Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Олимпиада: жеңүүчү жылдап тапталат


Иллюстрация
Иллюстрация

Мектеп окуучуларынын билим көрсөткүчтөрүн аныктаган республикалык олимпиадада Талас облусу экинчи орунду алды.

Таластын Бакай-Ата районундагы Ленин орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алым Кубанычбеков эки күн мурда жыйынтыкталган республикалык олимпиадада физика сабагынан 1-орунду алды. Анын бул ийгилиги менен жалпы мектеп жамааты сыймыктанып жаткан учур. Бирок Алым өтө деле сүйүнгөн жок. Себеби дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алуу максаты ишке ашпай калган экен:

- Олимпиада эки күн болду. Биринчисинде эсеп чыгардык, экинчисинде лабораторияда иштедик. Физика сабагы 7-класстан тарта окутула баштаганы менен, олимпиадага 9-класстан баштап барганга мүмкүнчүлүк алабыз. Ага эки жыл даярдануу аз болуп калат окшойт. Анткени «Сапат» сыяктуу гимназиялар 8-9-класстан эле даярдана баштайт экен. Анан булар бизден күчтүүрөк болуп калат. Ошентип алар эл аралык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жалпы рейтинг менен баллдарды санаганда мен дүйнөлүк олимпиадага барбай калдым.

Менчик мектептердин баасы жана билими

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Облустагы Усулдук билим берүү борборунун маалыматына ылайык, республикалык олимпиадага Таластан жалпысынан 35 окуучу катышып, анын 13ү 1-2-3-орундарга ээ болуп, жалпы жыйынтык менен алганда республика боюнча Талас экинчи орунду камсыздады.

Буга чейинки олимпиадаларда төмөнкү делген орундарга илешип келген Талас облусунун билим берүү деңгээлинин көрсөткүчүн жогорулаткандардын басымдуу бөлүгү «Сапат» билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары болду.

Орто мектептерден билим алган балдардын билим деңгээлинин дале төмөндүгүн облустагы шаардык-райондук биргелешкен билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев мындайча түшүндүрдү.

- Негизи бул - таланттуу балдардын олимпиадасы. Демек күндөлүк программадагы материалды өздөштүрүү менен жакшы көрсөткүчтү алуу мүмкүн эмес. Бул багытта мугалим күндө сапаттуу сабак өтүшү керек. Бул мугалимдин билим берүү деңгээлине көз каранды болот. Таланттуу балдарды күчтүү мугалим тарбиялайт.

Чынында эле кадрдын жетишсиздиги айрыкча элет жеринде көйгөйлүү маселелердин бири. Кароо-сынактар, олимпиада сыяктуу окуучунун билим деңгээлин текшерген учурларда, элеттик балдардын аксап жатканы боюнча төрт баланын апасы Элмира Сүйүтбекова мындай оюн ортого салды:

- Мисалы, айылда окуучулар талаа жумуштарына көп кетет. Программадан кала берет. Талап катуу эмес. Негизи эле айылдагы билим берүүгө көп басым жасаш керек. Мисалы, мектептерде ийримдер жок, кадрлар жетишсиз. Көпчүлүк мектептерде китептер жетишсиз. Жада калса Талас шаарынын чоң мектептеринде беш-алтыдан китеби жок балдар бар. Бала билим алуусу үчүн окуу куралдардын болуусу керек да. Айылда интернет маселеси да бар. Шаардагы балдар интернеттен көп маалымат алат. Ошон үчүн айылдагы билим берүүгө мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүүсү керек. Ошондо гана олимпиадаларда ийгиликке жетүүсү мүмкүн.

Таласта гана эмес, өлкө боюнча билим берүүнүн сапаты жогору эсептелген «Сапат» лицейинде 12 жылдан бери биологиядан сабак берген Өмүрбек Токтобаев олимпиадаларга даярдануудагы мекеменин шарттары менен бөлүштү.

- Биздин окуучуларыбыз лицейде жатып окугандыгынын чоң бир пайдасы бар. Мурда 7-класстан кабыл алсак, азыр башталгыч класстар ачылып, 5-6-класстан баштап 10-11-класста келе турган олимпиадаларга даярдай баштадык. Жөнөкөй мектептерде деле билимдүү, таланттуу балдар бар. Бирок эки жыл - олимпиададан орун алууга аз убакыт. Биз күнү-түнү дебей олимпиадага бара тургандар менен өзгөчө иштешебиз. Анан жөнөкөй мектептегилер кыргызча жана орусча китептер менен гана даярданышат. Кыргызстанда ушул тилдердеги жакшы маалымат берүүчү китептер жок. Биз «Оксфорд» сыяктуу окуу жайлардан келген үч-төрт томдук китептер менен даярдайбыз. Материалдык жактан камыздоо керек.

Анткен менен Таластагы агартуучулар мектеп окуучуларынын билим көрсөткүчтөрүн аныктаган республикалык олимпиадада тарыхта биринчи жолу экинчи орун алганына кубанып бүтө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG