Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Баткен: Кыргыз-тажик чегинде дагы жол жабылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы тополоң учурдан, Баткен, 28-апрель, 2013. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Кыргыз-тажик чек арасындагы тополоң учурдан, Баткен, 28-апрель, 2013. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Буга кыргыз чек арачысын тажик жараны машинеси менен сүзүп, бир топ жерге чейин сүйрөп кетиши себеп болду.

12-июнда кечке жуук Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх айылынын чегинде турган кыргыз чек арачысы Тажикстанга таандык автоунааны токтотуп, мыйзам чегинде текшерүүгө алмакчы болот. Бирок айдоочу токтобой чек арачыны сүзүп, бир канча жерге сүйрөп кеткен. Жапа чеккен чек арачы азыр облустук ооруканада, абалы канааттандырарлык.

Бул окуяга жаалданган Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарынын тургундары ошол эле күнү кечинде Тажикстандын Чорку айылын Шороп шаары менен байланыштырган жолду бууп салды. Бул жол Баткендин Паскы-Арык, Самаркандек айылдарын аралап өтөт.

Андан кийин эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, кыргыз тарап тажик кесиптештеринен окуяга күнөөлүүнү аныктап, жазага тартууну талап кылган. Тажик тарап көп өтпөй кыргыз чек арачысын сүзгөн жараны кармалганын билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул окуя боюнча иликтөө иштери аяктамайынча Чорку – Паскы-Арык – Шороп жолу ачылбастыгын айтса, тажик тарап материалдык чыгым төлөнүп, күнөөлүү адам жоопко тартылаарына ишендирип жатканы кабарланды.

(Бирок азыр жабылып турган Чорку - Шороп жолу бул эки пунктту байланыштырган бирден-бир жол эмес. Чоркулуктар Шоропко Исфара шаары аркылуу айланып каттай алышат. Шороп (Шураб) Тажикстандын түндүгүндөгү мурдагы кенчилердин шаары. Таш-Көмүрдүн эсебинен бир кезде дүркүрөп турган бул шаар союз бузулганы кароосуз калып, элдин көбү көчүп кеткен. Жергиликтүү бийликтер акыркы жылдарда ошол аңгырап бош калган кабат үйлөргө калкы жыш Чорку айылынан элди көчүрүп баштаган).

Бул аймакта үч күн мурда да кошуна кыргыз-тажик айылдарынын ортосунда чыр чыккан эле. Буга тажик жарандары Кыргызстанга тиешелүү делген аймакты өздөштүрүүгө аракет жасашы себеп болгон. Ошол күндөн бери аймакта күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Раимберди Дүйшөмбиев тажик кесиптештери менен бул окуя боюнча сүйлөшүү болгонун билдирди:

- Тажик тарап мурда макулдашылган келишимдерди аткарбай койгону бул окуяга себеп болду. Чек арадагы такталбаган жерлерге тийбей туруу боюнча эки тарап бардык деңгээлде макулдашкан болчу. Тилекке каршы кошуналар аны бузушту. Эми минтип Самаркандек участкасындагы биздин чек арачыбызды тажик жараны автоунаасы менен койдуруп кетти. Жабыркаган жоокердин абалы азыр канааттандырарлык.

Жергиликтүү тургундар болсо чек арага байланышкан чыр-чатактардын көбөйүшүн мындай жаңжалдарды уюштургандар, же ага себеп болгондор жоопкерчиликке тартылбай калып жатышынан көрөт.

Ишине байланыштуу эл арасында көп жүргөн баткендик журналист Уланбек Маккамбаев да ушундай ойдо:

- Чек арадагы жаңжалдардын токтобой жатышына ошол жаңжалды уюштургандар жоопкерчиликке тартылбай, жазасыз калганы себеп болууда. 27-апрелден бери канча тирешүүлөр болду, Тажикстандын жарандары көз көрүнө мыйзам бузушса да эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, ээн-эркин жүргөнүн кошуна кыргыз айылдарынын эли көрүп-билип турат да. Муну ошол айылдардын эли өздөрү айтууда. Анан кантип жаңжал токтойт. Бир жолу эки элдин ортосуна бүлүк салган киши эч кандай жоопкерчиликсиз кала берсе, демек боло берет экен деп дагы жасай берет да андай аракетин.

Чек ара кызматынын төрага орунбасары Райымберди Дүйшөмбиев болсо мындай пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, тийиштүү кызматтар аракетин жандантып, чек араны катуу кайтарууга алышы кимдир бирөөлөргө жакпай калышынан тирешүүлөр чыгып кетүүдө:

- Мыйзам бузган жарандар биз тараптан болсо жазага тартылып, тиешелүү жумуштар жүрүп жатат. Тажикстандан болсо, алар да бизге айтып жатышат, сөзсүз жоопкерчиликке тартылып жатат деп. Анан чыр-чатактардын чыгышына дагы бир себеп - мисалы биз, чек арачылар, жергиликтүү бийлик, ИИМ чек арада бир нерсе болсо өз убагында тиешелүү чараларды көрүп жатабыз да. Ошондон да чыр чыгып кетип жатат.

Апрель айынын аяк ченинен бери Баткенде кыргыз-тажик чек арасында бир топ тирешүүлөр катталган. Мындай абалдан чыгуу, чыр-чатактардын алдын алууда биргелешип аракеттенүү үчүн эки тараптын тиешелүү топтору бир нече жолу жолугушуп, макулдашууларга да кол коюп келатат. Бирок андан азырынча эч нерсе деле өзгөрбөгөндөй...

XS
SM
MD
LG