Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Cпорт чылбырын ким тартат?


Лондон олимпиадасында кыргыз спортчуларынын ийгилик жарата албай калганын адистер спорт тармагындагы башамандыктан көрөт.
Лондон олимпиадасында кыргыз спортчуларынын ийгилик жарата албай калганын адистер спорт тармагындагы башамандыктан көрөт.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Байгазы Кенжебаев кызматтан кетти. Ушуну менен бул тармакта 20-жетекчи алмашты.

Дене тарбия жана спорт агенттикте жетекчилер бир-эки жылга жетпей тез-тез алмашууда. Мунун кесепетинен спортчулар гана жабыр тартып жатканын адистер белгилеп келет. Улуттук олимпиада комитетинен баш катчысы Канат Аманкулов жетекчилик орунга ишбилги адам келсе деген ниетин билдирди:

- Спорт тармагынын көйгөйлөрүн мыкты билген адисти тандоодо Жогорку Кеңештин депутаттары дилетанттык кылып, татыктуусу жетекчи болбой жатат. Бул тармактын көйгөйлөрүн билбеген кадрлардын айынан реформа болгон жок.

Ал ортодо Дене тарбия жана спорт агенттигин жетектөөгө Александр Воинов баштаган спортчулардан тартып, буга чейин саясат айдыңында жүргөн Бектур Исаков, Жусуп Жээнбеков ж.б. бир нече белгилүү адамдар талапкер экени айтылууда. Дзюдо боюнча улук устат Талант Дүйшөнбеков бул орун фракциялар ортосунда да талаш жаратканынан кабардар экенин маалымдады:

- Учурда спорт агенттигинин жетекчилиги Жогорку Кеңештеги фракциялар ортосунда көкбөрү сымал талашка түшүп, “Ар-намыс” партиясы көздөй кишисин коюуга кызыкдар дешет. Башка фракциялар да өздөрү сүрөөнгө алган “тааныштарын” жетекчиликке койсок деп турушат.

Бирок жетекчи мээлейдей алмашканы менен спорт тармагында жылыш болбой жатканы кашкайган чындык. Былтыр, Лондон олимпиадасында кыргыз спортчуларынын ийгилик жарата албай калганын да адистер ушундан көрөт. Олимпиада чемпиону, мурдагы спорт министри Каныбек Осмоналиев спорт саясаттан тышкары болмоюн бул кырдаал улана берет деген пикирде:

- Бул тармактын өзгөчөлүктөрүн билип, көйгөйлөрүн чечүү үчүн жок дегенде 4-5 жыл убакыт кетет. Ошондуктан депутаттар же фракция жетекчилери бул орунду талашканы туура эмес. Спорт тармагын жетектейм деген талапкерлер коомчулук алдында программасын айтып, кризистен кантип чыгарууга аракет кыларын билдириши керек. Анан үч-төрт талапкерди тандап, аларды өкмөт башчысы кабыл алып, кеңешип чечсе дурус болмок. Бир фракциянын өзүмбилемдик менен чечип койгонунан абал өзгөрбөйт.

Мына ушундай эле пикирге Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов да кошулуп, агенттиктеги кадр саясатынын туруктуулугу спорттук ийгиликтердин өбөлгөсү болорун билдирди. “Бөдөнөнү да касапчы сойгондой, спорттун ийне-жибине чейин билген адис келсе”-дейт ал.

- Учурда бул орунга куда түшүп, жетекчи болсом деп чуркап жүргөндөр арбын. Эгемендик алган 20 жылдын ичинде бизге кимдер гана жетекчи болбоду! Иштин көзүн билбеген дилетанттар келип, кризисти тереңдетип жиберишти. Кыргыз спортунун тагдырын, келечегин депутаттар терең ойлонуп, татыктуу талапкерди гана тандап берсе дейм.

Спорт тармагын кимдер жетектеген?

Кеңеш доорунда спорт тармагын Дөлөн Өмүрзаков отуз жылдан ашуун убакыт жетектеп, өлкөдөгү ири спорт жайларынын, стадиондордун курулушуна, Москва олимпиадасында кыргызстандык спортчулардын мөрөй алышына салым кошкону жылуу маанай менен эскерилип келет.

Эгемендикке жаңы жеткенде кыргыз спортунун башында турган Эшим Кутманалиевди "ээрден" шыпырып түшүрүп, анын ордуна оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев төрага болгон. Андан кийин бул тармакты төрт жыл мурдагы комсомолдук, партиялык ишмер маркум Мырза Капаров жетектеген.

Белгилүү кино режиссер Болот Шамшиевге да бул кызмат буюруган экен, 2 жылдай иштеди. Бир жылга чукул парламенттин экс-депутаты, маркум Шералы Сыдыков жетекчи болду. Ошол учурда Бишкекте алгач ирет Борбор Азия оюндары өткөрүлгөн. 2000-2001-жылдары бул тармакты спорт чөйрөсүнөн кыйла алыс, бирок Аскар Акаевдин досу, негизги кесиби телерадио инженери Асанбек Үсөкеев башкарды.

Өкмөтбек Алмакүчүков, Бектур Асанов, Бакиевдин учурунда Александр Воинов менен Айдарбек Керимкулов жетекчи болгонго үлгүрүштү. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Алмазбек Касенов эки жылдай иштеп, Алматыдагы башкы консул Үмбөт Кадыралиевге тизгинди тапшырды. Көп узабай ал да кетип, анын ордуна келген Байгазы Кенжебаев Лондон олимпиадасынын шылтоосу менен кызматтан алынды. Кызыгы, жогоруда аты аталгандардын айрымдары бул ирет да ушул орунга ат салышууда.

Дагы бир көйгөйлүү жагдай, эки жумадан бери спорт агенттигине жетекчи дайындалбай тургандыктан быйыл июнда, Бишкекте өтө турган оор атлетика боюнча уландар арасындагы Азия чемпионаты үзгүлтүккө учураганы турат. Себеби аны уюштуруу иш-чараларына жетекчи гана жооп берип, документтерге анын колу гана жарактуу дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG