Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аймакта өз өмүрүнө кол салуу фактылары көбөйгөнүн маалымады.

Бул көрүнүштүн чоо-жайы тууралуу Психикалык ден соолук боюнча республикалык борбордун жетекчиси Абжалалбек Бекматов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Мына Ош шаарында өз өмүрүнө кол салуу фактылары акыркы эки айда эки эсе көбөйгөнү айтылды. Айтсаңыз, бул тууралуу сиздин борбордо кандай маалыматтар бар?

Абжалалбек Бекматов: Ош шаарында ушундай өзүнө-өзү кол салуу көбөйгөнүнүн негизи бар. Биздин борбордо республика боюнча булардын бардыгын окумуштуулар менен анализдеп, иликтеп жатабыз. Мына былтыртадан бери кафедра жетекчилери, атайын бөлүмдөр тарабынан ушундай иликтөөлөр болуп, ушундай жагдайлардын көбөйгөнү байкалат. Бирок өзүнө-өзү кол салуу фактылары боюнча өлгөндөн кийин ички иштер министрлигине кайрылышат да. Ошондуктан өлгөндөрдүн статистикасы бизде так болбой калат.

Бизде жанагы өмүрүнө кол салууга аракет кылгандар, уулангандар же болбосо, өзүн-өзү асып өлбөй калгандар, медициналык жардамга дуушар болгондордун саны бар. Булардын эң негизги себептери эл арасында болгон стресс болуп саналат. Андан башка невроз оорусуна, анын негизинде депрессияга чалдыгып, өз өмүрүнө кол салгандар көп.

“Азаттык”: Акыркы мезгилде өз өмүрүнө кол салуулардын көбөйүшүнө былтыркы июнь окуялары себеп болду деп айтылып жатат. Мындай пикир канчалык жөндүү?

Абжалалбек Бекматов: Негизинен мен бул пикирге кошулам. Себеби, былтыр болгон апрель жана июнь окуясы элдин бардыгына таасирин тийгизип, стресске алып келбедиби. Мындан улам көбү депрессия ооруларына чалдыгышты. Көп эле кишилер, жетекчилер баш болуп милиция, медицина кызматкерлери, карапайым адамдарды айтпаганда деле жабыркагандардын бардыгы психологиялык жардамга муктаж болушпадыбы.

Элдин психологиялык жардамга муктаж болгону акыркы айларда, кийинки жылдарда билинет. Бул нерсе дароо эле билинбестен, көпкө созулуп кетет. Стресс деген бир жыл, эки жылга созулушу мүмкүн. Ошонун таасири ушул убакытка чейин келе жатат. Натыйжада анын кесепети азыр да бар деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Сиздер буга чейин июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абадда психологдор иш алып барып жатат дедиңиздер эле. Өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын көбөйгөнүн эске алсак, эмне үчүн түштүк аймактагы психологиялык борборлордун аракети натыйжа бербей жатат?

Абжалалбек Бекматов: Былтыркы июнь окуясынан кийин эле бардык адистер, психотерапевттер, психологдор колунан келген аракеттерди кылышты. Бирок өзгөчө кырдаалдар жабыркагандарга психологиялык тез жардам берүү боюнча даярдыгыбыз жок экендиги билинди.

Саламаттыкты сактоо системасында, биздин системабызда ушундай чукул абалда тез жардам берүү, ошолорго психологиялык жардам берүү кечиктирилди. Ошого карабастан Ошто 40-50 чакты адис иштешти. Бул анча көп натыйжа бере албады. Себеби, жанагы стигмага, уялганына, жардам сурап кайрылбаганына байланыштуу көп кишилерге жардам бере алышпады.

Ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин 12 570 кишиге психологиялык жардам берилген. Бул көрсөткүч өтө аз болуп саналат. Ошонун ичинен бир жарым миңден эки миңге чейин жаш өспүрүмдөргө ар түрдүү жардамдар берилди. Бул деле июнь коогалаңынын мынчалык таасирин эске алсак аздык кылат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG