Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Польшада кол күрөш мелдеши башталды


Польшада өтүп жаткан дүйнө чемпионатына кыргызстандык кол күрөшчүлөр да катышууда.

Бразилиядагы дзюдо чемпионатынын сабактары

1-сентябрда Бразилиянын борбору Рио-де-Жанейро шаарында дзюдо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бир жумага созулган таймашка 123 өлкөнүн жети жүздөй балбаны катышты. 415 эр-азамат жана 258 кыз-келин жетиден чемпиондук наам үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында командалык эсепте биринчиликти дзюдонун мекени - Жапония колдон чыгарган жок. Алар бул ирет 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгелүү болду. Экинчи орунду 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен Франция ээледи. Кубанын эки балбаны дүйнө чемпиону аталып, бул көрсөткүч аларды командалык эсепте үчүнчү орунга көтөрдү. 123 өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алган 2016-жылкы олимпиаданын кожоюну Бразилия бул ирет 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгелүү болуп, 4-катарга турду. Монголия 1 алтын, 1 күмүш байге утуп, бешинчи катарга илинди. 66 кило салмактагы казак балбаны Азамат Муканов финалга чейин жетип, жапон Масаси Эбинумага гана жеңилип, күмүш медаль тагынды. Бул ийгилик Казакстанды 14-орунга көтөрүп койду.

Бразилиядагы дзюдо чемпионатында Кыргызстандын намысын Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий коргоп, ийгиликке жетпеди. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын башкы катчысы Эмил Рыскулов кабарлады.

90 кило салмакта Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чыңгыз Мамедов дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашы кувейттик Ганам Алдиканды артыкчылык менен утуп алды. Кийинки беттешүүдө анголалык балбан Энрике Жоаоуну да жеңип, чейрек финалга чыкты. Бирок чейрек финалда грек балбаны Илиас Илиадиуска алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

100 кило салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, жаштардын биринчи олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов кубалык Хосе Арментероско туруштук бере албады.

Чемпионаттын акыркы күнү - 1-сентябрда оор салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкийдин татамидеги биринчи атаандашы литвалык Мариус Пашкевичус болуп, аны утуп алды. Бирок кийинки беттешүүдө бразилиялык Рафаэл Сильведен утулуп, байгелүү орундарга илинбеди.

Дүйнө чемпионатынын алгачкы күндөрүндө эле Ислам Баялинов менен Азат Кубакаеев күйөрмандардын ишенимин актай албады.

-Ушундай дүйнөлүк таймаштарга катышып туруу менен балбандардын чеберчилиги жогорулап, сабак алышат,- дейт учурунда дзюдо боюнча СССРдин чемпиону болгон Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Жалгыз суучул жеңишке жетпеди

1-сентябрда Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүндө сууда сүзүү боюнча уландар арасында дүйнө биринчилиги соңуна чыкты. Дубайдагы жарыштарга кыргызстандык суучул Кирилл Вайс гана жалгыз барды. Вайс сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн 50,100 жана 200 метр аралыктагы жарыштарга катышты. Ал Дубайда өлкөнүн жаңы рекордун жаңыртканы менен байгелүү орундарга илинбеди. Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев кабарлады.

Дүйнөлүк кайык жарыштары

2-сентябрда Германиянын Дуйсбург шаарында грелбе кайык жарыштары боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. 200 метрге жалгыздап сүзгөн кайык жарышында Руслан Молтаев өз тобунда 6-орунду ээлеп, жарым финалга жолун ачкан. Бирок жарым финалдык жарышта сегизинчи болуп, баш байгеге талапкер боло албады.

- Эки кишилик кайык жарыштарында Максим Бондарь менен Игорь Дорофеев жарым финалга чейин жетип, финалдык топко кирбей калды, - дейт башкы устат Олег Роганов.

Польшада билеги күчтүүлөр сыналууда

2-сентябрда Польшанын Гдыня шаарында кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мында өлкө намысын 9 спортчу коргоп жатат. Алардын катарында кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону Ольга Ярославцева, Азия чемпиондору Александр Ли, Бактияр Кубанычбек уулу жана башкалар бар. Команданы армрестлинг федерациянын президенти Жээнбек Мукамбетов баштап барды.

- Каражаттын тартыштыгынан жана демөөрчүлөр колдоого албагандыктан Польшадагы дүйнө чемпионатына айрым күчтүү спортчулар барбай калдык, - дейт Азиянын үч жолку чемпиону Айнура Асанбекова.

Польшадагы кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 7-сентябрда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG