Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Грек-рим күрөштөн өлкө чемпиондору аныкталды


14-январда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча 2012-жылдын чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталды. Мында бардык облустардын, Ош жана Бишкек шаарларынын балбандары мөрөй талашты.

14-январда Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы спорт борборунда грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн 2012-жылкы чемпионаты жыйынтыкталды.

13-январда грек-рим күрөшүнөн 4 салмак боюнча жүздөн ашуун балбандан Кыргызстандын 2012-жылкы чемпиондору аныкталса, 14-январда үч салмак боюнча таймашууларга токсонго жакын балбан катышты.

Жеңил салмакта өлкө чемпиондугу үчүн финалда Азия чемпиону Арсен Эралиев менен 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков күрөшүп, бул ирет жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Арсен Эралиев жеңип алды.

60 кило салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев табында экенин далилдеп, финалда жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Атай Койчукуловду утту. "Эми башкы максат март айында Астанада өтүүчү мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алуу", - деди “Азаттыкка” Руслан Түмөнбаев.

66 кило салмакта мыктылар иргелип отуруп, финалга жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү, бир туугандар Руслан жана Роман Царевдер чыгып, Руслан жеңишке жетишти.

74 кг. салмакта финалда олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Темирлан Таиров менен жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Бөдөшев күч сынашып, Темирлан чемпиондук наамга жетти.

Темирлан ушул салмакта мыкты балбан, Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновду утуп, Азия, дүйнө чемпиону болсом деген тилегин “Азаттыкка” билдирди.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде, Бээжин олимпиадасынан кийин бул күрөшкө кызыккан жаштар арбын болуп, быйылкы чемпионат атаандаштык мүнөздө өттү.

84 кг. салмактын баш байгеси үчүн жаштар арасында Азия чемпионатынын коло медаль ээси Азат Бейшебеков менен уландар арасында Азия чемпиону Абдрашит Абдымажит уулу күрөшүп, Азат өлкө чемпиону аталды.

96 кг. салмакта Кыргызстандын көп жолку чемпиону, олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Эркинбаев финалда жалалабаддык Тынычбек Токторбаевди утуп, өткөн жылкы чемпиондук наамын сактап калды.

120 кг. салмакта олимпиадалык даярдоо борборунун жаш балбаны Камбар Жоробеков атактуу балбан, Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимовду утуп, келечегинен үмүткөр кылды. Башкы машыктыруучу Эмил Алыкулов:

- Бул ирет жаштарды сындан өткөрдүк. Данияр, Жанарбек, Канат, Русландын жолун улантууга, алар менен теңата күрөшүүгө, намыскөй, дилгир жаштар арбын болгону кубандырат. Алдыда Лондон олимпиадасына жолдомо алуучу мелдештер, сыноолор, Азия, дүйнө чемпионаттарынын мелдештери турат.

Бул ирет Кожомкул атындагы спорт ордосуна күйөрмандар арбын келип, балбандарды сүрөөнгө алып, бир кумардан чыгышты.
XS
SM
MD
LG