Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Жеңиш күнүнүн алдында "Азаттыктын" кабарчысы айтылуу Чолпонбай Түлөбердиевдин айылында болуп, анын туугандары, айылдаштарына жолугуп кайткан.

Дон суусунун жээгинде фашисттик дзотко боюн таштаган кезде Чолпонбай Түлөбердиев 20 жашта болчу. Ал туулуп-өскөн Чымгент айылында Токон аттуу жакын тууганы жашайт. Ал 1967-жылы агасы эрдик көрсөткөн Орусиянын Воронеж облусундагы Сельявская кыштагына чейин барып келиптир:

- Өлгөн жеринде болуп куран окудук. Ал жердеги жергиликтүү калк бизди сыйлашат экен. Карып калган орус кемпирлер “биз анда жаш кыз элек, бизди немистер туткундаганда ушулар Дондон сүзүп өтүп, дзотту талкалап, бизди куткарды эле” деп ыйлашты. Дзот турган жерде чакан эстелиги, ал эми берки клубдун жанында чоң эстелиги бар экен. “Боордоштор мүрзөсү” деп койот экен, ал жерге көп кишилер коюлуптур.

Чолпонбай Түлөбердиевдин жакын тууганы

Чолпонбай Түлөбердиевдин жакын тууганы

Чолпонбай Түлөбердиев туулган айыл бүгүн анын ысымы менен терең сыймыктанат. Аталган айылдын Жеңижок атындагы орто мектебинин тарых мугалими Гүлмира Бейшеналиеванын айтымында, келечектеги муун баатырдын эрдиги унутулбашы үчүн мектепте дайыма атайын сабактар өткөрүлүп турат.

- Баатыр атабыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Анткени булар адамзатты кулчулуктан бошоткон адамдар да.

Гүлмира Бейшеналиева согуштун баатыры Калыйнур Үсөнбековдун Чолпонбайга арнаган ырын окуп берди:

Чолпонбай аттанып Таластан,
Дедиң го урпагынан Манастан.
Тосо берип төшүңдү Мекен үчүн,
Көргөздүң жеңилбестик эрдик күчүн.

Тешкенде жүрөгүңдү душман огу,
Дедиң го жанды берем элим үчүн.
Өтөт го күндөр айга айлар жылга,
Жылдары жылып жүрүп кылымдарга.
Бирок сен элиңдин эстеринде,
Кала бердиң кадимки жыйырма жашта.

Согуштан кийин Чолпонбайдын айылы атыккан мурдагы Чымгентте азыр анын мемориалдык музейи бар. Аны 1982-жылы жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Ашымбек Шыйкымбаев негиздеген экен.

Музейде баатырдын портрети илинип турат. Андан ары согуштук учак менен танк ортосунда колуна согушта жоокерлер көп колдогон ППШ куралын алып, дзотко кулап келе жаткандай туюлган Чолпонбайдын эстелиги заңкайып турат.

Музейдин ичинде анын өмүр баяны, өздүк документтери, кийим кечеси, айтор ага тиешелүү буюмдар сакталган экен.

Музейдин кызматкери бизге 1943-жылы 3-февралда Москвадагы борбордук радиодон Чолпонбай Түлөбердиевдин Советтер Союзунун баатыры болгондугун тастыктаган аудио үндү угузду.

Чолпонбайдын эрдиги 7 айдан кийин такталып, ошондон кийин Советтер Союзунун баатыры наамын алыптыр.

Музей Чолпонбайдын сүйүүсүн да баяндап турат. Музейде жоокердин Гүлнар аттуу белгисиз кызга жазган каты бар экен. Катта мындай деп жазылат:

“Кандайсың, сүйүктүүм Гүлнар? Согуш катуу жүрүп жатат. Душмандар менен тынбай салгылашып жатабыз. Акыркы күндөрү уйкудан да калып жүрөм. Сенин жазган каттарыңды алып жатам. Сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Айтсам, мен көптөн күткөн комсомолго да өттүм. Эми үчөө үчүн согушам. Сен, комсомол жана өзүм үчүн”.

Бул Чолпонбайдын майдандан жазган акыркы каты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG