Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстандын атаандаштары аныктала элек


Кыргызстан менен Макао курамаларынын беттеши. Бишкек, март, 2013.
Кыргызстан менен Макао курамаларынын беттеши. Бишкек, март, 2013.

Футболдон “Азия чакырык кубогунун финалдык оюндарынын бардык атаандаштары анык болду.

26-мартта Филиппин өлкөсүндө футболдон Азия чакырык кубогу үчүн мыктыларды тандоо мелдештери соңуна чыкты. Манила шаарында өткөн “Е” тобундагы командалардан Түркмөнстан менен Филиппин өлкөсүнүн упайлары бирдей болуп, жеңүүчүнү аныктоо үчүн дагы бир беттешүү болду. Мында талаа ээлери 1:0 эсебинде түркмөндөрдү жеңип, Азия чакырык кубогунун финалына жолун ачты.

Ошентип 2014-жылы Мальдив аралдарында өтө турган Азия чакырык кубогунда финалдык оюндарга катыша турган 8 команда анык болду.

Алар төмөнкү командалар: “А” тобунун жеңүүчүсү - Мьянманын, “В” тобунда биринчи орунга чыккан Кыргызстандын, “Д” тобунун лидери Палестинанын, “С” тобунан утушка ээ болгон Ооганистандын жана “Е” тобунда жеңишке жеткен Филиппин өлкөсүнүн тандалма командалары баш байге үчүн таймашат.

Буларга талаа ээси катары Мальдив аралдарынын командасы кошулду.
Мындан сырткары мыкты оюн көрсөтүп, адистердин көңүлүн буруп, айырмалаган Бангладеш жана Түркмөнстандын футболчулары да Азия чакырык кубогунун финалдык оюндарына катышмак болду.

8 команда төрттөн эки топко бөлүнүп ойноп, мыктылары иргелип, баш байге үчүн атаандашат:

- Биз үчүн бул командалардын баары табышмак. Мурда алар менен ойногон эмеспиз. Ошондуктан мыкты даярдык көрүш керек. Азия чакырык кубогунун жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алат, -дейт футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев.

“Дордой” футбол клубунун вице-президенти, дзю-до федерациясынын жетекчиси Ырысбек Мааткабыловдун пикиринде, жакшылап даярдык көрсө, Кыргызстан баш байгеге талапкердин бири болушу мүмкүн.

Ал эми футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов кыргызстандыктар Бишкектеги мелдештерде ойногондой ойносо, байгелүү орунга үмүт кылбай эле койсо болоорун айтып, команданын даярдыгы чийки, эл аралык мелдештерде көп ойнобогону байкалып калууда дейт.

Кыргызстандын тандалма командасынын жана “Дордой" клубунун капитаны Руслан Сыдыков болсо буларды айтты:

- Мыкты даярдык көрүп, Азия чакырык кубогун утушубуз керек. Мында Палестина менен Түркмөнстандын командалары негизги атаандаш болот ,-деди.

Өткөн жумада Бишкектеги мыктыларды тандоо мелдешине Кыргызстан, Пакистан, Макао жана Тажикстан мамлекеттердин тандалма командалары катышты. Мында кыргызстандык футболчулар үч атаандашын тең 1:0 эсебинде жеңип, финалдык оюндарга жолдомо алды.

Бул үч оюндагы 3 голдун автору, “кара кыргыз” атыккан “Дордой” футбол клубунун чабуулчусу Дэвид Тетте болуп, кадыр-баркы дагы көтөрүлдү.

Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу 2006-жылдан бери футбол көп өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Бул кубокко ээ болгон команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугуна ээ болот.

Финалдык оюндар 2014-жылы Мальдив аралдарында өткөрүлөт. Бирок азырынча кайсы айда болоору, эки топтогу атаанташтар кимдер экенин аныктала элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG