жалаң айылдык аялдар жүргүзүп жатат. Жүгөрү оробуз, пахта теребиз, дыйканчылык кылабыз. Талаа иштеринде жалаң эле аялдар. Жаштар баары Орусияда, алар Путинге иштеп жатышат. Не кылайлы, башка айлабыз деле жок...

Тынчтык акциясына чыккандар колдоруна гүл, шар жана аялдарды даңктаган плакаттарды көтөрүп алган. Баарынын жүзүндө майрамдык маанай билинип турду.

Акцияга улам эркектер да кошулуп, элет аялдарын колдогон мырзалардын саны он чакты болду. Алардын бири карасуулук Кадырбек Султанов:

- Аялдарыбызды колдойлу деп жүрүшкө кошулдук. Бизди зайыптарыбыз жашоодо дайым колдойт эмеспи, ошондуктан бүгүн биз да колдоп коёлу деп чечтик. Буларды бүгүн эле эмес, дайыма эле ар тараптан колдоп турууга милдеттүүбүз.

Кара-Сууда өткөн тынчтык акциясын Оштогу "Демилгелүү ишкер аялдар" коомдук фонду уюштурган. Анын жетекчиси Авазкан Ормонованын айтымында, жөө жүрүш үч максатты көздөйт:

- Биринчиси бул – кандайдыр чечимдерди кабыл алууда айылдык аялдардын активдүүлүгүн өстүрүү. Экинчиси - жакында боло турган шайлоолорго талапкер аялдардын санын көбөйтүүгө үндөө жана аларды колдоо. Үчүнчүсү - жөө жүрүш менен коомду туруктуу жашоого чакыруу.

Элет айымдарына арналган иш-чарага Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева да катышты. Ал бүгүнкү күндө айылдык аялдардын жашоо-шартын жогорулатууга багытталган мыйзамдарга муктаждык бар экенин айтат:

- Азыр Кыргызстандагы ар бир жаран жашоодо бир топ кыйынчылыктарга дуушар болууда. Алардын арасында элеттик айымдардын жашоосун баса көрсөткүм келет. Аларда заманбап жашоого болгон мүмкүнчүлүктөрү жок. Мен Жогорку Кеңештин депутаты болгонумдан соң, ушул маселени чечүүгө салымым катары мыйзам жазып беришим мүмкүн. Ал мыйзамды аялдардын өзү менен сүйлөшүп, алардын муктаждыктарына байкоо салып, анан жазам.

Айылдык аялдарды колдоо акциясы Кыргызстанда үч жылдан бери өткөрүлүп келатат. Элет аялдарын коомдогу жана жашоодогу орду, эмгеги канчалык баалуу экенин белгилөө максатында ар жылдын 15-октябрында Айылдык аялдардын эл аралык күнүн белгилөө тууралуу чечим 1995-жылы Бириккен улуттар уюмунун Бээжиндеги аялдар конференциясында кабыл алынган.


Аялдар жүрүшүнөн сүрөт баян

XS
SM
MD
LG