Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

“Чоң муштумдары” жок кандай чоң саясатчы?


"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок.

"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок.

Кыргызстанда спорт чөйрөсүн саясий максаттар үчүн колдонуу аракеттери күч алды.

Саясатка аралашкан ири ишкерлер спорт залдарды ачкан, демөөрчүлүк кылган жана шайлоо өнөктүгү сыяктуу башка бир саясий акцияларда спортчуларды өздөрүнүн атаандаштарына каршы колдонуу аракеттери кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы коомчулуктун тынчын алууда.

Кыргызстанда биринен сала бири ачылып жаткан спорт залдарынын так саны эч кимге белгисиз. Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Ошто кылмыш топторуна таандык жашыруун ачылган спорт клубдары тууралуу маалыматтар бар экенин шардана кылды.

Тирешкен күчтөрдүн “тиреги”

Кыргызстанда саясатташкан ири ишкерлер арбын. Бул жагдай бирөөлөр үчүн кызматын сактап калууга өбөлгө түзсө, айрымдарынын саясий айдыңга киришине түрткү болууда. Кыргызстандагы жалпы элдин атына жамынган митинг-пикеттерди жана шайлоолорду өткөрүүдө мына ошол “барометр” алдыңкы орунга чыкканы жашыруун болбой калды.

Саясат таануучу Руслан Ташанов спорт чөйрөсүн саясий максаттар үчүн курал катары колдонуудагы негизги усулдарга мындайча токтолду:

- Мисалы, ошол саясатчы - демөөрчүлөр спортчу балдарды шайлоо участокторуна жөнөтүшөт. Алар участкалардын алдында атайылап тыгын уюштуруп, шайлоочулар тобун иргегенге көмөк көрсөтүшөт. Өздөрүнө тиешеси жок шайлоочулар тобун участкаларга киргизбөө, атаандаш партиялардын же талапкерлердин байкоочуларын коркутуп-үркүтүү, участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө басым көрсөтүү иштери менен шугулданууга даярдалган. Шайлоо участокторунда үстөмдүк абалга жетишүү менен алдын ала берилген бюллетендерди урналарга таштап туруп чыга беришет. Мына ушундай жол менен добуштарды камсыздоо кадимки өнөкөткө айланып калды.

Спорт залдарын ачуу аркылуу өз таламдаштарын күчтөндүрүү жагынан өзгөчөлөнгөн күчтөр айрыкча Ош шаарында көбүрөөк байкалат. Анткени Ошто Бишкектен айырмаланып, бири-бирине атаандашкан же тымызын каршылашкан үч негизги “борбор” тирешип турат.

Талдоочулар бул негизги үч күчтү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун тобуна, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун тобуна жана Ошто таасирдүү саясатчы катары таанылган депутаттар Ахматбек Келдибеков менен Алтынбек Сулаймановдун тобуна бөлүштүрүшөт. Мына ошондуктан Ошто ачылган спорт залдарынын көпчүлүгү мына ушул инсандардын ысымы менен байланыштуу.

Бирок талдоочу Руслан Ташанов соңку мезгилде Оштогу спорт чөйрөсүн өзүнө тартууда бийлик партиясы алдыга озуп чыкканын белгиледи:

- Мына ошол саясат жасайм дегендер спорт залдарын өздөрү ачып берип, шарттарын түзүп, мына ошол спорт клубдарына кара күч менен тирөөч боло турган спортчулардын кылмыш иштерин жаап, аларды жоопкерчиликтен куткарышат. Мына ушундай жол менен карыз кылып алгандан кийин аларды каалагандай пайдаланышат. Мына ошол спортчулардын анабашыларын партиялык тизме менен депутаттык мандат менен камсыздашат. Азыр бийлик партиясы саналган социал-демократтар да мына ушул жагдайга көңүл буруп, спорт чөйрөсүнүн ресурстарын өзүнө топтой баштады. Ал эми Мырзакматовдун партиясы буга окшогон иштерди мурдатан эле мыкты өздөштүргөн. “Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары дагы эң чоң спорттук ресурстарга ээ болушту. Азыр саясатка кирип, бирок чоң карылуу жигиттериң жок болсо сени менен эч ким эсептешпей калган.

Оштун Батыш кичи районунда спортчулар “Жаш күч” спорт залында машыгат. Бул спорт клубу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов менен байланыштуу. Мындан башка “Эрбол”, “Кыргыз чек” жана башка аты коюлбаган бир катар спорт залдарына “Алтын темир” ишканасын жетектеген Сулаймановдун жакындары ээлик кылаары айтылып жүрөт. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулаймановдун өзүнөн маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

“Ош-Азия” спорт клубун ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов каржылай турганы коомчулукка белгилүү. Анын башка бир машыгуу залдарын колдоону “Эркечтам” бажы өткөрмөсүнүн башчысы, эрежесиз эр уруш боюнча чемпион Зафар Айдаров колго алган.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун “Мухаммед-Умар” аттуу чоң спорт клубу бар. Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаковго караштуу бул спорт клубдары бийликтин каршылаштарына сүр көрсөтүү үчүн даярдалганы айтылып жүрөт.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызыкчылыгын коргогон эки спорт клубу бар. Алар - “Таймаш” спорт клубу менен Оштогу мушкерлер мектеби.

Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Таймаш” спорт клубунун уюштуруучусу Шайлообек Атазов жалпы элдин талабы болсо шаар мэринин саясий кызыкчылыгын коргоого даяр экенин жашырган жок:

- Биздин спорт клуб спорттун олимпиадалык түрү - бокс боюнча спортчуларды даярдагандыктан саясий курал катары бир адамдын туусунун алдында турбайбыз. Биз спортту өнүктүрүп, намысты колдон коё бербестен жалпы элдин кызыкчылыгын бийик көтөрөбүз. Кийинки кезде модага айланган жанагы жер төлөлөрдө балдарды машыктырып, анан бирөөлөрдү “чабуу” үчүн даярдалган спорт залдарынан эмеспиз. Бирок шаарга кандайдыр бир коркунуч келе турган болсо, алдыга чыгууга даярбыз. Ошондой эле шаар мэри Мелис Мырзакматовдун саясий тагдырына байланыштуу маселе чыгып, алпы эл аны коргоону талап кылса, биз шаардагы спорт клубу катары аны коргоп чыгууга милдеттүүбүз.



Жабык спорт залдары – уюшма топтордун уясыбы?

Мындан сырткары Ош шаарынын чок ортосунда “Алыш” спорт клубунун имараты жайгашкан. Бул имарат кезинде маркум депутат Баяман Эркинбаевдин демилгеси менен курулган. Бирок ал имарат кийинчерээк “Алыш” федерациясынын президенттигине келген Алманбет Анапияевдин кароосуна өткөндүгү боюнча маалыматтар бар. 2010-жылдан кийин уюшма топтун өкүлү катары Анапияевге издөө жарыяланып, ал өлкөдөн чыгып кеткен соң, аталган спорт клубу маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын карамагында калган.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жабык спорт залдарына тартып, ал жактан уюшма топтор даярдала турганы боюнча тастыкталбаган маалыматтар бар.

Ички иштер министрлигинин түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов уюшма топтордун жашыруун ачылган спорт залдары иликтенип жатканын белгиледи:

- Көпчүлүк спорт клубдар уюшкан кылмыш топторуна аралашып же алардын социалдык базасын түзүүчү факторго айланып калган жагдай бар. Бул эми ар бир машыктыруучунун же мына ошол спорт залдарын ачкан саясатчы-демөөрчүлөрдүн абийириндеги иш. Бизде уюшкан кылмыштуу топтор шаарда жашыруун спорт залдарын ачып алышып, өздөрүнүн мүчөлөрүн жана таламдаштарын ошол жерден даярдайт деген маалыматтар бар. Мына ошондуктан биз мына ушундай жагдайды иликтеп чыгып, андай аракеттердин тамырын кыркуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Ош шаарында жеке менчик каражатка курулган спорт залдары атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, расмий каттоого алына элек. Алардан машыгуудан өтүп жаткан спортчулар жана алардын машыктыруучулары тууралуу маалыматтар да анчейин ачык таратыла бербейт. Адатта спорт залдарын ачкан демөөрчүлөрдүн ысымы ачык айтылбаганы менен алар тууралуу тиешелүү спорт клубдун ишенимден өткөн спортчуларынын гана маалыматы бар.

Ош шаардык спорт жана дене тарбия комитетинин төрага орун басары Заир Тагаев спорт клубун ачууну көздөгөндөрдүн саясий максаттарын аныктоо татаал маселе экенине токтолду:

- Спорт залдарын ачабыз деп келген мына ошол демөөрчүлөр башында спортту көтөрөлү деген аруу тилек, ак максаттарын айтып келишет. Биз андай сунуштардан баш тарта албайбыз. Себеби башында алардын чыныгы максаттары кандай экенин эч ким билбейт да. Бирок биз атайын эреженин негизинде спорт залдарын ар бир үч айда бирден текшерип турабыз. Анан спорт залдарынан сырткары алар кандай саясий иштер менен алектенип жатканына биз кийлигише албайбыз.

Спорт чөйрөсүн саясий курал катары колдонууга байланышкан бул жагдай Оштогу спорт клубдарынын мисалында гана алынды. Мына ушуга окшогон саясий мүнөздөгү спорт клубдар Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Бишкекте, Таласта, Балыкчыда, Кара-Балтада жана Чолпон-Атада кеңири тармактанганы тууралуу маалыматтар бар. Аларды бийликчил жана оппозиячыл болуп эки лагерге бөлүнгөн саясатчылар жана ири ишкерлер каржылай турганы айтылып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG