Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Азербайжан: дүйнө чемпионаты дүрбөлөң менен башталды


Бакыдагы бокс чемпионатынын ачылышы, 25-сентябрь.
Бакыдагы бокс чемпионатынын ачылышы, 25-сентябрь.

Ташкенттеги тай бокс дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 7 медаль жеңип алышты. 27-сентябрда Бакыда бокстан дүйнө чемпионаты улантылды.

Ташкент шаарында тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты соңуна чыкты. Мында 70 өлкөнүн 800дөн ашуун тандалган спортчусу мөрөй талашып, тай бокстан дүйнөнүн көп жолку чемпиону Антонина Шевченко дүйнөлүк атак-даңкын сактап калды. Антонина финалда швециялык Лины Лансбергди артыкчылык менен утуп алды. Анын сиңдиси, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Валентина Шевченко бул ирет экинчи орунду ээледи.

Тай бокс дүйнө чемпионатында кыргызстандык жигиттерден Алтынбек Бакытбаев, Тимур Баркалбасов жана Нурадин Канатбек уулу финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болушту. Данияр Кашкаров, Миралан Турсуналиев жана Галия Кудайбергенова үчүнчү орундарды камсыз кылышты. Спорт адистеринин баамында, Ташкентте калыстар калыстыктан тайган учурлар арбын болгон.

Дзюдочулардан үмүт үзүлө элек

Алматыда дзю-до күрөшүнөн Дүйнө кубогунун мелдештери да жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын отузга жакын спортчу коргоп, алардан Айканыш Аманова, Динара Кахарова менен Юрий Краковецкий 5-орунду ээлеп, коло байгени колдон алдырды.

- Алматыдагы дүйнөлүк таймашууда ийгиликкке жетишкендерге Лондон олимпиадасына жолдомо алууга упай берилди. Ошондуктан 30 өлкөнүн 250 балбаны күч сынашты. Эми октябрда Дубайда дагы дүйнө Кубогунун кезектеги таймашуулары болот. Биздин жигиттерден төртөө Лондон олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү бар, -дейт дзю-до федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов.

Бакыда бокстан дүйнө чемпионаты өтүүдө

Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү 26-сентябрда Азербайжандын борбору Бакы шаарында башталган бокс боюнча дүйнө чемпионатына бурулуп турган кези. Себеби ушул дүйнөлүк таймашуунун алдында Би-Би-Си маалымат агенттигинин талаштуу макаласы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Анда Азербайжандын бокс федерациясы Лондон олимпиадасында 2 алтын медаль үчүн алдын ала Эл аралык бокс федерациясына демөөрчү катары 9 млн. доллар төлөп койгону айтылган. Ошондуктан Бакы шаарындагы бокс боюнча дүйнө чемпионатына кызыккандар арбыды.

27-сентябрда дүйнө чемпионаты улантылды. Мында 137 өлкөнүн 700дөн ашуун тандалган спортчусу мөрөй талашып жатат.

- Бул дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгондорго 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Ошондуктан өлкө намысын 9 бокс чебери коргоп жатат,- дейт Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Бейшен Сабатаров.

26-сентябрда жеңил салмакта Асылбек Назаралиев индиялык Девендро Лайшрам менен алгачкы таймашууга чыкты. Натыйжада 14:8 эсебинде Асылбек атаандашынан утулуп, четке чыгып калды.

Ошондой эле 91 кг. салмакта Сергей Скляров ирандык Реза Морадхани менен рингде мөрөй талашты. Мында дагы Сергей женилүү ызасын тартып калды.

27-сентябрда 52 кило салмакта Азат Үсөналиев мексикалык Элиас Эмигдиого каршы турат. 56 кг. салмакта Өмүрбек Малабаев гватемалык Агирре Ромеро менен күч сынашмакчы. Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Чыңгыз Борбашевдин алгачкы атаандашы грузиялык Леван Гуледани болмокчу.

Билеги күчтүү жаштар

Тайланд өлкөсүнүн Потай шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпионатынан эки жаш балбан коло байге утуп келишти. 62 кг. салмактагы Улан Жакишев менен 69 кило Айдар Мадраимов келечегинен үмүткөр кылышты.

-Уландын жалпы көрсөткүчү- 248 кг. болсо, Айдар- 280 кило оордукту багындырды. Бул жаштар мындай Азия чемпионатына алгач ирет чыгып, ийгиликке ээ болушту. Аракет кылышса, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан болчудай,- дейт Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов.

Дүйнөлүк рекорддорду жаныркан кыргызстандыктар

Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери өтүүдө. Мында кыргызстандык Алина Потылицина кыз-келиндер арасында дүйнөлүк рекордду 4 ирет жаңыртып, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык жигит Петр Кучерявых Орусиянын спорт чебери аталып, ал дагы дүйнө рекордун жаңыртты. Данил Мирошченко жана Шухрат Дараев күмүш байгелүү болду. Дүйнө кубогунун таймашууларына кыргызстандык 8 спортчу катышууда. Күч сынашуулар 3-октябрда жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG