Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Малика Касымова: Иззат ак сүтүмдү актады


Малика Касымова уулу менен
Малика Касымова уулу менен

Бразилиядагы Олимп оюндарында коло байге жеңген кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков жеңишти Мекенге жана Орусияда иштеп жүргөн энесине арнады. Чемпионду жалгыз тарбиялап өстүргөн Малика Касымова менен кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы баарлашты.

Малика Касымова Олимп оюндарында Кыргызстанга коло байгени жеңип берген уулу Иззатты эки жылдан бери көрө элек. Уул-кызын багуу үчүн эне он жылдан ашуун убакыттан бери Орусияда иштеп келет. Учурда Екатеринбург шаарында ашпозчу болуп иштеген Малика кубанычынан жашып отурган чагы.

- Кичинесинен эле спортко кызыкты. Анан 2-класста окуп жүргөндө жетелеп барып штангага бердим. Баламан үмүтүм чоң эле.

Машыктыруучусу Үсөн агай (Үсөнкан Майназаров - ред.) дагы “балаң тырышчаак, бир нерсе чыгат” деп ишендирген. Мен өзүм уул-кызымды жалгыз бой баккан энемин.

Кыргызстанга бара элегиме беш жыл болду. Уулумду эки жыл мурун көргөм. Мен бул жакта иштеп жүргөнүмдө таята-таякелеринин колунда тарбияланды.

Иззатты спортко алып келген да, анан уулу спортту таштап, Орусияда иштейин дегенде аны токтоткон да апасы болгон.

- Чоңоюп калганында “апа, мен иштейин, сизге жардам берейин” деди, мен макул болбодум. Азыр бул жакта кызым экөөбүз иштейбиз. “Сен штанганы таштабайсың, балам, сенден үмүтүм чоң” дегем. Бразилияда жеңишин укканда аябай кубанып, өзүмдү коёрго жер таппай, кубанганымдан ыйлап да алдым. Уулум өзү чалып, сүйүнчүлөдү. Мен сезгем, биринчини албаса да экинчини, же үчүнчүнү алат дегем.

Балбандын энеси уулун спортчу катары тарбиялап өстүргөн Үсөнкан Майназаровго баш ийип, ыраазычылыгын жолдойт.

​- Уулума ыраазымын. Ак сүтүмдү актады! Дагы ийгиликтер болсун! Машыктыруучусу Үсөн агайга ыраазымын. Баламды тарбиялап, машыктырып, чоң спортко даярдап, бутуна тургузушту! Уулум жаңы эле үйлөнгөн, жакында балалуу болот. Келин балам менен бактылуу болушсун! Башка эмне деп айтам?! Мен ыраазымын.

Так ушул маалда Екатеринбургдагы ашканалардын биринде иштеп жүргөн балбандын энеси Малика түштөнүүгө кардарлар келип калганын, иш маалында ашыкча телефон менен сүйлөшүүгө уруксат жоктугун айтып биз менен коштошту.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG