Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Көкбөрү: мыктылар иргелди


18-октябрда Бишкектеги спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча "Манас оюндарынын” ордо оюну боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

18-октябрда Бишкектеги "Ак кула" ат майданында “Манас оюндарынын” көкбөрү боюнча мелдештери уланды.

Мыктыларды иргеп алуу оюндарына 7 облустун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары катышууда. Жарым финалда Бишкек шаарынын улакчыларын чүйлүк жигиттер 13:2 эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бири болду.

Экинчи жарым финалда Ысык-Көл облусунун командасы таластык улакчыларды 5:3 эсебинде жеңип, баш байге үчүн жолун ачты. 19-октябрда финалда чүйлүк жана көлдүк жигиттер мөрөй талашат. Үчүнчү орун үчүн Бишкек шаары менен Талас облусунун командалары күч сынашат. Жалал-Абаддын улакчылары нарындыктарды утуп алды.

"Түштүк аймагындагы командалардын аракети кубандырат. Ош, Жалал-Абад облусунун командаларында мыкты жигиттер өлкөнүн тандалма командасына мүчөлүккө талапкер болучудай",-дейт спорттук баяндамачы Табылды Асыгалиев.

Ордо оюну Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын спорт аянчасында аяктады. Командалык эсепте баш байгенин ээси таластык ордочулар болду. "Экинчи орунду Бишкек шаарынын, үчүнчү орунду Ош облусунун командасы ээледи", - деди “Азаттыкка” башкы калыс Искендер Кожокеев.

Талас облусунун командасынын жетекчиси Чубак Карабалаевдин айтымында, ушундай мелдештер гана улуттук оюндарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Тогуз коргоол боюнча мелдештер Улуттук китепканада өтүүдө. Тогуз коргоол боюнча башкы калыс Элмира айтымында, 9 команданын 72 оюнчусу акыл таймашына катышууда.

18-октябрда “Ак кула” ат майданында көкбөрүдөн сырткары оодарыш, тыйын эңмей жана кыз куумай ат оюндары да болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

"Кыздардын улуттук кийимдери, ат жалындагы чеберчилиги жигиттерден жогору болду", - деди “Азаттыкка” дене тарбия, спортко эмгек сиңирген кызматкер Жетиген Мааданов.

Кыз-куумайда командалык эсепте биринчи орун Чүй облусуна ыйгарылды. Кыздардан баш байгенин ээси чүйлүк Элиза Чубак кызы болду. Жигиттерден оштук Мелис Досуев биринчи орунду ээледи.

Оодарышта оор салмакта оштук Канатбек Алманов “Манас оюндарынын” чемпиону аталды. Чүйлүк Үсөн Момункулов экинчи, нарындык Кенжебек Чалбай уулу үчүнчү орундарды ээлдеди.

85 кило салмакка чейинки жигиттерден таластык Күмүш Кыдыралиев баш байгенин ээси болду. Чүйлүк Нурлан Аипов күмүш, оштук Мирсеит Ботобаев коло байгелүү болду.

Тыйын эңмей оюнунда чүйлүк Калысбек Байзаков, таластык Нурлан Ибраимов жана оштук Манас Ниязовдун шамдагайлыгы, чеберчилиги бааланды.

19-октябрда көкбөрү боюнча финалдык беттешүүлөр, кунан чабыш, жорго салдыруу, аламан байге улуттук ат оюндары өткөрүлөт.

“Манас” оюндарына жалпы 700дөн ашуун спортчу катышууда. “Манас” оюндарынын жалпы байге фонду 5 миллионго жакын сомду түзөт.

“Манас оюндарынын” жабылыш аземи 19-октябрь күнү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен "Ормон хан" фонду тарабынан берилет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG