Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Спорт: Адилет дүйнөлүк таймаштан олжолуу кайтты


Астанада уландар арасында бокстан дүйнө биринчилигинде кыргыз уланы Адилет Баатыралиев коло байгелүү болду.

31-июлда Астана шаарында 50 өлкөнүн жаш бокс чеберлери катышкан дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 12 жаш боксчу коргоп, алардан бирөө гана мөрөй алды. Дүйнөлүк таймашууда 60 кило салмактагы тажикстандык жана израилдик атаандаштарын уткан Адилет Баатыралиев үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Жаштардын улук машыктыруучусу, Азия оюндарынын коло медаль ээси Таалайбек Кыдыралиевдин айтымында, Кыргызстан 50 өлкөдөн 17-орунга илинди.


Келбеттүү, булчуңдуулардын Азия чемпионаты

Кыргызстандык Алексей Горностаев 29-июлда Монголиянын борбору Улан-Батордо өткөн бодибилдинг боюнча Азия чемпионатында экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу маалымат каражаттарына бодибилдинг жана фитнес федерациясынын президенти Тимур Жанабулов билдирди:

- Алексей Горностаевдин күмүш медалы быйыл ноябрда Индиянын Мумбай шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолун ачты, - деди Жанабулов.

Веранын Азия биринчилигиндеги коло байгеси

1-августта Сингапурда улан-кыздар арасында аскага, тик өйдө бийиктикке чыгуу боюнча Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Буга бишкектик Роман Ковалев, Вера Боголюбова жана Анастасия Шевцова катышты. Натыйжада 14 жаштагы В. Боголюбова аскага ылдам чыгууда үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Жаш альпинисттердин мөрөй талашуусу 4 ыкма, эреже менен өткөрүлдү.

Жаш суучулдардын жеңиши

1-августта Орусиянын Волгоград шаарынан кыргызстандык жаш суучулдар жеңиш менен кайтып келишти. Алар олимпиаданын үч жолку чемпиону Евгений Садовдун байгесине арналган эл аралык мелдеште 5 алтын, 3 күмүш медаль утуп алышты. Мелдешке катышкан 9 суучулдан Никита Пауков жалгыз өзү 3 алтын байгенин ээси болду. Азиз Сансызбаев менен Денис Петрашов да марага биринчи сүзүп жетти.

Жаш балбандарга сабак

31-июлда Румыниянын борбору Бухарестте уландар арасында эркин күрөштөн дүйнө биринчилиги соңуна чыкты. Мында өлкө намысын 5 жаш балбан коргоп, бирок ийгилик жарата алышпады. Самат Надырбек уулу гана жетинчи орунга жетип, чейрек финалда монгол балбанына алдырып койду.
Э
ркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин пикиринде, жаш балбандар ишенимди актай албаганы менен такшалуу мектебинен өтүп, сабак алып келишти.

“Нефтчи” командасынын атаандаштары аныкталды

30-июлда Малайзияда футболдон Азия конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык беттешүүлөрүндөгү атаандаштарды аныктоочу чүчүкулак кармалды. Бул финалдык оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасынын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди:

- Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы “В” тобунда «Яданарбон» (Мьянма) жана «Пномпень Краун» (Камбоджа) командалары менен күч сынашат. Ал эми «А» тобунда Кытайдын Тайбэйинин «Тайвань Пауэр», Түркмөнстандын «Балкан» жана Тажикстандын «Истиклол» командалары беттешет.

Футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, быйыл Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы баш байгеге талапкер болууга аракет кылган менен чемпион болушу кыйын. Бирок анын атаандаштарынын даярдыктары дурус болгондуктан оюндар курч өтүшү ыктымал.

Быйылкы Азия конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык беттешүүлөрү 19-сентябрдан 25-сентябрга чейин Кытайдын Тайван шаарында болот. Бул турнир 2005-жылдан бери ар жылы өткөрүлүп, Кыргызстандын чемпиону “Дордой” клубу 6 ирет катышкан. Алар эки жолу баш байгенин, эки ирет күмүш медалдын ээси болгон.

2010-жылы Азия конфедерациясынын президентинин Кубогунун Мьянманын «Яданарбон» командасы утуп алган.

Бишкек эл аралык теннис мелдеши

“Bishkek Open 2011” эл аралык теннис турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстан, Орусия, Грузия, АКШ, Индий жана Борбор Азия мамлекеттеринен 64 жаш теннисчи баш байге үчүн күч сынашты. Улан-кыздардан орусиялык Артем Оганесян менен Ксения Ласкутова баш байгенин ээлери болушту. Жуп болуп ойноодо дагы орусиялыктар мөрөй алышты.

Азиянын жел кайык жарышы

Учурда Сингапурда парус спорту боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында 118 жел кайык чебери өнөрүн көрсөтүүдө. Кыргызстандык Максим Фирсов менен Антон Еременко “Оптимис” үлгүсүндөгү жел кайык жарыштарына катышууда.

Бишкекте жайкы спартакиада

Учурда Бишкекте мектеп окуучуларынын, улан-кыздардын жайкы спартакиадасы өтүүдө. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбанбек Шерматовдун айтымында, бул мелдештер Курманжан датканын мааракесине арналууда. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү 5-августа аныкталат.
XS
SM
MD
LG