Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Баткендеги чек ара жаңжалы чыккан Ак-Сай айылындагы соңку кырдаал тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кеп салат.

“Азаттык”: Кечээ кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийинки кырдаал кандай, жолдор ачылдыбы? Абалды турукташтыруу үчүн кандай кошумча чаралар көрүлдү?

Асанов: Негизи Ак-Сай айылында Ворух анклавын айланып өтчү жол курулуп жатканда тажик жарандары кыргыз атуулдарын сабап койгондон кийин кырдаал өтө курчуп кеткен. Мен кечээ ички иштер министринин атайын буйругу менен келгем. Аймакка кошумча күч тартылган. Кечээ Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун биринчи орун басары баштаган топ менен жолугуштук.

Сүйлөшүүлөрдүн, түшүндүрүү иштеринин негизинде жол кечээ эле ачылган. Ошол окуя боюнча кылмыш каттоо китебине сегиз материал түшкөн. Үч кылмыш иш козголгон.

“Азаттык”: Кандай кошумча чараларды көрүп жатасыздар?

Асанов: Окуя болгон жерлерде элдик кошуундар менен биздин кызматкерлер жана чек арачылар күзөт кызматтарын түзүп алып көзөмөлдөп жатат. Биз эл менен бүгүн да жолугушууга барабыз. Тажик тартип коргоочулары жана жарандары менен да жолугушабыз. Бирок негизги маселе кечээ эле чечилген.

Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, талаш болуп жаткан аймактагы эл карта боюнча бул жерлер Кыргызстанга карайт, акча да бөлүнгөн, ошондуктан жолду баштап тезирээк салышыбыз керек деп атышат. Эгерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакын арада бул маселеге чекит коюлса мындай талаш-тартыштар болбойт.

“Азаттык”: Ошол жаңжалдагы чыгымдар такталдыбы? Сегиз адамга таш тийди, алардын үчөөнүн жараты оор деп айтылды эле.

Асанов: Беш адам Баткенде ооруканада жатат. Мен жогоруда айткан козголгон кылмыш иштер боюнча сөзсүз чара көрөбүз. Таш атып, мүлктү талкалагандарга катуу чара көрүш керек. Азыр делимитация, демаркация иштери жүрүп жатат. Ошол аяктаса ушундай көрүнүштөр болбойт эле.

“Азаттык”: Буга чейин чек аралаш аймактарда кошумча милиция бөлүмдөрүн ачуу тууралуу сөз болду эле. Ошол иштер эмне болду? Жакында эле премьер-министр Баткенге барганда жергиликтүү эл милициянын санын көбөйтүп берүүнү дагы сураныптыр.

Асанов: Бир гана Баткен эмес, Ош жана Жалал-Абад облусу боюнча да 15 милиция бөлүмү курулуп бүткөн. Бирок штат чечилип бериле элек. Эгер ал маселе чечилип, кошумча милиция бөлүмдөрү иштей баштасы өз натыйжасын бермек.

“Азаттык”: Сиз соңку учурда көрүнбөй кеттиңиз. Жыл башында Баткенде Чарбак жаңжалы чыкканда да барган жоксуз. Сиз дагы эле түштүк облустарын көзөмөлдөп жатасызбы?

Асанов: Жаңы жылдын алдында жаңы министр Шамил Атаханов, андан кийин Абдылда Суранчиев келгенден бери өзгөрүү болгон. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусуна башка куратор – ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалган. Мен Чүй менен Талас облустарына бөлүнгөм. Ошондой эле реформа маселелери да мага жүктөлгөн. Биз эми форма кийгенден кийин кайсы жакка бөлсө ошол жакта кызмат өтөйбүз.

“Азаттык”: Баткендеги Ак-Сай айылындагы окуянын алдын алса болот беле?

Асанов: Негизи бул жерде максат келип жолду ачыш эмес. Муну менен маселе толук чечилип калбайт. Чек ара толук такталгандан кийин гана мындай окуяларга чекит коюлат. Ошол жердеги жергиликтүү тургундар мындай жаңжалдардан улуттар ортосуна, эки мамлекеттин мамилесине доо кетип калышы мүмкүн деп айтып жатышат. Бул окуяларда бир Кудай гана сактады. Күч органдарынын өздүк курамы да талашты убагында басып, жакшы иштеди.

Негизи бул окуянын алдын алса болмок. Бирок бул жерде он метр, кээде бир метр өткөндө эле башка өлкөнүн территориясы болуп калган жерлер бар. Ошондуктан жаңжал күтпөгөн учурда тез арада тутанып кетет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG