Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Спорт: мыктылар тандалат


28-майда Бишкекте өспүрүмдөр футболдук мелдеш башталды. Кипрде фехтования боюнча жана Германияда кайыкчылардын дүйнө Кубогунун мелдештери өтүүдө.

Бишкекте “Алга” командасынын оюнчусу Нурлан Ниязалиевди эскерүүгө арналган өспүрүмдөр футбол турнири башталды. Мында Чүй облусу менен Бишкек шаарынын 8 командасы катышууда.

“Алга” футбол клубунун жетекчиси Эмил Бусурманкуловдун айтымында, мелдеште мыкты ойногон балдарды тандап, Таласта өтө турган “Келечек” кубогуна даярдык болот.

Бул күнкү беттешүүлөрдө “Дордой” командасы менен олимпиадалык резерв балдар спорт мектеби 1:1 эсебинде тең чыгышса, Канттын “Абдыш-Ата” командасы “Жаштык-29” командасын утуп алышты. Мелдеш беш күнгө созулуп, жеңүүчүлөрү 1-июнь Балдарды коргоо күнү аныкталат.

Стритбол мелдеши

28-майда Бишкекте балдарды коргоо күнүнө карата стритбол боюнча мелдеш болду. Мында баскетбол боюнча балдар спорт мектебинин командалары жеңишке жетишти.

Партиячылар эрөөлдө

28-майда Бишкекте саясый партиялардын жаштар канатынын 1-футбол турнири өтүүдө. Мында 6 партиянын жаштар командалары мөрөй талашып жатканын СДПК партиясынын өкүлү Ренат Исмаилов “Азаттыкка” билдирди.

Кылыч чебери Александр Кипрде

28-майда Кипрдин Лимассол шаарында фехтования боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери башталды. Мында кыргызстандык кылыч чебери Александр Черных өлкө намысын коргоп жатат.

Эгерде ал арбын упай топтоп, байгелүү орунга илинсе Лондон олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал.

Ошондой эле дүйнө Кубогу июлда өтө турган Азия чемпионатына да камылга көрүүнүн, спортчуларды сыноонун ыңгай болууда.

Кайыкчылар Германияда

28-майда Германиянын Дуйсбург шаарында кайык жарыштары боюнча дүйнө Кубогунун 4-этаптык мелдештери башталды. Мында кыргызстандык 4 спортчу кайык жарыштарына катышууда. Былтыр Гуанчжоуда өткөн 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль баштаган жигиттер жеке жана 4 кишилик кайык жарыштарына катышып жатышат.

Кытайда дүйнөлүк таймаш

Учурда Кытайдын Чэнду шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө Кубогу үчүн таймашуулар өтүүдө. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган жүзгө жакын спортчу мөрөй талашып жатат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 4 жигит азырынча жоон ортодон ылдыйкы көрсөткүчтөргө ээ.

Мыктылар иргелип 29-майда финалдык таймашууларга укук алышат. Арбын упай топтоп, алдыңкы орундарды ээлегендерге Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат.

Тажикстанда эрежесиз кармаш

28-майда Тажикстандын Хоженд шаарында жаштар арасында эрежесиз эрендер кармашы башталды. Бул Борбор Азия биринчилигине Кыргызстандан жыйырмадан ашуун кыз-жигит катышууда. Турнирдин жеңүүчүлөрү 29-майда аныкталат.

China Open эл аралык турнири

29-майда бокс боюнча Кытайда China Open эл аралык турнири башталат. Мында Ала-Тоодон алты жигит өлкө намысын коргоого барышты.

Өлкөнүн бокс боюнча башкы устаты Адылхан Бекболотовдун айтымында, алардын катарында эл аралык мелдештерде мөрөй алышкан Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов, Асадулло Баймурадов жана Чыңгыз Борбашев бар.
XS
SM
MD
LG