Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:31

Талас: "Жаңы күчтөрдүн" курултайы үзгүлтүккө учурады


Бүгүн Таласта өтө турган "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун курултайы жергиликтүү калктын тоскоолдуктарынан улам болбой калды.

Талас шаардык стадиондо болоору белгиленген курултай үзгүлтүккө учурагандан кийин жыйынды уюштуруу боюнча демилгелүү топтун өкүлдөрү Эшим Кожоналиев жана Таалай Изатовду милиция кармап кетти. Алар көрсөтмө берген соң алардын иштери шаардык сотто каралмай болду. Сотко кирээр алдында кармалгандардын бири Таалай Изатов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мени милиция кызматкерлери сүйрөгөн бойдон алып кетти. Сөккөн жокмун, тилдеген жокмун. Бас деген жагына бастым. УВДга алып барышты, 1 саат отурдум, ГОВДда 3 саат отурдум. Эми азыр сотко алып келишти. Тартип бузгандардын бирин да кармаган жок. Ал эми тартип бузбаган мени милиция кармап кетти.

Бул иш боюнча милиция маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгиленген курултайга болжол менен 2 миңге чамалуу адам чогулган. Бирок айрым адамдар ал жерге келип, курултайчылардын кетишин талап кылып, уюмдун символикасы тартылган баш кийимдерди жана желектерди өрттөп салышты. Курултайга келгендерге таркатылган ондогон "Кереге" деген гезиттер да өрттөлүп, калганы стадиондогу сууга ыргытылды.

Жыйындын өтүшүнө каршылыгын билдиргендердин бири, Талас районунан келген Мелис Мырзабеков нааразычылыгын мындайча билдирип жатты:

- Эл кыйналап жатат. Ташиев менен Мадумаров бийликке 5-10 жыл убакыт берсин. Эгерде иштей албаса, ошондо айтсын. Бул деген бийлик талашуу, элди кыйноо.

Ал эми курултайды уюштуруп жаткан "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюму өзүн элдик кыймыл деп атаарын анын теңтөрагасы Кубат Токсобаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү курултайдын оппозициялык күчтөргө эч тиешеси жок.

- "Түнү бою атайын кызматтар, кээ бир партиялардын өкүлдөрү элди кыдырып, "эртең бул жакта Ташиев, Мадумаров жыйын өткөргөнү жатыптыр" деп үгүттөшүптүр. Чагымчылар оппозициянын гезиттерин таратып, элдин пикирин бурмалашты. Биз бул жерге эл менен кеңешип, бийликке сунуш, пикирлерибизди айтуу үчүн чогулмакпыз. Оппозиция менен эч кандай байланышыбыз жок. Биз аларга чейин эле, бир жыл мурда түзүлгөнбүз.

Апрель ыңкылабынын Таластагы активдүү катышуучусу Малик Тойгожоев курултайга катышканы келген. Бирок анын үзгүлтүккө учураганына нааразы:

- Ушул Бакиевдин режиминен да жаман болуп баратат. Ташиевби, Мадумаровбу, кимиси келсе да эл уксун. Аларды каалайбы, каалабайбы эл өздөрү чечмек.Чагым кылганы туура эмес болуп калды.

Ошентип алдын ала белгиленген курултай талаш-тартыштардан соң үзгүлтүккө учурады. Ал эми аны уюштуруу боюнча демилгечилердин иши сотто каралып жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG