Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Балбандар Армениядан олжолуу кайтты


Эркин күрөш боюнча Арменияда өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 4 медал утуп алды.

Ванадзор шаарында өткөн эркин күрөш боюнча олимпиаданын күмүш байге ээси Степан Саркисяндын байгесине арналган эл аралык турнирде 1 күмүш, 3 коло медаль утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев билдирди.

66 кг салмакта Улукман Маматов финалга чейин жетип, баш байге үчүн таймашта америкалык Брент Меткалфка аз упай менен утулуп, күмүш медаль тагынды.

Бул турнирде Азия чемпиону Базар Базаргуруев (60 кг), Иннокентий Иннокентьев (74 кг) жана Айаал Лазарев (120 кг) коло байгелүү болду.

Казакстандагы шахмат фестивалы

Бул күндөрү кыргызстандык Андрей Мазницын Казакстандын Павлодар шаарындагы эл аралык шахмат фестивалына катышууда. Ал алгачкы беттешүүнү жеңип, экинчисинде утулуп, үчүнчүсүн тең чыгуу менен жыйынтыктады.

"Үч турдун жыйынтыгында Мазницын мүмкүн болгон тогуз упайдын 2,5 упайын чогултту", - дейт федерация президенти Милан Турпанов.

Шахмат фестивалынын катышуучулары А, В жана С топторунда күч сынашып жатышат. Биринчи топто эл аралык рейтингге кирген шахматчылар мелдешсе, кийинки эки топто өспүрүмдөр арасында сынак жүрүп жатат. Эң күчтүү шахматчылардын катарында казакстандык Асхат Нукин, Вячеслав Ложников, Серик Солтанов, кыргызстандык Андрей Мазницын жана башкалар бар.
Быйыл турнирге Кыргызстандын шахматчылары алгачкы жолу катышууда.

Москвада теннис турнири

8-августта Москвада теннистен эл аралык турнир улантылат. Мында кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина катышууда. Палкина алгачкы оюнун орусиялык Полина Виноградовага каршы өткөрүп, жеңилүү ызасын тартып калды.

Андан тышкары кыргызстандык Ксения Палкина жуп мелдештерге да катышат. Ал орусиялык Яна Сизикова менен бирге Орусия жана Украинанын спортчуларына атаандаш болот.

Москвадагы Summer Cup турнири 12-августта жыйынтыкталат. Турнирдин жалпы байге фонду 25 миң долларды түзөт. Мында 7 өлкөдөн тандалган элүүдөй теннисчи күч сынашууда.

Футбол: Кыргызстанда “Достук кубогу” жыйынтыкталды

3-августтан бери Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча уландар арасындагы эл аралык “Достук кубогу” турнири өтүп, 7-августта жыйынтыкталды. Мында Кыргызстан, Беларус, Азербайжан жана Тажикстандын жаш футболчулары катышты.

7-августтагы акыркы беттешүүдө Кыргызстандын уландар тандалма командасы Азербайжандын футболчуларын 2:1 эсебинде утуп, турнирдин күмүш байгесине татыктуу болушту. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн бул оюнда эсепти 13-мүнөттө кыргызстандык чабуулчу Алишер Турусбек уулу ачты. Оюндун 35-мүнөтүндө Азербайжандын дарбазасына чабуулчу Рамис Эралиев топту таамай тээп, эсепти 2:0 кылды. Экинчи таймда азербайжандык Элчин Алиев жооп кылып, эсепти бирге кыскартты. Оюн курч мүнөздө өткөнүн, быйылкы атаандаштар күчтүү болгонун “Азаттыкка” чабуулчу Рамис Эралиев айтып берди.

Кыргызстандык жаш футболчуларды бир ай гана машыктырып, убакыт чукул болуп калганын жапондук машыктыруучу Кеничи Ятсухаши моюнга алды.

Бишкектеги беттешүүдө Тажикстан менен Беларустун тандалма командалары ойноп, 1:0 эсебинде тажикстандык футболчулар жеңип, быйыл да үчүнчү ирет баш байгени утуп алышты. Үчүнчү орун азербайжандык футболчуларга ыйгарылды.

“Достук кубогу” эл аралык турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Тажикстан жана Беларустун Кыргызстандагы элчилери Олим Рахимов менен Виктор Денисенко катышып, жаш футболчуларга ийгилик каалады.

Оюнда айырмалаган жаш футболчуларга федерация өзүнчө сыйлыктарды да тапшырды. Мыкты дарбазачы деп кыргызстандык Тимур Веселов таанылды. Мыкты коргоочу деген сыйлыкка да кыргызстандык Айдар Мамбеталиев арзыды. Азербайжандык Якуп-зааде Юсуп мыкты жарым короочу, беларус Красмир Капов мыкты чабуулчу аталды. “Достук кубогунун” эң мыкты оюнчусу деген сыйлык тажикстандык Рустам Талибовго ыйгарылды.

АКШда дзюдо дүйнө чемпионаты

8-августта Америка Кошмо Штаттарынын Майами шаарында дзюдо боюнча уландар арасындагы дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын жооптуу кызматкери Эркин Кадыракунов билдирди.

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 9 спортчу коргойт: Алардын катарында Орозбек Сапарбеков, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Рыскул уулу Эртабылсын жана Алибек Чороев, Эрмек Сариев жана башкалар бар. Кыргызстандын делегациясын дзюдо федерациясынын башкы катчысы Эмил Рыскулов жетектеп барды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG