Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:13

Эгемен өлкөдө олимпиаданын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдой Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк чыга элек. Анын себеби эмнеде?

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, өлкөдө Сатымкул Жуманазаровдай марафончуларды тарбиялап, таптоочу устаттар жокко эсе:

- Эгемен өлкө болгону көп спорт мектептери, коомдор жоюлуп кетип, жеңил атлетикага көңүл бурулбай калган. Бизде мыкты адистер азыр да бар. Алардын тажрыйбасын пайдалануу менен учурдагы спорттун жаңы жетишкендиктерин да өздөштүрүү зарыл.

Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге спортчуларды көп жиберип, такшалтып, чеберчилигин жогорулатып туруу керек. Мыкты жөө күлүктөр көп болсо, алардын жолун улантуучулар да арбын болот. Ысык-Көлдө жайы-кышы машыгуу ыңгайлуу, мыкты натыйжасын бермек.


Кыргызстандын cтуденттер спорт федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун айтымында, Сатымкул Жуманазаров Москвадагы олимпиадалык оюндарда марага биринчи келүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби ал ошол совет доорундагы машыктыруучулардын тоскоолдугуна учураган.

- Сатымкулга өнөктөшү Леонид Моисеевди сүрөөнгө алуу, ага жардам берүү, суу ташып, терин сүртүү, шыктандыруу тапшырмасы берилген. Алдыга далай жөө күлүктөр озуп, Леонид Моисеев жүгүрө албай, жедеп баспай калганда гана Сатымкул өз алдынча чуркоого аргасыз болгон. Ошондо да 42 км. 195 метр аралыктагы марафондук жарышта бир нече атаандаштарынан алдыга озуп, Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келген.

Элеттик спорт өнүкпөй турат

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов чемпиондор айылдан чыгарын айтып, элеттик спортко көңүл буруунун зарылдыгын белгилеп, Сатымкул Жуманазаровдой мээнеткеч жаштар аздыгына кейиди.

- Айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруу керек, алардан Кыргызстанды дүйнөгө таанытчу чемпиондор чыгат. Каныбек Осмоналиевдин, Сатымкул Жуманазаровдун, Вера Корсакованын, Айып Исаковдун жана башка мыкты спортчулардын тагдыры буга далил. Сатымкул табына келип турган учурда советтик жетекчилер басынтып, Мексикадагы олимпиадага атайын жибербей, тоскоолдук кылышкан. Ага эч көңүл бурбай коюшкан. Акыры чындык ачыкка чыгышы керек.

Маркум Сатымкул Жуманазаровдун жесири Сүйүн Жуманазарованын айтымында, ага көзү тирүүсүндө спорт жетекчилери көңүл бурбай, анын бай тажрыйбасын жаштарга жеткирүүгө шарт түзгөн эмес.

Сүйүн Жуманазарова Сатымкул агайдан 3 уул, 2 кыз калганын, уулдары Руслан менен Каныбек спортко ынак болгонун, эгиз небере кыздары спортко шыктуу экенин “Азаттыкка” айтып берди.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун айтымында, айылда таланттуу жөө күлүк балдар арбын. Райондук, облустук мелдештер өткөрүлбөгөндүктөн элеттик балдарга көңүл бурулбай келет.

- Ошондуктан өлкөдө жеңил атлетиканы жандандырууга аракетти айылдан баштоо зарыл. Айылдык жаштарга көңүл бурулуп, ушундай эл аралык мелдештерге чакырылып турса, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаровдой, Айып Исаковдой, Анатай Ибраевдей, Мария Күлчүновадай мыкты спортчулар айылдан гана чыгышы ыктымал. Учурдагы жеңил атлетика мелдештерине катышкан эки жүздөн ашуун спортчунун 20-25и гана жергиликтүү улуттун өспүрүмдөрү болгону өкүнүчтүү.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, Кыргызстандын жаратылыш шарты жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу болгону жаштар бул спортко анча маани бербей жатышат.

Спорттун башаты

Чынында жеңил атлетика байыркы спорттун башаты делет. Аты жеңил деп айтылганы менен түмөн түйшүгү, машакаты көп. Бир сөз менен жеңил атлетика деп жалпы аталганы менен анын курамында спорттун көп түрү бар. Бул дүйнөдө эң кеңири тараган, өтө популярдуу спорт. Ага түрдүү аралыктарга чуркоо, спорттук жорголоп басуу, узундукка, бийиктикке секирүү, спорт жабдыктарын (диска, найза, граната) ыргытуу жана башка спорттун көп түрлөрүнөн мелдештер кирет.

Азыркы учурдагы спорттук бөлүштүрүүдө жеңил атлетикалык көнүгүүлөрдүн 60тан ашуун түрү бар. Олимпиадалык оюндардын программасында анын эркектер үчүн 24 түрү, кыз-келиндер үчүн 14 түрү белгиленип, мөрөй талашуулар өткөрүлүп жүрөт.

Эгемен өлкөнүн жеңил атлетчилери 1996-жылдан баштап Атланта, Сидней, Афина, Бээжин шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарга да катышты. Бирок эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык бир да жеңил атлетчи дүйнө чемпионаттарында, Олимпиадалык оюндарда мөрөй ала элек.

Тирүү болсо Сатымкул Жуманазаров 60 жашка чыкмак... Аны эстеген бирөө да болгон жок

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган.

1979-жылы “СССР спортунун эл аралык чебери”, 1981-жылы “СССР спортунун эмгек сиңирген чебери” деген ардак наамдарга арзыган.

Ал 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» жана «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жаш жөө күлүктөргө тажрыйбасын бөлүшкөн.

1992-жылдан бери Тоң районунун Кажысай айылындагы спорт комплексинде башкы директор болуп иштеп келген.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан бери машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км. аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 км аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 11 минута 16 секунда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Жапония, Германия, Греция, Чили, Финляндияда өткөрүлгөн эл аралык Гран-при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен.

СССР - Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. Сатымкул Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн.

Спорттогу жетишкендиктери “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Даңк” медалы менен бааланган.

Кыргызстандагы белгилүү марафончу Назирдин Акылбеков баштаган жаштардын насаатчысы да болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG