Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды өзгөртүп, тендерлерди коомчулуктан жашыруун өткөрүү аракетин көрүп жатканы коомчулукту тынчсыздандырууда.

Министрлик сунуштаган долбоор кабыл алынса, айрым мамлекеттик ишканалар тендерлерди интернетке жарыялабай бүкөнөбара өткөрүүгө жол ачылат. Ишкерлер бул өзгөртүүлөр ансыз да жемкорлуктан арылбай келаткан мамлекеттик сатып алууларды жең ичинен жүргүзүүгө жол ачарын айтышууда.

“Азаттык” бул маселе боюнча экономист Искендер Шаршеевге суроо узатты.

“Азаттык”: Искендер мырза, Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды өзгөртүп, тендерлерди интернетке чыгарбай эле өткөрө турган мыйзамды сунуштап жатат. Бул мыйзам ишке кирсе кандай болот?

Шаршеев: Бул мыйзам сөзсүз коррупцияга алып келет. Анткени электрондук тендерлер жарыяланган учурда коомчулук, журналисттерде тендердин шартын текшерүүгө, көзөмөлдөөгө, суроого жооп алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгерде тендерлер ар кайсы булактарда чыга баштаса, бул мүмкүнчүлүк азаят. Ал эми тендерлер электрондук эмес, кагаз аркылуу өтө баштаса, кагаздар жоголуп, тендердин жыйынтыктарын жашырууга жол ачылат.

“Азаттык”: Анда эмне кылуу керек, азыркы электрондук тендерде деле мүчүлүштүк кетип жатканына күбө болуп жатпайбызбы?

Мамлекеттик сатып алуулар бир гана сайтта жүрүшү керек. Жарандар ошол сайттан чыкпай көзөмөл кылганы жакшы. Бул система башаламандыкка алып келет деп кепилдик бере алам.

Шаршеев: Электрондук тендерди дагы өрчүтүү керек. Акылбек Жапаров Каржы министрлигин жетектеп турганда электрондук сатып алуулар ошол бөлүмдөгү жаш балдар тарабынан иштелип чыккан. Алар жаңы алгоритмди сунуштап, долбоордогу сатып алуу процессине адамдын катышуусу мүмкүн эмес болчу. Бирок бул ыкманы толук ишке киргизүү үчүн бир топ жумуштар жасалышы керек эле. Ошол жумушту токтотпош керек болчу, бирок электрондук сатып алуу порталын түзүп атканда эле тендердик комиссия түзүлүшү керек деген шылтоо менен калтырып коюшкан. Натыйжада ушул багыттагы иштер аягына чыкпай калган.

“Азаттык”: Сунушталып жаткан мыйзамда мамлекеттик сатып алуулар бир гана бирдиктүү порталда эмес, башка дагы интернет сайттарга жайгашсын деп жатышат. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Тендерлер электрондук эмес, кагаз аркылуу өтө баштаса, кагаздар жоголуп, тендердин жыйынтыктарын жашырууга жол ачылат.

Шаршеев: Мисалы, бир адам тендердин катышуучусу болсо, ар башка сайтка тендердин шарттары жарыяланса, аны көзөмөлдөөгө оор болуп калат. Ошондуктан мамлекеттик сатып алуулар бир гана сайтта жүрүшү керек. Жарандар ошол сайттан чыкпай көзөмөл кылганы жакшы. Бул система башаламандыкка алып келет деп кепилдик бере алам.

“Азаттык”: Эмне үчүн анда мындай мыйзам сунушталып жатат деп ойлойсуз? Каржы министрлиги жаңыдан калыптанып келаткан системаны атайлап бузгусу келип жатабы?

Шаршеев: Бизге сырдуу ойлор азыркыга чейин ачыла элек. Бирок өнүгүү жолуна түшөбүз десек, электрондук тендерден кетпешибиз керек. Тескерисинче муну өнүктүрүп, кол телефондор аркылуу да тендерге катыша ала тургандай шарт түзүп, атайын тиркемелерди иштеп чыгуу керек. Эгерде ушундай өңдүү кадам жасалып жатса, коомчулук да мамлекеттик сатып алууну министрлик жаңы деңгээлге чыгарып жатат деп ыраазы болмок. Ал эми кагаз аркылуу сатып алуунун жүрүшү маалыматты ар кайсы жакка чачыратып, артка кадам таштайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG