Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Кыргыз балбаны - дүйнө чемпиону


6-декабрда Азербайжанда оор атлетика боюнча Гран-при эл аралык турнири башталды. Кыргыз балбаны Азизбек Куйкеев Малайзиядан дүйнө чемпиону болуп кайтты.

5-декабрда Малайзиядан кыргыз балбаны олжолуу келди. Паненг шаарында өткөн оор атлетика боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында Азизбек Куйкеев алтын медаль утуп келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” дүйнө чемпиону Азизбек Куйкеев өзү маалымдап, мелдеш курч мүнөздө өткөнүн айтып берди.

Дүйнө чемпионатында 50 өлкөнүн эки жүз элүүдөй балбаны күч сынашты. Мында өлкө намысын токмоктук машыктыруучу Азизбек Куйкеев жалгыз коргоду.

Азизбек Куйкеев 77 кило салмактагы 50-54 жаштагы курактагы ардагерлер менен мөрөй талашты. Ал 185 кило оордукту багындырып, дүйнө чемпиону аталды. Австралиялык атаандашы экинчи, өзбекстандык балбан үчүнчү болду.

Тасманы бул жерден көрүңүз.

Кикбоксчулардын коло байгеси

6-декабрда Түркиядан кубанычтуу кабар келди. Анталия шаарында өтүп жаткан кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз жигиттер 2 коло байгелүү болду.

54 кило салмакта Уланбек Касымбеков жана 81 кило салмакта Кумар Жалиев үчүнчү орундарды ээлешти. Бул тууралуу “Азаттыкка” дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев сүйүнчүлөдү.

Сентябрь айында алдамчылардын айынан Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатына кыргызстандык жигиттер катышпай калышкан.

Азия чемпионатында кыздар экинчи орунда

Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында карате-до чыгыш өнөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө намысын 13 спортчу коргоп жатат. Кыргызстандык өспүрүм кыздар командасы экинчи орунду ээледи. Алар жарым финалда ливандыктарды утуп, финалда ирандык кыздарга жеңилип, күмүш байгелүү болду.

Учурда кыргызстандык кыздар 5 байге утуп алышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Кыздар командасынын курамында Жамиля Кайыпбекова, Ванесса Таалайбек кызы жана Канышай Балкыбекова чыгыш өнөрүндө чеберчилигин көрсөттү. Кумите ыкмасында 54 кило салмакта Канышай Балкыбекова коло байгелүү болду.

Жеке таймашта Жамиля Кайыпбекова экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле Азия биринчилигинин өспүрүмдөр арасындагы таймашта кыргызстандык Ванесса Таалайбек кызы жана Эрбол Жумалиев коло байгелүү болду. Азия чемпионаты 7-декабрда жыйынтыкталат.

Бакудагы балбандар таймашы

6-декабрда Баку шаарында оор атлетика боюнча Гран-при эл аралык турнири башталды. Мында өлкө намысын 4 спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов маалымдады.

Азербайжанда өтүп жаткан турнирге эки жигит, эки кыз балбан катышууда. Алар Тимур Бекнур уулу, Улан Жакишев, кыздардан Жаңыл Океева жана Аделя Баизова багын сыноодо.

Футболчу кыздар Жапонияга барат

Кыргызстандык 2 футболчу кыз жана машыктыруучу Жапонияга 10 күнгө тажрыйба алмашуу үчүн барат. Бул тууралуу "Азаттыкка” Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

Кыргызстандык спортчу кыздар Жапониянын Футбол ассоциациясынын расмий чакырыгын алышкан. 10 күн аралыгында алар Фукусимадагы футбол академиясында машыгып, чеберчилигин жогорулатат.

Жапонияга Кыргызстандын аялдар чемпионатынын мыкты оюнчулары Айдана Оторбаева жана Рамина Цой, ошондой эле жаныдан чыгып келаткан машыктыруучу Светлана Покачалова барат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG