Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Акыл таймашы: Исаев үчүнчү орунду ээледи


26-ноябрда Орусияда өткөн гиря боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык спортчу күмүш байге утуп келди. Москвада бильярд боюнча Кремль кубогу таймаштары өтүүдө.

25-ноябрда Орусиянын Тюмен шаарында чоюн көтөрүү спорту боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 3 спортчу коргоду.

Кыз-келиндер арасындагы күч сынашууда 68 кило салмактагы кыргызстандык Екатерина Старикова 16 килограмм гиряны 197 жолу бийик көтөрүп, дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ал дүйнө чемпиону болгон атаандашынан бир упайга гана утулду.

Эр-азаматтардын күч сынашуусунда 73 кило салмактагы бишкектик Руслан Тагиров төртүнчү орунга илинди. 78 кило салмактагы чоюн билек балбандардан кыргызстандык Анатолий Богатый алтынчы орун менен чектелди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Кыргызстандык спортчулар дүйнө чемпионатына алгач ирет катышып, адистердин көңүлүн бурду.

Тай бокс: Эсенбек Кадыркуловдун жеңиши

Орусиянын Омск шаарында тай бокс боюнча эл аралык турнир соңуна чыкты. Мында 60 кило салмактагы Эсенбек Кадыркулов орусиялык Илья Неберекутаевди биринчи раундда эсин оодара согуп, жеңишке эрте жетти. Эсенбектин өнөктөрү Бекжан Матысаев менен Мирлан Сарткалмаков жеңилүү ызасын тартып калды.

Балбан Шадыбек Сулайманов табында

26-ноябрда Азербайжандан кыргыз балбаны Шадыбек Сулайманов эл аралык Алтын Гран-при турниринен коло медаль утуп келди.

Баку шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандан беш балбан барган. Жеңил салмакта 2010-жылкы Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Шадыбек Сулайманов менен Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков экөө үчүнчү орун үчүн күрөштү. Бул ирет Каныбекти Шадыбек утуп, коло байгелүү болду.

Венгриядагы Гран-при турниринде коло медаль уткан Каныбек Жолчубеков бешинчи орунга илинди. Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Азат Бейшебеков сегизинчи, Атай Койчукулов менен Руслан Царев он төртүнчү орун менен чектелди. Бул тууралуу «Азаттыкка» грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев кабарлады.

Бильярд: Кремль кубогу

Бул күндөрү Москва шаарында бильярд боюнча Кремль кубогу эл аралык турнири өтүүдө. Мында 10 өлкөнүн үч жүздөн ашуун тандалган кий чебери мөрөй талашууда.

Кремль кубогу мелдешине Кыргызстандан 11 спортчу катышууда. Алардын катарында бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, өлкө чемпиондору Ызатбек Ратбеков, Дастан Лепшаков жана башкалар бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын өкүлү, спорт чебери Ильяс Адамов маалымдады.

Каныбек Сагынбаев алгачкы атаандашы орусиялык Павел Подьезжаловду утуп, кийинки таймашууларга жолун ачты.

Шахмат: Түркияда таанылган Чыңгыз Исаев

26-ноябрда кыргызстандык 8 жаш шахматчы Түркиядан кайтып келди.

Эскишехир шаарында өткөн эл аралык шахмат турнирине түрк тилдүү 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Мында 14 жаштагы Чыңгыз Исаев үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Айдар Кененбаев жана Жакшылык Нурланов бешинчи орунду камсыз кылышты.

"Акыл таймашы абдан курч мүнөздө өттү. Кыргызстандык шахматчылар адистердин көңүлүнө толду. Бул мелдеш декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктын башаты болду", - дейт машыктыруучу Эсенбек Базакечов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG