Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Спортко кызыккан жаштардын саны өстү


14-мартта Бишкекте быйылкы жылдын Универсиада оюндары уланып жатат. Мында өлкөдөгү 36 жогорку окуу жайдын командалары мөрөй талашууда.

13-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда быйылкы жылдын Универсиада оюндарынын ачылыш салтанаты болду. Анда өлкөнүн илим жана билим министри Канат Садыков былтыр Казан шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарында кыргызстандык студенттер 2 алтын, 2 күмүш, 8 коло медал утуп, 162 өлкөдөн 26-орунга жеткенин, кийинки учурда спортко кызыгуу күч алганын белгиледи.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орун басары Болот Мотукеев өлкөнүн тандалма командаларынын 70-80 пайызын студент спортчулар түзөрүн айтып, 7 жылдан бери биринчиликти Кыргыз техникалык университети ээлеп келатканын белгиледи. "Жаштык" ден соолук, спорт борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаев да универсиаданын катышуучуларына ийгилик каалап, студенттер спорт менен достошуп, ден соолугун чыңдоого да дилгир болуусу керектигин билдирди.

Быйылкы универсиаданын өзгөчөлүгү жогорку окуу жайлардын деңгээлине жараша үч топко лига деп бөлүндү. Жогорку жана биринчи лигада ар биринде сегизден жогорку окуу жайдын командалары спорттун 19 түрү боюнча мөрөй талашууда. Ал эми экинчи лигада 18 окуу жайдын командасы спорттун 8 түрү боюнча күч сынашууда. Мында президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын командасы топ баштап келүүдө. Экинчи орунда Ысык-Көл мамлекеттик университети, үчүнчү катарда "Ала-Тоо - Ататүрк" эл аралык университети келатат. Жогорку жана биринчи лиганын мелдештери курч мүнөздө өтүүдө.

- Жылдан жылга студенттердин спортко кызыгуусу жогорулап баратат. Быйыл да биз, Кыргыз техникалык университети, баш байгени утуп алууга аракет кылабыз, - деди «Азаттыкка» эркин күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиону, дүйнөлүк универсиаданын коло байге ээси Айсулуу Тыныбекова.

Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, үч лиганы түзгөндөн бери атаандаштык күчөп, спорттун айрым түрүнөн облустардагы жогорку окуу жайлар жеңүүчү да болууда.

- Студенттерге жакшы шарт түзүлсө, алар эл аралык мелдештерде өлкөнү дүйнөгө таанытат эле,- деди "Азаттыкка" былтыр Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Нурбек Аканов.

Учурда Универсиаданын баскетбол, волейбол, футбол, тогуз коргоол, эркин жана грек-рим күрөштөрү, ордо, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика жана сууда сүзүү таймаштары уланып жатат.

Чынында жаштардын ден соолугун чыңдоодо, сергек жашоо ыңгайын түзүүдө Универсиада мелдештеринин мааниси зор.

21-фералда башталган Универсиада оюндары Бишкек шаарынын спорттук базаларында өтүүдө. Анын жабылуу аземи 17-апрелде Дене тарбия жана спорт академиясында өтүп, оюн жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG