Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Самбо: кыргызстандыктар Монголияда таанылды


16-октябрда Болгариядан жана Монголиядан кыргыз спортчулары жеңиш менен келишти.

16-октябрда Болгариядан кыргызстандык самбо чеберлери олжолуу келди. София шаарында улан-кыздар арасында өткөн самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Нурсултан Артыкбай уулу, Анара Жумалы кызы коло байге утту.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек уулу Жамалбек финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Бул дүйнөлүк таймашуулардын жыйынтыктары тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев билдирди.

- Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек уулу Жамалбек, уландар арасында Азия чемпиону Нурсултан Артыкбай уулу жана Азия биринчилигин коло байге ээси Анара Жумалы кызы дүйнө чемпионатында үчүнчү орундарды камсыз кылды. Бул - Кыргызстан үчүн жакшы ийгилик.

Софиядагы дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргоду.

Эки жаш балбан Азия кубогун утту

16-октябрда Монголиядан 2 кыргызстандык жаш балбан жеңиш менен кайтып келишти. Улан-Батор шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия кубогу үчүн күч сынашууда Даулет Майназаров менен Cыргак Абдраманов баш байгени утуп келди.

Улан-Батордогу Азия кубогуна калыстык кылып келген өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Азия кубогу үчүн уландар, жаштар жана чоңдор күч сынашуулар курч мүнөздө өттү. Каражат маселеси чечилбей, жол кире, бардык чыгымдарды демөөрчүлөр төлөп берип, Азия кубогуна командабыз толук курамы менен катышпай калды. Ошондой болсо да эки жаш балбанды алып барсак, экөө тең ишенимди актап, Азия кубогунун алтын медалын тагынды. Келечегинен үмүткөр кылган жаш балбандар Даулет Майназаров менен Сыргак Абдраманов да өлкө намысын татыктуу коргоп, кыргыз өңүн таанытты. Мына ушундай мелдештерге жаштарды көп жиберсек, алар такшалып, тажрыйба топтоп келишет.

Он жети жаштагы Сыргак Абдраманов 56 кило салмакта күч сынашты. Ал 95 кило оордукту жулкуп, 120 кг. салмакты түртүп көтөрүп, Азияга таанылды. Былтыр да Сыргак Азия кубогунда коло байге уткан.

Жаш балбан Даулет Майназаров он алты жашта. Майназаров 50 кило салмакта күч сынашып, 85 кг. оордукту жулкуп, 105 кило салмакты түртүп көтөрүп, Азия кубогунун ээси болду.

Кыргыз футболчу кыздар таанылды

6-октябрдан 15-октябрга чейин Мексиканын борбору Мехико шаарында футбол боюнча турак жайы жоктор арасында футболдон дүйнө чемпионаты өттү. Мында эркектердин 48 командасы, кыз-келиндердин 14 командасы беттешти.

Кыргызстандын кыз-келиндер командасы 14 командадан 5 орунду камсыз кылды. Кыздар арасында талаа ээлери мексикалыктар баш байгенин ээси болду.

Бразилия экинчи, Чили үчүнчү орунду камсыз кылышты. Кыргызстандык кыздар командасы Парагвай, Канада, Британия, Аргентина, Гватемала командаларын ири эсеп менен утуп алышты. Атаандаштарынын дарбазасына 93 топ киргизүү менен адистердин көңүлүн бурду.

Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” билдирди.

- Кыргызстандын кыз-келиндер командасы Чилини 4:3 эсебинде, Парагвай командасын 12:1 эсеби менен утуп алган эле. Ошондой эле Канаданын кыз-келиндер командасын 18:0 эсебинде, футболдун мекени аталган Британиянын командасын, АКШны, Аргентина, Гватемаланы да жеңип, бешинчи орунду ээледи. Бул дүйнө чемпионатында оюн талаасында төрттөн оюнчу ойноду. Кыргызстандан Канттын “Абдыш-Ата” командасынан эки кыз барды. Кыргызстандын атынан мексикалык эки футболчу кыз да ойноду.

Жолдун алыстыгынан жана кендирди кескен каражаттын айынан кыргызстандык футболчу кыздар Мексикага толук баралбады. Футболчу кыздардан Акмарал Жумалиева менен Жылдыз Боркулова гана барып, атаандаштарынын дарбазасына арбын топ киргизүү менен адистердин көңүлүн бурду. Жылдыз Боркулова атаандаштардын дарбазасына 25 топту таамай тепсе, Акмарал Жумалиева 15 топ киргизди. Калган 53 топ мексикалыктарга тааныдык.

Бильярддан Зайлан Адамов - чемпион

Бишкекте өткөн бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Кыргызстандын чемпионатына өлкө аймагынан тандалган 48 оюнчу катышты. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында спорт чебери Зайлан Адамов өлкө чемпиону аталды. Ал финалда 18 жаштагы Азат Сабыр уулун 7:4 эсебинде жеңип алды.

Ал эми Азат Сабыр уулу жарым финалда дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, эл аралык спорт чебери Канат Сыдыковду утуп, баш байгеге талапкер болгон. Канат Сыдыков менен Ызатбек Ратбеков үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Бильярд оюну боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаевдин айтымында, жеңүүчүлөр 18-октябрда Минск шаарында баштала турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.

Машыктыруучу Ильс Адамовдун пикиринде, жыл өткөн сайын бул спортко кызыккандар арбып, жаш таланттар таанылууда.

18-октябрда Минскиде баштала турган дүйнө биринчилигинде өлкө намысын дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев баштаган 8 жигит, 1 кыз коргойт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG